Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 36 09.06.2022-ж.

19-08-2022
15:50

 

        36

 

 

VII ЧАКЫРЫЛЫШТЫН I СЕССИЯСЫ

2022-ЖЫЛ

 

 

 

2022-жылдын 9-июну                                                                    10 саат 5 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган:                                                         Кыргыз Республикасынын                                                                       

                                                                                           Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

Т.Т. Мамытов

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов.

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: А.Исатбек кызы,
А.А. Исираилов, Ж.Таалайбек кызы.

 

 

2022-жылдын 9-июнундагы жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселелер:

 

 

1. Ар кандай;

 

 

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 18-январындагы № 19 токтом), “Өзгөчө абал тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору тууралуу, экинчи окууда;

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын
8-майындагы №242 токтом), “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө, экинчи окууда;

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары
М.А. Маматалиев, Ш.Мажитова, Л.Х. Лурова, А.Исатбек кызы,
К.А. Талиева, Н.А. Нарматова, Д.Ашимова, М.О. Темирбаева,
Д.Д. Бекешев, А.Ж. Осмонов демилгелеген Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, экинчи окууда;

 

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 7-февралындагы № 62 токтом), “Ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу, экинчи окууда;

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 12-майындагы кир. № 6-8865/22), “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, биринчи окууда;

 

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары
Д.Д. Бекешев, Ж.Б. Абиров, Д.Э. Толонов демилгелеген, “Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, биринчи окууда;

 

 

8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 13-майындагы кир. № 6-8991/22), “Бишкек шаарында 2022-жылдын 13-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан финансылык кредит берүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, биринчи окууда;

 

 

         59 депутат катталды.

 

 

1. 2022-жылдын 9-июнундагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 47, каршы – жок, бардыгы
47 депутат добуш берди, 60 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

 

         Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов, депутат Н.К. Кадырбеков, төрагалык кылуучу.

 

 

         Депутат Н.К. Кадырбековдун сунушу боюнча ага 10 мүнөткө чейин чыгып сүйлөө мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 60, каршы – жок, бардыгы
60 депутат добуш берди, 67 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутаттар Ө.М. Бакиров,
Ш. К. Атазов.

        

 

        

 

Чечим кабыл алынды: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 13-майындагы
кир. № 6-8991/22), “Бишкек шаарында 2022-жылдын 13-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан финансылык кредит берүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору биринчи окууда жыйналыштын жыйналыштын күн тартибинин долбооруна киргизилсин.

        

         Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытовдун сунушун эске алуу менен 2022-жылдын 9-июнундагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы – жок, бардыгы
59 депутат добуш берди, 68 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
Н.К. Кадырбековдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

 

3. Ар кандай.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар А.Т. Түмөнбаев, Д.Д. Бекешев,
Н.А. Азыгалиев, У.З. Ормонов, К.А. Талиева, Ч. И. Ажибаев.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Дж.К. Исаева төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар С.А. Атамбаев, А.Д. Таштанбеков,
Ж.Э. Садырбаева, Т.А. Масабиров, Ш.К. Атазов, Э.К. Кокулов,
Т.И. Икрамов, Д.А. Ашимова, М.А. Маматалиев, Б.З. Түлөбаев,
Ш.К. Ташиев, М.А. Абдалиев, А.К. Малиев, К.К. Сулайманов, У.Б. Бакасов, Г.О. Култаева, Э.Э. Жамгырчиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Э.Э. Жамгырчиев, Ч.А. Султанбекова,
Н.А. Ражабалиев, төрагалык кылуучу.

 

 

Депутат Ш.К. Атазовдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

 

Депутат А.К. Малиевдин сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

        

 

Депутат К.К. Сулаймановдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

        

 

Депутат Г.О. Култаеванын сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

         4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А. Маматалиев, Ш. Мажитова, Л.Х. Лурова, А.Исатбек кызы,
К.А. Талиева, Н.А. Нарматова, Д.Ашимова, М.О. Темирбаева,
Д.Д. Бекешеов, А.Ж. Осмонов демилгелеген Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечилердин бири – депутат М.А. Маматалиевдин сөзү.

        

        

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Б.Э. Тентишеванын сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 7-февралындагы № 62 токтом), “Ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Ш.К. Атазов, А.Ж. Осмонов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары
Н.О. Сыдыгалиев, депутат Б.З. Түлөбаев.

        

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О. Сыдыгалиев төрагалык кылды.

 

         Сөз сүйлөдү: депутат Ж.Коргонбай уулу, төрагалык кылуучу, депутаттар А.Ж. Осмонов, А.К. Малиев.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Дж.К. Исаева төрагалык кылды.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д. Бекешевдин сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 12-майындагы кир. № 6-8865/22), “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары
З.А. Аскарованын сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Д.А. Джумабеков, Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары З.А. Аскарова, депутат
Ж.Коргонбай уулу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О. Сыдыгалиев, депутат Н.К. Кадырбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү
А.А. Абытов.

        

         Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д. Бекешевдин сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О. Сыдыгалиев төрагалык кылды.

        

        

         7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д. Бекешев, Ж.Б. Абиров, Д.Э. Толонов демилгелеген “Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечилердин бири – депутат Д.Д. Бекешевдин сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Д.А. Джумабеков, “Кепилдик фонд” ААКы Башкармасынын төрагасы М.Б. Абакиров, депутаттар К.А. Талиева,
Д.Д. Бекешев – демилгечилердин бири, А.А. Козуев, Н.К. Кадырбеков, “Мамлекеттик Ипотекалык Камнания” ААКынын башкармасынын төрагасы А.Б. Тологонова, депутат Н.К. Алимбеков.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т. Мамытов төрагалык кылды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат М. Самыйкожо, “Кепилдик фонд” ААКы Башкармасынын төрагасы М.Б. Абакиров, депутаттар Д.А. Джумабеков,
Д.Д. Бекешев – демилгечилердин бири, Ш.К. Атазов, А.К. Малиев.

        

         Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д. Бекешевдин сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 13-майындагы кир. № 6-8991/22), “Бишкек шаарында 2022-жылдын 13-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан финансылык кредит берүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Р.С. Татиковдун сөзү.

        

         Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Ж. Осмоновдун сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

         9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 18-январындагы № 19 токтом), “Өзгөчө абал тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган конституциялык Мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы М.К. Алиевдин сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген
(2020-жылдын 8-майындагы №242 токтом), “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган конституциялык Мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы М.К. Алиевдин сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төрага                                                                                 Т. Мамытов