38
VII ЧАКЫРЫЛЫШТЫН I СЕССИЯСЫ
2022-ЖЫЛ
2022-жылдын 16-июну саат 10. 00
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы
Төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин
Төрагасы
Т.Т. Мамытов
Жыйналышка катышып отургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары Н.Ж. Бообеков.
Жыйналышка катышпаган депутаттар: Дж.К. Исаева, Ш.Мажитова, И.А. Масалиев, Н.А. Нарматова.
2022-жылдын 16-июнундагы жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселелер:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары
А.Б. Кенжебаев, М.Самыйкожо, У.Б. Бакасов демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” биринчи окуудагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу (улантуу);
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
(2022-жылдын 11-мартындагы № 133 токтому) демилгелеген экинчи окуудагы “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Темир жол транспорту жөнүндө”, “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
(2022-жылдын 14-майындагы кир.№ 6-9084/22) демилгелеген экинчи окуудагы “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоору тууралуу;
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
(2022-жылдын 12-апрелиндеги кир.№ 6-6537/22) демилгелеген биринчи окуудагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
(2021-жылдын 4-октябрындагы кир.№ 6-13735/21) демилгелеген биринчи окуудагы “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
М.А. Маматалиев тарабынан киргизилген биринчи окуудагы “Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
М.А. Маматалиев тарабынан киргизилген биринчи окуудагы “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
8. Кыргыз Республикасынын Кесиптик бирлиги федерациясынын ишмердүүлүгүн иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө (демилгечилер – “Ынтымак” жана “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциялары);
9. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдарды кароо боюнча комиссия жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
10. “Мамлекеттик мүлктү башкаруунун жана менчиктештирүүнүн натыйжалуулугу маселесин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 220-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
11. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 4190-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
12. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 4932-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
13. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Балдар маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 4933-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
14. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын Yйбүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 4934-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
15. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
16. Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө;
17. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
(2022-жылдын 18-майындагы № 6-9420/22) демилгелеген экинчи окуудагы “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
18. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
(2022-жылдын 18-февралындагы № 89 токтому) демилгелеген экинчи окуудагы “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
19. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
(2022-жылдын 11-мартындагы № 130 токтому) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.З. Ормонов демилгелеген экинчи окуудагы “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоору жөнүндө;
20. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары кызматына А.А. Касымалиевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө.
59 депутат катталды.
1. 2022-жылдын 16-июнундагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 45, каршы – 1, бардыгы 46 депутат добуш берди, 59 депутат катталды.
2022-жылдын 16-июнундагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө кайрадан добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –54, каршы – жок, бардыгы 54 депутат добуш берди, 64 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөштү: депутат М.А. Маматалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов, депутаттар
Ж.Ш. Токторбаев, К.К. Сулайманов, Ш.К. Атазов, М.М. Мураталиев,
М.К. Сарбагышев, төрагалык кылуучу.
Депутат К.К. Сулаймановдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берүү.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
Жыйналыштын күн тартибинин долбоорунан “Ар кандай” маселесин алып салуу боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы – жок, бардыгы 59 депутат добуш берди, 76 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды.
Депутат Ж.Ш. Токторбаевдин сунушу боюнча ага сөз сүйлөөгө 10 мүнөт убакыт берүү жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 58, каршы – жок, бардыгы 58 депутат добуш берди, 77 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөштү: депутаттар А.К. Малиев, Э.Ж. Сурабалдиева, төрагалык кылуучу, депутаттар Д.А. Джумабеков, С.А. Омурзаков.
Депутат А.К. Малиевдин сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берүү.
Депутат Э.Ж. Сурабалдиеванын сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине протоколдук тапшырма берүү.
Кабыл алынган чечим: – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 18-майындагы № 6-9420/22) демилгелеген экинчи окуудагы “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 18-февралындагы № 89 токтому) демилгелеген экинчи окуудагы “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун жыйналыштын күн тартибинин долбооруна киргизүү.
Депутаттар М.А. Маматалиев, Ш.К. Атазов жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү
А.А. Абытов тарабынан киргизилген сунуштарын эске алуу менен 2022-жылдын 16-июнундагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 57, каршы – жок, бардыгы 57 депутат добуш берди, 79 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
Ж.Ш. Токторбаевдин сөзү.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
3. 2022-жылдын 8, 9 жана 15-июнунда каралган мыйзам долбоорлор жана токтом долбоорлор боюнча добуш берүү.
I
74 депутат катталды.
“Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы – жок, бардыгы 70 депутат добуш берди, 74 депутат катталды.
Добуш берүү жараксыз деп таанылды.
“Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда кайрадан добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы – жок, бардыгы 72 депутат добуш берди, 73 депутат катталды.
Добуш берүү жараксыз деп таанылды.
“Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда кайрадан добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы – жок, бардыгы 71 депутат добуш берди, 73 депутат катталды.
Добуш берүү жараксыз деп таанылды.
“Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда кайрадан добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы – жок, бардыгы 71 депутат добуш берди, 71 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).
“Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы – 1, бардыгы 71 депутат добуш берди, 71 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).
“Накталай эмес эсептешүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы – 1, бардыгы 71 депутат добуш берди, 71 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).
“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы – жок, бардыгы 71 депутат добуш берди, 71 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).
“2022-жылга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тышкы аудиторун бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 66, каршы – 5, бардыгы 71 депутат добуш берди, 71 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (токтом долбоору кабыл алынды).
“2019-жылга Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) жылдык баяндамасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы – жок, бардыгы 70 депутат добуш берди, 71 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).
“2020-жылга Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) жылдык баяндамасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы – 2, бардыгы 70 депутат добуш берди, 71 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).
“2021-жылга Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) жылдык баяндамасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 74, каршы – жок, бардыгы 74 депутат добуш берди, 75 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (токтом долбоору кабыл алынды).
“2019-жылга Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун баяндамасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 73, каршы – жок, бардыгы 73 депутат добуш берди, 75 депутат катталды.
Чечим кабы л алынды (токтом долбоору кабыл алынды).
Сөз сүйлөштү: депутат А.К. Мадумаров, төрагалык кылуучу, депутат Д.А. Джумабеков.
“2020-жылга Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун баяндамасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 77, каршы – жок, бардыгы 77 депутат добуш берди, 78 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).
“Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – жок, бардыгы 78 депутат добуш берди, 78 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (конституциялык Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 74, каршы – 2, бардыгы 76 депутат добуш берди, 78 депутат катталды.
Добуш берүү жараксыз деп таанылды.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө кайрадан добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 77, каршы – жок, бардыгы 77 депутат добуш берди, 78 депутат катталды.
Добуш берүү жараксыз деп таанылды.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө кайрадан добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – жок, бардыгы 78 депутат добуш берди, 78 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (конституциялык Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – жок, бардыгы 78 депутат добуш берди, 78 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).
“Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 74, каршы – 3, бардыгы 77 депутат добуш берди, 78 депутат катталды.
Добуш берүү жараксыз деп таанылды.
“Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө кайрадан добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы – 6, бардыгы 77 депутат добуш берди, 78 депутат катталды.
Добуш берүү жараксыз деп таанылды.
“Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө кайрадан добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы – 7, бардыгы 78 депутат добуш берди, 78 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).
“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 75, каршы – 3, бардыгы 78 депутат добуш берди, 78 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).
“Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – жок, бардыгы 78 депутат добуш берди, 78 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).
“2022-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан финансылык кредит берүү жөнүндө макулашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 66, каршы – 12, бардыгы 78 депутат добуш берди, 78 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
“Стратегиялык объекттерди Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берүүнүн мыйзамдуулугу, билим берүү системасын реформалоо, табигый кырсыктардан жапа чеккен дыйкандарга жардам көрсөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 66, каршы – 10, бардыгы 76 депутат добуш берди, 80 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору толугу менен кабыл алынды).
“2021-жылга Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун баяндамасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 80, каршы – жок, бардыгы 80 депутат добуш берди, 80 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).
“2008-жылдын 20-февралында Женева шаарында кол коюлган Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенциянын электрондук коштомо кагазга тийиштүү кошумча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 79, каршы – 1, бардыгы 80 депутат добуш берди, 80 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).
“2022-жылдын 14-январында Бишкек шаарында жана
2022-жылдын 18-январында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында жалпы билим берүүчү мектептерди куруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 79, каршы – 1, бардыгы 80 депутат добуш берди, 80 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).
“Эл аралык өзгөчө жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан долбооруна экинчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 79, каршы – жок, бардыгы 79 депутат добуш берди, 80 депутат катталды.
Добуш берүү жараксыз деп таанылды.
“Эл аралык өзгөчө жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан долбооруна экинчи окууда кайрадан добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 80, каршы – жок, бардыгы 80 депутат добуш берди, 80 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).
“2021-жылдын 16-ноябрында Москва шаарында кол коюлган ташып кирүүгө бажы алымдарынын (эквиваленттүү болгон башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү, аларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин кирешелерине чегерүү тартибин сактоо маселелери боюнча биргелешкен контролдук иш-чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 79, каршы – жок, бардыгы 79 депутат добуш берди, 80 депутат катталды.
Добуш берүү жараксыз деп таанылды.
“2021-жылдын 16-ноябрында Москва шаарында кол коюлган ташып кирүүгө бажы алымдарынын (эквиваленттүү болгон башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү, аларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин кирешелерине чегерүү тартибин сактоо маселелери боюнча биргелешкен контролдук иш-чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда кайрадан добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 80, каршы – жок, бардыгы 80 депутат добуш берди, 80 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).
“2021-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол тамга коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну («Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоору) (Атайын операция), 2021-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол тамга коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну («Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоору) (Жогорку технологиялар фонду) жана 2021-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол тамга коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну («Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоору) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы – 9, бардыгы 80 депутат добуш берди, 80 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).
“2022-жылдын 14-мартында Тегеран шаарында кол коюлган,
2018-жылдын 17-майындагы Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашуунун протоколун ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 80, каршы – жок, бардыгы 80 депутат добуш берди, 80 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).
“2022-жылдын 14-мартында Тегеран шаарында кол коюлган,
2018-жылдын 17-майындагы Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашуунун протоколун ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда кайрадан добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 80, каршы – жок, бардыгы 80 депутат добуш берди, 80 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).
“2022-жылдын 14-мартында Тегеран шаарында кол коюлган,
2018-жылдын 17-майындагы Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашуунун протоколун ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда кайрадан добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 80, каршы – жок, бардыгы 80 депутат добуш берди, 80 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).
“Мамлекеттик күзөт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда кайрадан добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – 2, бардыгы 80 депутат добуш берди, 80 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары
А.Б. Кенжебаев, М.Самыйкожо, У.Б. Бакасов демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо. (Улантуу).
Сөз сүйлөштү: депутат Г.А. Кожокулова, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Э.Дж. Аширходжаев.
Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О. Сыдыгалиев төрагалык кылды.
Сөз сүйлөштү: депутат Т.А. Масабиров, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим минстринин орун басары Н.С. Джусупбекова, депутат Ш.К. Атазов.
Депутат Ш.К. Атазовдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине протоколдук тапшырма берүү.
Бул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы С.А. Омурзаковдун сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: демилгечилердин бири – депутат М.Самыйкожо “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.
Сөз сүйлөштү: депутаттар Д.Д. Бекешев, демилгечилердин бири – депутат М.Самыйкожо.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 11-мартындагы № 133 токтому) демилгелеген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Темир жол транспорту жөнүндө”, “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.
Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Э.Н. Сулаймановдун сөзү.
Сөз сүйлөштү: депутаттар Д.Д. Бекешев, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Т.Г. Тиллаев.
Бул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Э.Н. Сулаймановдун сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 14-майындагы кир.№ 6-9084/22) демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорун биринчи окууда кароо.
Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министринин орун басары Н.С. Базарбаевдин сөзү.
Сөз сүйлөштү: депутат Н.К. Кадырбеков, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министринин орун басары Н.С. Базарбаев, депутат Д.Д. Бекешев.
Бул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В.К. Раимбачаеванын сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т. Мамытов төрагалык кылды.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 12-апрелиндеги кир.№ 6-6537/22) демилгелеген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.
Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин юстиция министринин биринчи орун басары З.А. Аскарованын сөзү.
Сөз сүйлөштү: депутат А.К. Мадумаров, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары Н.Ж. Бообеков.
Бул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы
М.К. Алиевдин сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2021-жылдын 4-октябрындагы кир.№ 6-13735/21) демилгелеген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.
Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору – Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Т.С. Калыковдун сөзү.
Сөз сүйлөштү: депутат Д.Д. Бекешев, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору – Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Т.С. Калыков.
Бул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы
М.К. Алиевдин сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
9. “Кыргыз Республикасынын Профсоюздар федерациясынын ишин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык топту түзүү жөнүндө” (демилгечилер – “Ынтымак” жана “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциялары) маселени кароо.
Сунушталган маселе жөнүндө “Ынтымак” парламенттик фракциясынын төрагасы – Б.З. Түлөбаевдин сөзү.
Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов.
Сөз сүйлөдү: депутат Б.З. Түлөбаев – Кыргыз Республикасынын Профсоюздар федерациясынын ишин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясынын курамы жөнүндө “Ынтымак” парламенттик фракциясынын төрагасы.
Кыргыз Республикасынын Профсоюздар федерациясынын ишин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясынын курамына төмөнкү талапкерлер: депутаттар “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан – А.Ж. Осмонов, “Элдик” депутаттык тобунан –
Ч.И. Ажибаев, “Ишеним” парламенттик фракциясынан – Р.Ш. Жакышов, “Ынтымак” парламенттик фракциясынан – Б.З. Түлөбаев, “Альянс” парламенттик фракциясынан – Н.Я. Алимжанова, “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынан – А.Т. Эрбаев, “Ыйман Нуру” парламенттик фракциясынан – З.Д. Мамасадыков, № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан – Ш.К. Атазов.
Сөз сүйлөштү: депутат Д.Д. Бекешев, төрагалык кылуучу.
Көрсөтүлгөн маселени добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
М.А. Маматалиев тарабынан киргизилген “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.
Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечи – депутат М.А. Маматалиевдин сөзү.
Сөз сүйлөштү: депутаттар Н.К. Кадырбеков, М.А. Маматалиев – демилгечи.
Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылды.
Сөз сүйлөштү: депутаттар Д.А. Джумабеков, М.А. Маматалиев – демилгечи, Г.А. Кожокулова, Д.А. Ашимова, К.К. Сулайманов, Ж.К. Акаев, В.К. Раимбачаева, төрагалык кылуучу, депутаттар Ш.К. Атазов,
Т.А. Масабиров, М.Самыйкожо.
Бул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д.Э. Толоновдун сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
1 саатка тыныгуу жарыяланды.
саат 14 00
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Т.Т. Мамытов жыйналышка төрагалык кылды.
54 депутат катталды.
11. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдарды кароо боюнча комиссия жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.
Сунушталган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примовдун сөзү.
Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
Сөз сүйлөштү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В.К. Раимбачаева, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары Н.Ж. Бообеков.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В.К. Раимбачаеванын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
(2022-жылдын 11-мартындагы № 130 токтому) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.З. Ормонов демилгелеген экинчи окуудагы “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорун жыйналыштын күн тартибине киргизүү жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.З. Ормонов менен Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары Н.Ж. Бообековдун сунушу боюнча “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары кызматына А.А. Касымалиевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө” маселени жыйналыштын күн тартибине киргизүү тууралуу добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 56, каршы – жок, бардыгы 56 депутат добуш берди, 70 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды.
12. “Мамлекеттик мүлктү башкаруунун жана менчиктештирүүнүн натыйжалуулугу маселесин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 220-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.
Сунушталган токтом долбоору жөнүндө төрагалык кылуучунун сөзү.
Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
13. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын
26-ноябрындагы № 4190-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.
Сунушталган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д.Э. Толоновдун сөзү.
Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
14. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 4932-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө; “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Балдар маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын
20-октябрындагы № 4933-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө; “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын Yйбүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын
20-октябрындагы № 4934-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун долбоорлорун кароо.
Сунушталган токтомдордун долбоорлору жана аларды кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы
В.К. Раимбачаеванын сөзү.
Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
15. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 18-майындагы № 6-9420/22) демилгелеген “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.
Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасы А.А. Турсунбаеванын сөзү.
Сөз сүйлөдү: депутат Ж.К. Акаев, Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары Т.А. Айталиев.
Бул мыйзам долбоорун бир эле убакта экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасы А.А. Турсунбаевдин сөзү.
Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
16. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 18-февралындагы № 89 токтому) демилгелеген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.
Сунушталган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д.Э Толоновдун сөзү.
Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: депутат Ж.К. Акаев.
17. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 11-мартындагы № 130 токтому) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.З. Ормонов демилгелеген “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорун экинчи окууда кароо.
Сунушталган Мыйзамдын бириктирилген долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В.Ч. Раимбачаеванын сөзү.
Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д. Бекешев, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри А.Б. Бейшеналиев, депутат Ч.А. Султанбекова, төрагалык кылуучу.
Депутат Ч.А. Султанбекованын сунушу боюнча жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жол-жобосу менен талкуулоону токтотуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы – 1, бардыгы 68 депутат добуш берди, 81 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөштү: депутат Д.А. Джумабеков, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри А.Б. Бейшеналиев, депутаттар
А.К. Мадумаров, Б.К. Чойбеков, Ж.К. Акаев, А.Ж. Осмонов, М.Самыйкожо, Ш.К. Атазов.
Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылды.
Сөз сүйлөштү: депутаттар Ш.К. Атазов, Ы.Ы. Атажанов, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри А.Б. Бейшеналиев, депутаттар К.А. Талиева, А.К. Малиев, Н.Т. Шакиев, Р.Ш. Жакышов,
З.Д. Мамасадыков, М.К. Сарбагышев, С.А. Атамбаев, Э.Н. Сулайманов,
Б.З. Түлөбаев, Т.И. Икрамов, К.К. Сулайманов, А.К. Мадумаров,
Ш.К. Козуев, Д.Д. Бекешев, Э.Ж. Сурабалдиева, төрагалык кылуучу.
Депутат А.К. Мадумаровдун сунушу боюнча сүйлөө үчүн ага убакыт берүү жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 55, каршы – 1, бардыгы 56 депутат добуш берди, 84 депутат катталды.
Чечим кабыл алынган жок.
Сөз сүйлөштү: депутат Д.А. Джумабеков, төрагалык кылуучу.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
А.К. Мадумаровдун сөзү.
Сөз сүйлөштү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В.К. Раимбачаева, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри А.Б. Бейшеналиев.
Бул бириктирилген Мыйзамдын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы
В.К. Раимбачаеванын сөзү.
Сөз сүйлөштү: депутат Б.З.Түлөбаев, төрагалык кылуучу.
Көрсөтүлгөн бириктирилген Мыйзамдын долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
18. “Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө” маселени кароо.
Сөз сүйлөдү: Төрагалык кылуучу Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын шайлоо үчүн эсептөө комисиясынын курамы жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын шайлоо үчүн эсептөө комисиясынын курамына төмөнкү талапкерлер: депутаттар “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан – А.А. Козуев, “Элдик” депутаттык тобунан – Ч.И. Ажибаев, “Ишеним” парламенттик фракциясынан – М.М. Мураталиев, “Ынтымак” парламенттик фракциясынан – М.Ж. Сыдыков,, “Альянс” парламенттик фракциясынан – Г.С. Молдобекова, “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынан – Г.А. Кожокулова,, “Ыйман Нуру” парламенттик фракциясынан – Д.А. Ашимова, № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан – Ш.К. Атазов.
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын шайлоо үчүн эсептөө комисиясынын курамына жогоруда көрсөтүлгөн депутаттар жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы – жок, бардыгы 65 депутат добуш берди, 84 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (эсептөө комиссия шайланды).
Депутат М.А. Маматалиевдин сунушу боюнча депутат Б.З.Түлөбаевге сөз сүйлөөгө 5 мүнөт убакыт берүү боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы – жок, бардыгы 62 депутат добуш берди, 84 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
Б.З. Түлөбаев Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын шайлоодон өз талапкерлигин алып салуу жөнүндө сөзү.
Сөз сүйлөштү: депутат Б.З. Түлөбаев, төрагалык кылуучу.
19. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары кызматына А.А. Касымалиевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө” маселени кароо.
Сунушталган маселе жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү
А.А. Абытовдун сөзү.
Сөз сүйлөштү: депутат А.К. Мадумаров, А.Т. Түмөнбаев,
Д.Д. Бекешев, төрагалык кылуучу.
Депутат А.Т. Түмөнбаевдин сунушу боюнча жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жол-жобосу менен талкуулоону токтотуу жана “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары кызматына
А.А. Касымалиевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору боюнча добуш берүү жол-жобосуна өтүү жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы – 5, бардыгы 70 депутат добуш берди, 84 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды.
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары кызматына А.А. Касымалиевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т. Мамытов төрагалык кылды.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 73, каршы – жок, бардыгы 73 депутат добуш берди, 84 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (Токтом долбоор кабыл алынды).
Сөз сүйлөштү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары кызматынын милдетин аткаруучу
А.А. Касымалиев, депутат А.К. Мадумаров, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов, депутаттар
Н.Т. Шакиев, Д.Д. Бекешев, Ж.К. Акаев, Э.Ж. Сурабалдиева.
Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылды.
Сөз сүйлөштү: депутат С.А. Айжигитов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары кызматынын милдетин аткаруучу А.А. Касымалиев.
Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т. Мамытов төрагалык кылды.
Сөз сүйлөштү: депутат А.Т. Түмөнбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов, төрагалык кылуучу, депутат Д.Д. Бекешев.
Сөз сүйлөдү: депутат М.А. Абдалиев Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын шайлоодон өз талапкерлигин алып салуу жөнүндө билдирүү.
Сөз сүйлөштү: депутат А.К. Малиев, төрагалык кылуучу.
Депутат А.К. Малиевдин сунушу боюнча ага сүйлөөгө 10 мүнөткө чейин убакыт берүү жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 58, каршы – жок, бардыгы 58 депутат добуш берди, 85 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды.
Депутат А.К. Малиевдин Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын шайлоолордо өз талапкерлигин алып салуу жөнүндө сөзү.
Сөз сүйлөштү: депутат Б.З. Түлөбаев, М.К. Алиев – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
20. 2022-жылдын 16-июнунда каралган мыйзам долбоорлор жана токтом долбоорлор боюнча добуш берүү.
II
75 депутат катталды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары
А.Б. Кенжебаев, М.Самыйкожо, У.Б. Бакасов демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – 10, бардыгы 73 депутат добуш берди, 75 депутат катталды.
Добуш берүү жараксыз деп таанылды.
“Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда кайрадан добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – 11, бардыгы 74 депутат добуш берди, 75 депутат катталды.
Добуш берүү жараксыз деп таанылды.
“Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда кайрадан добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы – 10, бардыгы 75 депутат добуш берди, 75 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Темир жол транспорту жөнүндө”, “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 74, каршы – жок, бардыгы 74 депутат добуш берди, 75 депутат катталды.
Добуш берүү жараксыз деп таанылды.
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Темир жол транспорту жөнүндө”, “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда кайрадан добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 75, каршы – жок, бардыгы 75 депутат добуш берди, 75 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).
“Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 75, каршы – жок, бардыгы 75 депутат добуш берди, 75 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 75, каршы – жок, бардыгы 75 депутат добуш берди, 75 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 76, каршы – жок, бардыгы 76 депутат добуш берди, 77 депутат катталды.
Добуш берүү жараксыз деп таанылды.
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда кайрадан добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 77, каршы – жок, бардыгы 77 депутат добуш берди, 77 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).
“Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда кайрадан добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 73, каршы – 4, бардыгы 77 депутат добуш берди, 77 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
М.А. Маматалиев тарабынан киргизилген “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 75, каршы – 4, бардыгы 79 депутат добуш берди, 79 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).
“Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 79, каршы – жок, бардыгы 79 депутат добуш берди, 79 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).
“Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – жок, бардыгы 78 депутат добуш берди, 79 депутат катталды.
Добуш берүү жараксыз деп таанылды.
“Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда кайрадан добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – жок, бардыгы 78 депутат добуш берди, 79 депутат катталды.
Добуш берүү жараксыз деп таанылды.
“Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда кайрадан добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – жок, бардыгы 78 депутат добуш берди, 79 депутат катталды.
Добуш берүү жараксыз деп таанылды.
“Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда кайрадан добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – 1, бардыгы 79 депутат добуш берди, 79 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 69, каршы – 10, бардыгы 79 депутат добуш берди, 79 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).
“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы – 8, бардыгы 79 депутат добуш берди, 79 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).
“Кыргыз Республикасынын Профсоюздар федерациясынын ишин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясынын курамы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 79, каршы – жок, бардыгы 79 депутат добуш берди, 79 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдарды кароо боюнча комиссия жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 79, каршы – жок, бардыгы 79 депутат добуш берди, 79 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).
“Мамлекеттик мүлктү башкаруунун жана менчиктештирүүнүн натыйжалуулугу маселесин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 220-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – жок, бардыгы 78 депутат добуш берди, 79 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).
“Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 4190-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 75, каршы – 1, бардыгы 76 депутат добуш берди, 79 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).
“Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 4932-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 74, каршы – 3, бардыгы 77 депутат добуш берди, 79 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).
“Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Балдар маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 4933-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – жок, бардыгы 78 депутат добуш берди, 79 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).
“Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын Yйбүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 4934-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – жок, бардыгы 78 депутат добуш берди, 79 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).
“Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 77, каршы – жок, бардыгы 77 депутат добуш берди, 79 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).
Сөз сүйлөштү: депутат Б.З. Түлөбаев, төрагалык кылуучу.
“Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө” маселени кароону улантуу.
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына шайлоо үчүн сунушталган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши сунуштаган депутат
Р.Ш. Жакышовдун талапкерлиги жөнүндө жана юридикалык коомчулуктар сунуштаган Э.Б. Базарбаев, К.Ж. Жороев,
Д.Ш. Маманов, А.Т. Ниязалиева, Б.С. Райымкулов, Э.И. Саданбеков, Ж.А. Сулайманов, Т.К. Эргешов жана С.Э. Эрмаматова талапкерликтери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы М.К. Алиевдин сөзү.
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти сунуштаган Б.А. Кыдыралиеванын талапкерлиги боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытовдын сөзү.
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешине шайланган талапкерлер
М.Т. Акбердиев, Н.М. Асанова, Э.Б. Барктабасова, Ш.Р. Камчыбеков, А.Э. Кубатов, Д.Э. Сагынбекова, А.А. Сейдакматова, А.М. Эшалиев жөнүндө Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасы К.К. Джунушпаевдин сөзү.
Сөз сүйлөштү: депутаттар К.К. Сулайманов, А.Ж. Осмонов, төрагалык кылуучу.
Депутат А.Ж. Осмоновдун сунушу боюнча каралып жаткан маселени бүткөнгө чейин жыйналыштын ишин улантуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 61, каршы – 2, бардыгы 63 депутат добуш берди, 80 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөштү: депутат Э.Ж.Жамгырчиев, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасы К.К. Джунушпаев, депутат Д.Д. Бекешев, төрагалык кылуучу.
Депутат Д.Д. Бекешевдин сунушу боюнча жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жол-жобосу менен талкуулоону токтотуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы – жок, бардыгы 72 депутат добуш берди, 82 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөштү: депутаттар Ж.К. Акаев, Ч.А. Султанбекова,
Н.Т. Шакиев, К.К. Сулайманов, төрагалык кылуучу.
Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн ортосундагы милдеттерди бөлүштүрүү (№ 1 протокол) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын төрагасы – депутат Г.С. Молдобекованын (“Альянс”) сөзү.
Бюллетень формасы (№ 2 протокол) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын төрагасы – депутат
Г.С. Молдобекованын (“Альянс”) сөзү.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын №1, №2 протоколдорун бекитүү жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – жок, бардыгы 63 депутат добуш берди, 82 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды.
Саат 18.03төн 18.25ге чейин бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү болот.
Саат 18.28ден 18.45ке чейин добуштарды эсептөө болот.
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын төрагасы – депутат Г.С. Молдобекованын (“Альянс”) бул маселе боюнча (№ 3 протокол) жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы жөнүндө сөзү.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши сунуштаган талапкерлер боюнча жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы:
Депутат Р.Ш. Жакышовдун талапкерлиги – макул – 72, каршы – жок.
Депутат Р.Ш. Жакышов Кыргыз Республикасынын юридикалык коомчулук сунуштаган талапкерлер боюнча жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы:
Э.Б. Базарбаев макул – 21 добуш;
К.Ж. Жороев макул – жок;
Д.Ш. Маманов макул – 8 добуш;
А.Т. Ниязалиева макул – жок;
Б.С. Райымкулов макул – 9 добуш;
Э.И. Саданбеков макул – жок;
Ж.А. Сулайманов – 14 добуш;
Т.К. Эргешов – жок;
С.Э. Эрмаматова – 18 добуш.
Жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча талапкерлер
Э.Б. Базарбаев жана С.Э. Эрмаматова II турга өтүштү.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын № 3 протоколун бекитүү жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 60, каршы – жок, бардыгы 60 депутат добуш берди, 82 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
II тур жарыялады.
Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын төрагасы Г.С. Молдобекова.
Саат 18.57ден – 19.15ге чейин бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү болот.
Саат 19.16дан – 18.23кө чейин добуштарды эсептөө болот.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
Жашыруун добуш берүүнүн II турунун натыйжасы (№ 4 протокол) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын төрагасы – депутат Г.С. Молдобекованын (“Альянс”) сөзү.
Жашыруун добуш берүүнүн II турунун натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасынын юридикалык коомчулук тарабынан сунушталган төмөнкү талапкерлер:
Э.Б. Базарбаевге макул – 43 добуш;
С.Э. Эрмаматовага макул – 22 добуш.
Жашыруун добуш берүүнүн II турунун натыйжасы боюнча талапкер Э.Б. Базарбаев III турга өттү.
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын № 4 протоколун бекитүү жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 50, каршы – 2, бардыгы 52 депутат добуш берди, 80 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды.
III тур жарыялады.
Сөз сүйлөштү: депутат Б.З. Түлөбаев, төрагалык кылуучу.
Депутат Б.З. Түлөбаевдин сунушу боюнча жашыруун добуш берүүнүн III турунун жол-жобосун өткөрүүнү 2022-жылдын 22-июнундагы жыйналышына которуу жөнүндө доуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 60, каршы – 7, бардыгы 67 депутат добуш берди, 81 депутат катталды.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
Ушуну менен жыйналыш ɵз ишин аяктады.
Төрага Т.Мамытов