29
VII ЧАКЫРЫЛЫШТЫН I СЕССИЯСЫ
2022-ЖЫЛ
2022-жылдын 11-майы саат 10.05
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы
Төрагалык кылган: Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин
Төрагасынын орун басары
Н.О. Сыдыгалиев
Жыйналышка катышып отургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары Н.Ж. Бообеков.
Жыйналышка катышпаган депутаттар: Н.К. Алимбеков,
Дж.К. Исаева, Т.И. Икрамов, А.А. Козуев, Т.Т. Мамытов, М.К. Сарбагышев, М.О. Темирбаева, Б.З. Түлөбаев.
2022-жылдын 11-майындагы жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселелер:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
(2021-жылдын 4-июнундагы кир.№6-7794/21) демилгелеген үчүнчү окуудагы “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2020-жылдын 8-майындагы № 242 токтому) демилгелеген биринчи окуудагы “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
(2022-жылдын 4-мартындагы № 110 токтому) демилгелеген биринчи окуудагы “2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кредиттик таржымалдын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
(2022-жылдын 11-мартындагы № 132 токтому) демилгелеген биринчи окуудагы “Женева шаарында 2008-жылдын 20-февралында кол коюлган Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенциянын электрондук коштомо кагазга тийиштүү кошумча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
(2022-жылдын 14-мартындагы № 138 токтому) демилгелеген биринчи окуудагы “Эл аралык чукул жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
(2022-жылдын 25-мартындагы № 161 токтому) демилгелеген биринчи окуудагы “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
(2022-жылдын 25-мартындагы № 164 токтому) демилгелеген биринчи окуудагы “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
8. Үстүбүздөгү жылдын май айында болгон табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
(2022-жылдын 21-апрелиндеги кир.№6-7515/22) демилгелеген биринчи окуудагы “Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
(2022-жылдын 21-апрелиндеги кир.№6-7453/22) демилгелеген биринчи окуудагы “Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу.
1. 2022-жылдын 11-майындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 48, каршы – жок, бардыгы 48 депутат добуш берди, 61 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөштү: депутаттар У.Б. Примов, Д.Э. Толонов, Ж.К. Акаев, Д.Д. Бекешев, Р.Ш. Жакышов, төрагалык кылуучу, депутаттар
Ж.Ш. Токторбаев, А.Исатбек кызы, Ы.Ы. Атажанов, А.Б. Кенжебаев,
Ө.М. Бакиров, Ч.А. Султанбекова, А.Ж. Осмонов, Н.К. Кадырбеков,
Д.А. Джумабеков, Н.А. Нарматова, Т.Н. Сарыбашов, Э.Ж. Сурабалдиева, Ч.И. Ажибаев, К.А. Талиева.
Кабыл алынган чечим: “Үстүбүздөгү жылдын май айында болгон табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы жөнүндө” маселени жыйналыштын күн тартибинин долбооруна киргизүү.
Депутаттар У.Б. Примов, Д.Э. Толонов, Ж.К. Акаев,
Д.Д. Бекешев, Д.А. Джумабеков, Н.А. Нарматова жана Т.Н.Сарыбашов тарабынан киргизилген сунуштарды эске алуу менен 2022-жылдын
11-майындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 61, каршы – жок, бардыгы 61 депутат добуш берди, 77 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2021-жылдын 4-июнундагы кир.№6-7794/21) демилгелеген “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.
Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы С.А. Омурзаковдун сөзү.
Андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов жыйналышка төрагалык кылды.
Сөз сүйлөштү: депутаттар А.Ж. Осмонов, Д.Д. Бекешев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары С.Н. Ниязбеков, депутаттар Ж.К. Акаев, Э.Ж. Сурабалдиева, Ш.К. Атазов.
Бул мыйзам долбоорду үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы С.А. Омурзаков сүйлөдү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2020-жылдын
8-майындагы № 242 токтому) демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.
Сунушталган конституциялык Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары
У.И. Календеровдун сөзү.
Сөз сүйлөштү: депутат Д.Д. Бекешев, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борборду комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч. Койчукеев, депутат А.Ж. Осмонов, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары У.И. Календеров, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү
А.А. Абытов, депутаттар Д.А. Джумабеков, Ч.А. Султанбекова,
Р.Ш. Жакышов, Ш.К. Атазов, Э.Ж. Сурабалдиева, төрагалык кылуучу.
Бул конституциялык Мыйзам долбоорду биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы М.К. Алиевдин сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 4-мартындагы № 110 токтому) демилгелеген “2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кредиттик таржымалдын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.
Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиштин сөзү.
Сөз сүйлөштү: депутат Д.Д. Бекешев, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш, депутаттар Д.А. Джумабеков, Ч.И. Ажибаев, М.А. Маматалиев.
Бул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ч.А. Султанбекованын сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 11-мартындагы № 132 токтому) демилгелеген “Женева шаарында 2008-жылдын 20-февралында кол коюлган Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенциянын электрондук коштомо кагазга тийиштүү кошумча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.
Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Т.Г. Тиллаевдин сөзү.
Сөз сүйлөштү: депутат Д.А. Джумабеков, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Т.Г. Тиллаев, депутаттар М.А. Маматалиев, Ж.С. Кыдыкбаев, Э.Э. Жамгырчиев,
Д.Д. Бекешев, К.Л. Ханждеза, Н.А. Ражабалиев, К.К. Сулайманов,
А.К. Малиев, Н.А. Нарматова.
Бул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ч.А. Султанбекованын сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 14-мартындагы № 138 токтому) демилгелеген “Эл аралык чукул жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.
Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары
У.М. Шамыркановдун сөзү.
Бул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ч.А. Султанбекованын сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 25-мартындагы № 161 токтому) демилгелеген “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.
Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары
Н.Т. Шериповдун сөзү.
Бул мыйзам долбоорду биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы А.Б. Кенжебаевдин сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 25-мартындагы № 164 токтому) демилгелеген “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.
Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары
З.А. Аскарованын сөзү.
Бул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д. Бекешевдин сөзү.
Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары З.А. Аскарова.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
Сөз сүйлөштү: депутаттар М.А. Абдалиев, Н.Т. Шакиев,
К.К. Сулайманов, төрагалык кылуучу.
Депутат Н.Т. Шакиевдин сунушу боюнча “Үстүбүздөгү жылдын май айында болгон табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы жөнүндө” маселени саат 14-00дө кароо боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 44, каршы – 1, бардыгы - 44 депутат добуш берди, 77 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
Саат 14-00гө чейин тыныгуу жарыяланды.
Саат 14.00
Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылды.
53 депутат катталды.
Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутаттар Д.А. Джумабеков,
К.К. Сулайманов.
9. “Үстүбүздөгү жылдын май айында болгон табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы жөнүндө” маселени кароо.
Сунушталган маселе жөнүндө Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары У.М. Шамыркановдун сөзү.
Сөз сүйлөштү: депутат Д.А. Джумабеков, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары У.М. Шамырканов, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Ж.К. Дуйшеева, төрагалык кылуучу, депутаттар Ч.И. Ажибаев, Ж.К. Акаев, К.А. Талиева, Э.Э. Жамгырчиев, Т.Н. Сарыбашов, «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Т.Б. Рыспаев, депутат
Н.А. Нарматова, төрагалык кылуучу.
Депутат Н.А. Нарматованын сунушу боюнча ушул маселе жөнүндө суроо-жооп жол-жобосу менен талкуулоого сөзгө чыккандарга 10 мүнөттөн мүмкүнчүлүк берүү боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 39, каршы – 3, бардыгы - 42 депутат добуш берди, 71 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөштү: депутат А. Алтынбеков, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары У.М. Шамырканов, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Ж.К. Дуйшеева, депутаттар Г.О. Култаева, Н.А. Ражабалиев, У.Б. Бакасов, А.Б. Кенжебаев, «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Т.Б. Рыспаев, депутаттар Н.А. Нарматова,
К.К. Сулайманов, Ы.Ы. Атажанов, А.А. Исираилов, И.А. Масалиев, төрагалык кылуучу.
Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов.
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытовдун сунушу боюнча жыйналыштын ишин жабык режимде өткөрүү жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 40, каршы – 3, бардыгы – 43 депутат добуш берди, 72 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Андан ары жыйналыш ишин жабык режимде улантты.
Саат 16.30
Андан ары жыйналыш ачык режимде улантты.
Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тɵрагасынын орун басары У.Б. Примов тɵрагалык кылды.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 21-апрелиндеги кир.№6-7515/22) демилгелеген “Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 21-апрелиндеги кир.№6-7453/22) демилгелеген “Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун биринчи окууда кароо.
Сунушталган мыйзам долбоорлор жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик жөнгө салуу жана финансы рыногун көзөмөлдөө кызматынын төрагасы У.К. Сарбановдун сөзү.
Сɵз сүйлɵдү: тɵрагалык кылуучу.
Сɵз сүйлɵштү: депутаттар Б.К. Чойбеков, Д.Д. Бекешев, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик жөнгө салуу жана финансы рыногун көзөмөлдөө кызматынын төрагасы У.К. Сарбанов, депутаттар Ч.И. Ажибаев, С.А. Атамбаев,
М.А. Маматалиев, И.А. Масалиев, Н.Т. Шакиев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Н.Т. Абдиев, депутаттар
Б.У. Сыдыков, В.К. Раимбачаева, Ж.С. Кыдыкбаев, Ж.К. Акаев,
У.З. Ормонов, А.Т. Түмөнбаев.
Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тɵрагасынын орун басары Н.О. Сыдыгалиев тɵрагалык кылды.
Сɵз сүйлɵштү: депутаттар А.Т. Түмөнбаев, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик жөнгө салуу жана финансы рыногун көзөмөлдөө кызматынын төрагасы У.К. Сарбанов, депутат Д.А. Ашимова.
Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тɵрагасынын орун басары У.Б. Примов тɵрагалык кылды.
Сɵз сүйлɵштү: депутаттар Ч.А. Султанбекова, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик жөнгө салуу жана финансы рыногун көзөмөлдөө кызматынын төрагасы У.К. Сарбанов, депутаттар Г.О. Култаева, Н.К. Кадырбеков,
К.К. Сулайманов. А.К. Малиев, Ж.Ш. Токторбаев, төрагалык кылуучу.
Депутат Ж.Ш. Токторбаевдин сунушу боюнча каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жол-жобосу менен талкуулоону токтотуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 46, каршы – 2, бардыгы - 48 депутат добуш берди, 71 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Сɵз сүйлɵштү: депутат Б.У. Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик жөнгө салуу жана финансы рыногун көзөмөлдөө кызматынын төрагасы
У.К. Сарбанов, депутаттар Э.Э. Жамгырчиев, Д.Д. Бекешев, төрагалык кылуучу.
Төрагалык кылуучунун сунушу боюнча каралып жаткан мыйзам долбоорлорун кароо жана добуш берүү жол-жоболорун бүткөнгө чейин жыйналыштын ишин узартуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы – жок, бардыгы – 59 депутат добуш берди, 71 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Сɵз сүйлɵштү: депутат И.А. Масалиев, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик жөнгө салуу жана финансы рыногун көзөмөлдөө кызматынын төрагасы
У.К. Сарбанов, депутат Э.Э Жамгырчиев, төрагалык кылуучу.
“Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д.Э. Толоновдун сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
“Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д.Э. Толоновдун сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
11. 2022-жылдын 11-майында каралган мыйзам долбоорлор жана 2022-жылдын 21-апрелинде каралган токтом долбоорлор боюнча добуш берүү.
Сөз сүйлөдү: депутат А.К. Малиев.
69 депутат катталды.
“Сырткы видеобайкоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы – жок, бардыгы – 68 депутат добуш берди, 69 депутат катталган.
Добуш берүү жараксыз деп табылды.
“Сырткы видеобайкоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда кайрадан добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 69, каршы – жок, бардыгы – 69 депутат добуш берди, 69 депутат катталган.
Кабыл алынган чечим (мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы – 1, бардыгы – 69 депутат добуш берди, 69 депутат катталган.
Кабыл алынган чечим (конституциялык Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).
“2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кредиттик таржымалдын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы – 1, бардыгы – 69 депутат добуш берди, 69 депутат катталган.
Кабыл алынган чечим (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).
“Женева шаарында 2008-жылдын 20-февралында кол коюлган Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенциянын электрондук коштомо кагазга тийиштүү кошумча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы – 1, бардыгы – 69 депутат добуш берди, 69 депутат катталган.
Кабыл алынган чечим (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).
“Эл аралык чукул жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы – 1, бардыгы – 69 депутат добуш берди, 69 депутат катталган.
Кабыл алынган чечим (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).
“Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 69, каршы – жок, бардыгы – 69 депутат добуш берди, 69 депутат катталган.
Кабыл алынган чечим (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).
“Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы – 2, бардыгы – 69 депутат добуш берди, 69 депутат катталган.
Кабыл алынган чечим (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).
“Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда кайрадан добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 53, каршы – 15, бардыгы – 68 депутат добуш берди, 69 депутат катталган.
Добуш берүү жараксыз деп табылды.
“Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда кайрадан добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 54, каршы – 14, бардыгы – 68 депутат добуш берди, 69 депутат катталган.
Добуш берүү жараксыз деп табылды.
“Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда кайрадан добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 55, каршы – 14, бардыгы – 69 депутат добуш берди, 69 депутат катталган.
Кабыл алынган чечим (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).
Сөз сүйлөдү: депутат И.А. Масалиев.
“Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 56, каршы – 13, бардыгы – 69 депутат добуш берди, 69 депутат катталган.
Кабыл алынган чечим (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).
“Э.Гареев атындагы илимий-изилдөө институтунун ботаникалык бакчасын сактоо жана өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун жеткире иштелип чыккан вариантын кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы – жок, бардыгы – 67 депутат добуш берди, 69 депутат катталган.
Кабыл алынган чечим (Токтом долбоору кабыл алынды).
Сɵз сүйлɵдү: тɵрагалык кылуучу.
Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.
Төраганын орун басары Н.Сыдыгалиев