Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 25 14.04.2022-ж.

18-08-2022
11:38

 

        25

 

 

VII ЧАКЫРЫЛЫШТЫН I СЕССИЯСЫ

2022-ЖЫЛ

 

 

 

2022-жылдын 14-апрели                                                               саат 10. 00

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган:                              Кыргыз Республикасынын                                                                           Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

 

Т.Т. Мамытов

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары Н.Ж. Бообеков.

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: Э.Р. Джусупов,
Ж.С. Кыдыкбаев, Т.А. Масабиров, К.К. Сулайманов, Д.Э. Толонов.

 

 

2022-жылдын 14-апрелиндеги жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселелер:

 

 

1. Ар кандай;

 

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын
4-мартындагы №127 токтом), “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жана соттук-укуктук реформа боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, экинчи окууда;

 

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы демилгелеген (2021-жылдын 29-октябрындагы кир.№6-15382/21), “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө”) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, экинчи окууда;

 

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы демилгелеген (2021-жылдын 27-августундагы кир.№6-12169/21), “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, биринчи окууда;

 

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 7-февралындагы №62 токтом), “Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жаатында мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, биринчи окууда;

 

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 18-февралындагы №85 токтом), “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуулардын негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, биринчи окууда;

 

7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 15-февралындагы №76 токтом), “Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, биринчи окууда;

 

8. “Кыргыз Республикасында адам укуктарын сактоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуунун абалы, көйгөйлүү маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын
16-мартындагы №124-VII токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Токтом долбоору жөнүндө;

 

9. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан “Бишкек шаарынын катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу” долбоорун каржылоого бөлүнгөн 22 миллион евронун максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу;

 

10. Жазгы талаа жумуштарын өткөрүүнүн жүрүшү жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жеңилдетилген насыялар менен камсыз кылуу жөнүндө.

 

 

         58 депутат катталды.

 

 

1. 2022-жылдын 14-апрелиндеги жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 50, каршы – жок, бардыгы 50 депутат добуш берди, 59 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.А. Ашимова, Д.Д. Бекешев, Ш.К. Атазов, А.Ж. Осмонов, А.К. Малиев, Ш. Мажитова, Т.И. Икрамов, М. Самыйкожо, Н.К. Кадырбеков, А.А. Козуев, төрагалык кылуучу.

        

         Депутат Д.Д. Бекешевдин сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

        

         Депутат Ш.К. Атазовдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча жана Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.

 

Депутат А.Ж. Осмоновдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Депутат Ш. Мажитованын сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

        

        

         Чечим кабыл алынды: “Кыргыз Республикасында адам укуктарынын сакталышынын жана маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуунун абалы, көйгөйлүү маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-мартындагы №124-VII токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Токтом долбоорун жана “Бишкек шаарынын катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу” долбоорун каржылоого бөлүнгөн 22 миллион евронун максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу маселе жыйналыштын күн тартибинин долбооруна киргизилсин.

        

         Депутаттар Д.А. Ашимова менен М. Самыйкожонун сунуштарын эске алуу менен 2022-жылдын 14-апрелиндеги жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 75, каршы – жок, бардыгы 75 депутат добуш берди, 80 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

         2. Ар кандай.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Д.А. Джумабеков, төрагалык кылуучу.

        

         “Ар кандай” маселелер боюнча депутаттардын чыгып сүйлөөсү үчүн берилген убакытты саат 12.00гө чейин узартуу жөнүндө төрагалык кылуучунун сунушу боюнча добуш берүү.

        

         Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 45, каршы – 7, бардыгы 52 депутат добуш берди, 81 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар А.Т. Маткеримов, Д.Д. Бекешев,
Ч.А. Айдарбеков, У.Б. Примов, Р.Ш. Жакышов, Э.К. Кокулов,
Н.А. Азыгалиев, М. Самыйкожо, Н.А. Нарматова.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б.Примов төрагалык кылды.

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Н.К. Кадырбеков, Т.И. Икрамов,
М.А. Маматалиев, К.А. Талиева, Ж.Б. Абиров, төрагалык кылуучу, депутаттар С.А. Атамбаев, Н.Т. Шакиев, Г.О. Култаева, Ш. Мажитова,
А.Ж. Осмонов, Ы.Ы. Атажанов, А.Б. Кенжебаев, Ж.П. Нурбаев, А.К. Малиев, Ө.М. Бакиров, Э.Э. Жамгырчиев, Ч.А. Султанбекова, Ш.К. Атазов,
М.К. Алиев, С.А. Омурзаков, М.А. Абдалиев, М.М. Мураталиев,
В.К. Раимбачаева.

        

         Депутат Ы.Ы. Атажановдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

        

         Депутат Ч.А. Султанбекованын сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

         3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 4-мартындагы №127 токтом), “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жана соттук-укуктук реформа боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ө.М. Бакировдун сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы демилгелеген (2021-жылдын 29-октябрындагы кир.№6-15382/21), “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө”) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ө.М. Бакировдун сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары Н.Ж. Бообеков.

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

         5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 7-февралындагы №62 токтом), “Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жаатында мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары А.Д. Усенбековдун сөзү.

        

         Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ө.М. Бакировдун сөзү.

 

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 18-февралындагы №85 токтом), “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуулардын негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары А.Д. Усенбековдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат А.Б. Кенжебаев, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары А.Д. Усенбеков, депутат Г.О. Култаева, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын начальниги Б.К. Шабданов, депутат М.К. Алиев.

        

         Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ө.М.Бакировдун сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы демилгелеген (2021-жылдын 27-августундагы кир.№6-12169/21), “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Р.С. Татиковдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Н.Т. Шакиев, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металдар департаментинин директору К.М. Мадумаров, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Р.С. Татиков, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Нурбек Жениш, депутаттар
А.Д. Таштанбеков, Р.Ш. Жакышов, Н.К. Кадырбеков, К.Л. Ханджеза,
Д.Д. Бекешев, төрагалык кылуучу, депутаттар К.А. Талиева, Ж.П. Нурбаев.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Жыйналыштын ишин тыныгуу жарыялоосуз улантуу жөнүндө добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 53, каршы – 5, бардыгы 58 депутат добуш берди, 82 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат А.Н. Абдибаева, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металдар департаментинин директору К.М. Мадумаров, депутаттар Н.А. Нарматова, М.А. Абдалиев, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Нурбек Жениш, депутат А.Б. Кенжебаев, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Р.С. Татиков.

        

         Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ө.М. Бакировдун сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө”) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окуу жол-жобосунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине кайтарып берүү жөнүндө депутат Д.Д. Бекешевдин сунушу боюнча добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 57, каршы – жок, бардыгы 57 депутат добуш берди, 82 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине кайтарылып берилди).

        

        

         8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 15-февралындагы №76 токтом), “Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары А.Д. Усенбековдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.Д. Бекешев, Ж.Э. Садырбаева, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары А.Д. Усенбеков, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы У.К. Сарбанов, депутаттар Г.О. Култаева, Р.Ш. Жакышов, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы
К.Т. Тургунбеков, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев, депутаттар Э.Э. Жамгырчиев,
Б.В. Шабазов, М.А. Абдалиев.

        

         Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ө.М. Бакировдун сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         9. “Кыргыз Республикасында адам укуктарын сактоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуунун абалы, көйгөйлүү маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-мартындагы №124-VII токтом долбоорун кароо.

        

         Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д.А. Ашимованын сөзү.

        

         “Кыргыз Республикасында адам укуктарын сактоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуунун абалы, көйгөйлүү маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын
16-мартындагы №124-VII токтом долбооруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

        

         Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 41, каршы – жок, бардыгы
41 депутат добуш берди, 83 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

        

         “Кыргыз Республикасында адам укуктарын сактоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуунун абалы, көйгөйлүү маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын
16-мартындагы №124-VII токтом долбооруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу тууралуу кайталап добуш берүү.

        

         Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 53, каршы – жок, бардыгы 53 депутат добуш берди, 83 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Сөз сүйлөдү: депутат Д.А. Джумабеков, төрагалык кылуучу.

 

 

10. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан “Бишкек шаарынын катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу” долбоорун каржылоого бөлүнгөн 22 миллион евронун максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу” маселени кароо.

 

Сунуш кылынган маселе жөнүндө депутат М. Самыйкожонун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан “Бишкек шаарынын катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу” долбоорун каржылоого бөлүнгөн 22 миллион евронун максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын курамы жөнүндө төрагалык кылуучу.

 

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан “Бишкек шаарынын катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу” долбоорун каржылоого бөлүнгөн 22 миллион евронун максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын курамына талапкерлер: депутаттар У.Б. Бакасов – “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан, Э.Р. Джусупов – “Ишеним” парламенттик фракциясынан, Б.Э. Тентишев – “Ынтымак” парламенттик фракциясынан, Ф.А. Алимжанов – “Альянс” парламенттик фракциясынан, А.А. Айдарова – “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынан, З.Д. Мамасадыков – “Ыйман нуру” парламенттик фракциясынан, М. Самыйкожо – “Элдик” депутаттык тобунан, Э.Ж. Сурабалдиева – №27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округунан.

 

“Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоорун каржылоого Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн гранттык жана насыялык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 55, каршы – жок, бардыгы 55 депутат добуш берди, 83 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

        

        

         11. 2022-жылдын 14-апрелинде каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

         59 депутат катталды.

        

         “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жана соттук-укуктук реформа боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы – жок, бардыгы 59 депутат добуш берди, 59 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

        

         “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 56, каршы – 2, бардыгы 58 депутат добуш берди, 59 депутат катталган.

        

         Добуш берүү жараксыз деп табылды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 56, каршы – 3, бардыгы 59 депутат добуш берди, 60 депутат катталган.

        

         Добуш берүү жараксыз деп табылды.

        

         “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 56, каршы – 3, бардыгы 59 депутат добуш берди, 60 депутат катталган.

        

         Добуш берүү жараксыз деп табылды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 61, каршы – 3, бардыгы 64 депутат добуш берди, 64 депутат катталган.

        

         Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         “Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жаатында мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – 1, бардыгы 64 депутат добуш берди, 64 депутат катталган.

        

         Добуш берүү жараксыз деп табылды.

        

         “Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жаатында мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 66, каршы – жок, бардыгы 66 депутат добуш берди, 66 депутат катталган.

        

         Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

        

         “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуулардын негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 66, каршы – жок, бардыгы 66 депутат добуш берди, 66 депутат катталган.

        

         Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         “Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы – 1, бардыгы 68 депутат добуш берди, 68 депутат катталган.

        

         Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

        

        

         12. “Жазгы талаа жумуштарын өткөрүүнүн жүрүшү жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жеңилдетилген насыялар менен камсыз кылуу жөнүндө” маселени кароо.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Б.З. Түлөбаев, Ч.А. Султанбекова, төрагалык кылуучу, депутат Ш.К. Атазов.

        

         Сунуш кылынган маселе жөнүндө Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри А.С. Джаныбековдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат А.Т. Түмөнбаев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри А.С. Джаныбеков, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Ж.К. Дуйшеева, “Айыл банк” ААКы Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Ж.Ж. Норузбаев, депутат
Н.К. Алимбеков, “РСК банк” ААКы Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Ж.С. Батырбеков, депутаттар С.А. Атамбаев, А.Ж. Осмонов,
М.А. Абдалиев, А.Т. Эрбаев, Н.А. Нарматова, И.И. Матраимов, төрагалык кылуучу, депутаттар М. Самыйкожо, Б.З. Түлөбаев, Н.Т. Шакиев, “РСК банк” ААКы Башкармалыгынын Төрагасы К.Дж. Букуев, депутат Ш.К. Атазов, “Айыл банк” ААКы Башкармалыгынын Төрагасы У.А. Букабаев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директору А.Т. Сокеев, депутаттар Д.А. Ашимова,
Э.Э. Жамгырчиев, Ы.Ы. Атажанов, Э.Т. Токтошев, Э.Н. Сулайманов, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантиндөө департаментинин директорунун орун басары Дж.Ш. Тойматов, депутаттар А.Б. Кенжебаев, Н.А. Азыгалиев, М.М. Мураталиев, Д.А. Джумабеков, Р.Ш. Жакышов, “Кыргызстан Нефтетрейдерлер ассоциациясы” ОЮЛунун аткаруучу директору
К.С. Эшатов, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун директорунун орун басары Р.Т. Каракулов, депутат З.Д. Мамасадыков, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев, депутаттар Г.О. Култаева, Ж.П. Нурбаев, А. Алтынбеков, А.А. Козуев,
А.Д. Таштанбеков, А.Н. Абдибаева, А.К. Малиев, Д.А. Джумабеков, төрагалык кылуучу.

        

        

         Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат
Д.А. Джумабековдун сунушу боюнча добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 34, каршы – 3, бардыгы
37 депутат добуш берди, 75 депутат катталган.

        

        

         Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат
Д.А. Джумабековдун сунушу боюнча кайталап добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 43, каршы – 2, бардыгы
45 депутат добуш берди, 75 депутат катталган.

        

        

         Чечим кабыл алынды.

        

        

Сөз сүйлөдү: депутат И.А. Масалиев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри А.С. Джаныбеков, депутаттар Ө.М. Бакиров, У.З. Ормонов, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары
Ж.К. Дуйшеева, “РСК банк” ААКы Башкармалыгынын Төрагасы
К.Дж. Букуев, “Айыл банк” ААКы Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Ж.Ж. Норузбаев, депутат А.К. Малиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары Н.Ж. Бообеков.

        

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Б.З. Түлөбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары Н.Ж. Бообеков, төрагалык кылуучу.

 

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төрага                                                                                 Т. Мамытов