37
VII ЧАКЫРЫЛЫШТЫН I СЕССИЯСЫ
2022-ЖЫЛ
2022-жылдын 15-июну саат 10.00
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы
Төрагалык кылган: Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин
Төрагасы
Т.Т. Мамытов
Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов, Президенттин Өкүлчүлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги эксперти Р.У. Кабиров.
Жыйналышка катышпаган депутаттар: Ш.Мажитова,
И.А. Масалиев, Н.А. Нарматова.
2022-жылдын 15-июнундагы жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселелер:
1. Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун 2021-жылга жылдык баяндамасы жөнүндө (тиркеме);
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 11-мартындагы №132 токтом), “2008-жылдын 20-февралында Женева шаарында кол коюлган, электрондук накладнойго тиешелүү, жүктөрдү эл аралык жолдо ташуу жөнүндө Конвенцияга Кошумча протоколго Кыргыз Республикасынын кошулушу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, үчүнчү окууда;
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 12-апрелиндеги кир. №6-6534/22), “Бишкек шаарында 2022-жылдын 14-мартында жана Ташкент шаарында 2022-жылдын 18-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орто мектептерди куруу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, экинчи окууда;
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 14-мартындагы № 138 токтом), “Эл аралык чукул жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, экинчи окууда;
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 25-мартындагы № 167 токтом), Москва шаарында 2021-жылдын 16-ноябрында кол коюлган, “Ташып келүү бажы алымдарынын суммаларын кредиттөө жана бөлүштүрүү тартибин сактоо боюнча биргелешкен контролдук иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө (эквиваленттүү эффективдүү башка жыйымдар, салыктар жана жыйымдар), аларды Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин кирешелерине которуу тууралуу Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу, экинчи окууда;
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 8-апрелиндеги № 192 токтом), “Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы (“Шаардык транспортту электрлештирүү” долбоору) Гранттык макулдашуусун (Атайын операция); “Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы) Гранттык макулдашуусун (Жогорку технологиялар фонду); “Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуусун (“Шаардык транспортту электрлештирүү” долбоору) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу, биринчи окууда;
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 10-майындагы кир. № 6-8559/22), “Тегеран шаарында 2022-жылдын 14-мартында кол коюлган, бир тараптан, Евразия экономикалык биримдигинин жана ага мүчө мамлекеттердин жана башка тараптан, Иран Ислам Республикасынын ортосундагы, эркин соода аймагын түзүүгө алып келүүчү Убактылуу макулдашуу Протоколун ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу, биринчи окууда;
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 13-майындагы кир. № 6-8989/22), “Мамлекеттик күзөт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, биринчи окууда;
9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары
А.Б. Кенжебаев, М.Самыйкожо, У.Б. Бакасов демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, биринчи окууда;
10. Кыргыз Республикасынын Профсоюздар федерациясынын ишин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө. (Демилгечилер – “Ынтымак” жана “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциялары);
11. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча материалдарды кароо боюнча комиссия жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору тууралуу”;
12. “Башкаруунун натыйжалуулугун жана мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн маселелерин изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-апрелиндеги №220 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору жөнүндө”.
55 депутат катталды.
1. 2022-жылдын 15-июнундагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 47, каршы – жок, бардыгы
47 депутат добуш берди, 55 депутат катталган.
Чечим кабыл алынган жок.
Сөз сүйлөдү: депутаттар Т.И. Икрамов, Т.А. Масабиров,
Р.Ш. Жакышов, Б.К. Чойбеков, Д.Д. Бекешев, Ж.Ш. Токторбаев,
Н.К. Кадырбеков, М.М. Мураталиев, У.З. Ормонов, С.А. Айжигитов,
К.Л. Ханджеза, Э.Н. Сулайманов, К.К. Сулайманов, Э.К. Кокулов,
У.Б. Примов, төрагалык кылуучу.
Депутат Т.И. Икрамовдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.
Депутат Р.Ш. Жакышовдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.
Депутат К.Л. Ханджезанын сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.
Депутат К.К. Сулаймановдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
“Кыргыз Республикасынын адилеттүүлүк боюнча кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө” маселени 2022-жылдын 16-июнундагы жыйналыштын күн тартибинин долбооруна киргизүү жөнүндө депутат Т.А. Масабировдун сунушу боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 47, каршы – 17, бардыгы
64 депутат добуш берди, 82 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Чечим кабыл алынды: “Башкаруунун натыйжалуулугун жана мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн маселелерин изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 220 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча материалдарды кароо боюнча комиссия жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорлору жыйналыштын күн тартибинин долбооруна киргизилсин.
Депутаттар Э.Н. Сулаймановдун жана У.Б. Примовдун сунуштарын эске алуу менен 2022-жылдын 15-июнундагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – жок, бардыгы
63 депутат добуш берди, 82 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
2. Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун 2021-жылга жылдык баяндамасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын угуу (Уландысы).
Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д. Бекешев, Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директору Б.Т. Рысбеков, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча Координациялык борбордун директору А.М. Разаев.
Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылды.
Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д. Бекешев, Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директору Б.Т. Рысбеков, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары К.А. Садыков, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Тергөө жана оперативдүү-издөө иштерин көзөмөлдөө департаментинин Улуттук коопсуздук органдарында тергөө жана ыкчам-издөө иштерин көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальниги Б.К. Кетиренов, депутат Ч.И. Ажибаев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Э.Дж. Аширходжаев, депутаттар М.О. Темирбаева,
С.А. Омурзаков.
Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О. Сыдыгалиев төрагалык кылды.
Сөз сүйлөдү: депутат М.А. Абдалиев, Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директору Б.Т. Рысбеков, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Т.К. Ишеналиев, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары К.А. Садыков, депутаттар Ч.А. Султанбекова, К.А. Талиева, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Тергөө жана оперативдүү-издөө иштерин көзөмөлдөө департаментинин Улуттук коопсуздук органдарында тергөө жана ыкчам-издөө иштерин көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальниги Б.К. Кетиренов, депутаттар Э.Э. Жамгырчиев, Ы.Ы. Атажанов, Д.А. Ашимова,
С.А. Атамбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитетинин төрагасы М.К. Алиев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү
Э.А. Маданбеков, депутаттар Р.Ш. Жакышов, Н.Я. Алимжанова,
Г.А. Кожокулова, Т.А. Масабиров, Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары А.Зарылбек уулу, депутаттар А.К. Малиев,
К.К. Сулайманов, төрагалык кылуучу, депутаттар А.Д. Таштанбеков,
А.А. Козуев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсалов, депутат Ж.С. Кыдыкбаев, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары
Р.А. Каримова, депутат Э.Н. Сулайманов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Э.Дж. Аширходжаев, депутат Ж.К. Акаев, төрагалык кылуучу.
Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан баяндама боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат
Ж.К. Акаевдин сунушу боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 57, каршы – жок, бардыгы
57 депутат добуш берди, 83 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Баяндаманы кароо бүткөнгө чейин жыйналыштын ишин тыныгуу жарыялоосуз улантуу жөнүндө депутат Ж.К. Акаевдин сунушу боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 40, каршы – 11, бардыгы 51 депутат добуш берди, 83 депутат катталган.
Чечим кабыл алынган жок.
Сөз сүйлөдү: депутат Ж.Коргонбай уулу, Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директору Б.Т. Рысбеков, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары К.А. Садыков, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Т.К. Ишеналиев, депутаттар Э.Т. Токтошев, Ш.К. Атазов, Э.Ж. Сурабалдиева, Ж.К. Акаев.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
1 сааттык тыныгуу жарыяланды.
14 саат
Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылды.
46 депутат катталды.
Сөз сүйлөдү: депутаттар Б.З. Түлөбаев, Ш.К. Атазов.
Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун жылдык баяндамасын угуу улантылды.
Сөз сүйлөдү: депутат К.А. Талиева, Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директору Б.Т. Рысбеков, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары К.А. Садыков, депутат М.М. Мураталиев.
Сөз сүйлөдү: Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директору Б.Т. Рысбеков.
Угулган баяндама боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш,
сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитетинин төрагасы
М.К. Алиевдин сөзү.
Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 11-мартындагы №132 токтом), “2008-жылдын 20-февралында Женева шаарында кол коюлган, электрондук накладнойго тиешелүү, жүктөрдү эл аралык жолдо ташуу жөнүндө Конвенцияга Кошумча протоколго Кыргыз Республикасынын кошулушу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, үчүнчү окууда;
Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ч.А. Султанбекованын сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 12-апрелиндеги кир. №6-6534/22), “Бишкек шаарында 2022-жылдын 14-мартында жана Ташкент шаарында 2022-жылдын 18-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орто мектептерди куруу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ч.А. Султанбекованын сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 14-мартындагы №138 токтом), “Эл аралык чукул жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ч.А. Султанбекованын сөзү.
Сөз сүйлөдү: депутат Н.К. Кадырбеков, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Г.А. Кожокулова.
Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ч.А. Султанбекованын сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 25-мартындагы № 167 токтом), Москва шаарында 2021-жылдын 16-ноябрында кол коюлган, “Ташып келүү бажы алымдарынын суммаларын кредиттөө жана бөлүштүрүү тартибин сактоо боюнча биргелешкен контролдук иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө (эквиваленттүү эффективдүү башка жыйымдар, салыктар жана жыйымдар), аларды Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин кирешелерине которуу тууралуу Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын финансы министринин биринчи орун басары
И.Ж. Иманбетовдун сөзү.
Сөз сүйлөдү: депутат Э.Ж. Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын финансы министринин биринчи орун басары И.Ж. Иманбетов, депутат
Э.Э. Жамгырчиев, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы С.С. Исабеков, депутаттар Э.Н. Сулайманов, Ж.С. Кыдыкбаев, Г.О. Култаева, А.Т. Эрбаев, Б.З. Түлөбаев, төрагалык кылуучу.
Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат
Б.З. Түлөбаевдин сунушу боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 39, каршы – 1, бардыгы
40 депутат добуш берди, 67 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: депутат А.А. Козуев, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы
С.С. Исабеков, төрагалык кылуучу, депутаттар Д.А. Ашимова, Ж.Коргонбай уулу, Кыргыз Республикасынын финансы министринин биринчи орун басары И.Ж. Иманбетов, депутаттар К.К. Сулайманов, А.Б. Кенжебаев.
Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ч.А. Султанбекованын сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 8-апрелиндеги № 192 токтом), “Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы (“Шаардык транспортту электрлештирүү” долбоору) Гранттык макулдашуусун (Атайын операция); “Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы) Гранттык макулдашуусун (Жогорку технологиялар фонду); “Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы) Кредиттик макулдашуусун (“Шаардык транспортту электрлештирүү” долбоору) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Р.С. Татиковдун сөзү.
Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д. Бекешев, Бишкек шаарынын вице-мэри
Б.А. Абдиев, депутаттар К.К. Сулайманов, Н.К. Кадырбеков, “Бишкек троллейбустук башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын директору
Т.Т. Капаров, депутаттар Э.Э. Жамгырчиев, А.Ж. Осмонов, Г.О. Култаева, төрагалык кылуучу.
Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат Г.О. Култаеванын сунушу боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 45, каршы – жок, бардыгы
45 депутат добуш берди, 71 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: депутат Ы.Ы. Атажанов, Бишкек шаарынын вице-мэри Б.А. Абдиев, депутат Н.К. Кадырбеков, “Бишкек троллейбустук башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын директору Т.Т. Капаров, депутаттар М.К. Алиев, Э.Н. Сулайманов, А.Б. Кенжебаева, Б.З. Түлөбаев.
Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ч.А. Султанбекованын сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 10-майындагы кир. № 6-8559/22), “Тегеран шаарында 2022-жылдын 14-мартында кол коюлган, Евразия экономикалык биримдигинин жана ага мүчө мамлекеттердин, бир тараптан, жана Иран Ислам Республикасынын ортосундагы, башка тараптан, эркин соода аймагын түзүүгө алып келүүчү, Убактылуу макулдашуу Протоколун ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.
Сунуш кылынган мыйзам долбооору жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары В.В. Исаеванын сөзү.
Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда, ал эми бардык парламенттик фракциялардын жана “Элдик” депутаттык тобунун оң чечимдери болгондуктан, бир учурда үч окуудан кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ч.А. Султанбекованын сөзү.
Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.Д. Бекешев, Э.Ж. Сурабалдиева,
Ч.А. Султанбекова – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 13-майындагы кир. № 6-8989/22), “Мамлекеттик күзөт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9- кызматынын начальниги
ЖК. Шабданбековдун сөзү.
Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д. Бекешев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9- кызматынын начальниги ЖК. Шабданбековдун сөзү.
Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О. Сыдыгалиев төрагалык кылды.
Сөз сүйлөдү: депутат А.Т. Эрбаев.
Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылды.
Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат Н.О. Сыдыгалиевдин сунушу боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 54, каршы – 3, бардыгы
57 депутат добуш берди, 77 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: депутат Ч.И. Ажибаев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9- кызматынын начальниги ЖК. Шабданбеков, депутаттар А.А. Козуев,
С.А. Атамбаев, Г.А. Кожокулова, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү Жумабаев, депутаттар
Ж.Ш. Токторбаев, К.Л. Ханджеза, Д.Д. Бекешев, Э.Р. Сатыбалдиев,
Н.К. Кадырбеков, Б.З. Түлөбаев.
Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ч.А. Султанбекованын сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Б. Кенжебаев, М. Самыйкожо, У.Б. Бакасов демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кароо.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечилердин бири – депутат А.Б. Кенжебаеванын сөзү.
Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.Д. Бекешов, А.Б. Кенжебаева – демилгечилердин бири, Э.Ж. Сурабалдиева, К.К. Сулайманов, төрагалык кылуучу.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.
Төрага Т. Мамытов