Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 39 22.06.2022-ж.

19-08-2022
16:13

 

39

 

 

 

VII ЧАКЫРЫЛЫШТЫН I СЕССИЯСЫ

 

2022-ЖЫЛ

 

 

2022-жылдын 22-июну                                                      саат 10. 00

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган                               Кыргыз Республикасынын

                                                                  Жогорку Кеңешинин

                                                                  Төрагасы

Т.Т. Мамытов

 

 

 

Жыйналышка катышып отургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов.

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: Н.Я. Алимжанова,
Дж.К. Исаева, Г.А. Кожокулова, Л.Х. Лурова, Н.А. Нарматова,
В.К. Раимбачаева.

 

 

2022-жылдын 22-июнундагы жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселелер:

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
(2022-жылдын 4-мартындагы № 110 токтому) демилгелеген үчүнчү окуудагы “2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кредиттик таржымалдын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

 

 

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
(2022-жылдын 17-майындагы кир. № 6-9303/22 ) демилгелеген биринчи окуудагы “Бишкек шаарында кол коюлган Коомдук өнүктүрүүгө багытталган тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатында Индия Республикасынын гранттык жардамы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
(2022-жылдын 10-майындагы кир. № 6-8561/22 ) демилгелеген биринчи окуудагы “Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
(2022-жылдын 9-июнундагы кир. № 6-11886/22) демилгелеген биринчи окуудагы “2022-жылдын 20-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Баткен облусунда “Региондук экономикалык өнүктүрүү” экинчи долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
(2022-жылдын 21-апрелиндеги кир. № 6-7515/22) демилгелеген экинчи окуудагы “Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
(2022-жылдын 21-апрелиндеги кир. № 6-7453/22) демилгелеген экинчи окуудагы “Оюн-зоок маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

 

 

7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
(2022-жылдын 16-июнундагы № 324 токтому) демилгелеген “2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI токтомуна жана “Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын
8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;

 

 

8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
(2022-жылдын 31-майындагы кир.№ 10829/22) демилгелеген биринчи окуудагы “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

 

 

9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
(2022-жылдын 31-майындагы кир.№ 10829/22) демилгелеген биринчи окуудагы “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу декларациялоо жана мунапыс берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

 

 

10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаттары демилгелген “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

 

 

11. Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө. (Улантуу).

 

 

61 депутат катталды.

 

 

1. 2022-жылдын 22-июнундагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы – жок, бардыгы 59 депутат добуш берди, 62 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат С.А. Айжигитов, Н.Т. Шакиев, Ш.К. Атазов, Б.З. Түлөбаев, Ы.Ы. Атажанов, А.Ж. Осмонов, төрагалык кылуучу.

 

 

Депутат С.А. Айжигитовдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине жана Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине протоколдук тапшырма берүү.

 

 

Депутат А.Ж. Осмоновдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетине жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берүү.

 

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Депутат Ш.К. Атазовдун сунушу боюнча ага сүйлөөгө 10 мүнөткө чейин убакыт берүү боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 54, каршы – жок, бардыгы 54 депутат добуш берди, 69 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

Депутаттар Н.Т. Шакиев менен Б.З. Түлөбаевдин сунуштарын эске алуу менен 2022-жылдын 22-июнундагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 57, каршы – жок, бардыгы 57 депутат добуш берди, 71 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ш.К. Атазовдун сөзү.

 

 

Депутат Ш.К. Атазовдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине протоколдук тапшырма берүү.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө. (Улантуу).

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат У.З. Ормонов Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын курамына депутат Э.Р. Джусуповду киргизүү жана депутат М.М. Мураталиевди чыгаруу жөнүндө; депутат Б.З. Түлөбаев Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын курамына А.Исатбек кызын киргизүү жана М.Ж. Сыдыковду чыгаруу; депутат А.Т. Түмөнбаев Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын курамына депутат Ж.П. Нурбаевди киргизүү жана депутат Ч.И. Ажибаевди чыгаруу жөнүндө; депутат
У.З. Ормонов Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын курамына депутат Э.Р. Джусуповду киргизүү жана депутат А.К. Мадумаровду чыгаруу жөнүндө; депутат Б.З. Түлөбаев Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын курамына депутат Э.Т. Токтошевди киргизүү жана
Г.А. Кожокулованы чыгаруу жөнүндө.

 

 

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын шайлоо үчүн эсептөө комисиясынын курамына төмөнкү талапкерлер: депутаттар “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан – А.А. Козуев, “Элдик” депутаттык тобунан – Ж.П. Нурбаев, “Ишеним” парламенттик фракциясынан – Э.Р. Джусупов, “Ынтымак” парламенттик фракциясынан – А.Исатбек кызы, “Альянс” парламенттик фракциясынан – Г.С. Молдобекова, “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынан – Э.Т. Токтошев, “Ыйман Нуру” парламенттик фракциясынан – Д.А. Ашимова, № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан – Ш.К. Атазов.

 

 

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын шайлоо үчүн эсептөө комисиясынын курамына жогоруда көрсөтүлгөн депутаттарды бекитүү жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 51, каршы – 1, бардыгы 52 депутат добуш берди, 73 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Д.А. Джумабеков, төрагалык кылуучу.

 

 

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын шайлоо үчүн жашыруун добуш берүүнүнү III туру жаряланды.

 

 

Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын шайлоо үчүн эсептөө комисиясынын төрагасы Г.С. Молдобекова.

 

 

Саат 10:52ден – 11:12ге чейин бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү болот.

 

 

Саат 11:13төн – 11:25ке чейин добуштарды эсептөө болот.

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Жашыруун добуш берүүнүн III турунун натыйжасы (№ 5 протокол) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын төрагасы – депутат Г.С. Молдобекованын (“Альянс”) сөзү.

 

 

Жашыруун добуш берүүнүн III турунун натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасынын юридикалык коомчулук тарабынан сунушталган төмөнкү талапкер:

 

Э.Б. Базарбаевге макул – 63 добуш, каршы – 5 добуш;

 

 

Жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына Э.Б. Базарбаев шайланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын № 5 протоколун бекитүү жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 49, каршы – жок, бардыгы 49 депутат добуш берди, 74 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

“Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы – жок, бардыгы 59 депутат добуш берди, 74 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 4-мартындагы № 110 токтому) демилгелеген “2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кредиттик таржымалдын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Д.Д. Бекешев, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары М.Ж. Жакыпов, депутат
Э.Э. Жамгырчиев.

 

 

Бул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ч.А. Султанбекованын сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 17-майындагы кир. № 6-9303/22) демилгелеген “Бишкек шаарында кол коюлган Коомдук өнүктүрүүгө багытталган тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатында Индия Республикасынын гранттык жардамы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Ч.С. Сейитовдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Д.А. Джумабеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Ч.С. Сейитов, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов, төрагалык кылуучу, депутаттар Р.Ш. Жакышов, Э.Э. Жамгырчиев, К.Л. Ханджеза, Д.Д. Бекешев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана коммерция министрлигинин Тышкы жардам департаментинин тышкы жардамга мониторинг жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Э.А. Аскаров, депутат
И.И. Матраимов.

 

 

Бул мыйзам долбоорун биринчи окууда бардык парламенттик фракциялардын жана “Элдик” депутаттык тобунун чечимдерин бир эле учурда үч окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары
Ч.А. Султанбекованын сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Ж.К. Акаев, төрагалык кылуучу.

 

 

“Альянс” парламенттик фракциясынын лидери Ж.К. Акаевдин сунушу боюнча тыныгуу жарыяланды.

 

 

 

саат 14 00

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов жыйналышка төрагалык кылды.

 

 

55 депутат катталды.

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 10-майындагы кир. № 6-8561/22) демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунушталган мыйзам долбоор жөнүндө Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары
З.А. Аскарованын сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Д.Д. Бекешев,  Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары
З.А. Аскарова, депутат Б.З. Түлөбаев.

 

 

Бул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы
Ч.А. Султанбекованын сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 9-июнундагы кир. № 6-11886/22) демилгелеген “2022-жылдын 20-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Баткен облусунда “Региондук экономикалык өнүктүрүү” экинчи долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Ч.С. Сейитов.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Д.А. Джумабеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Ч.С. Сейитов, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Р.С. Татиков, депутат Ы.Ы. Атажанов, төрагалык кылуучу.

 

 

Депутат Ы.Ы. Атажановдын сунушу боюнча жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жол-жобосу менен талкуулоону токтотуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 57, каршы – жок, бардыгы 57 депутат добуш берди, 71 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат И.А. Масалиев, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Р.С. Татиков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Ч.С. Сейитов, депутаттары
Э.Э. Жамгырчиев, А.К. Мадумаров, Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин Ош областында жана Ош шаарында региондук экономикалык өнүктүрүү долбоорунун координатору А.А. Кадыров, депутаттар Н.А. Ражабалиев, У.З. Ормонов, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары Н.Т. Шерипов, депутат А.Б. Кенжебаев.

 

 

Бул мыйзам долбоорун бир эле учурда үч окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ч.А. Султанбекованын сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар Д.А. Джумабеков, Ч.А. Султанбекова – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Д.Дж. Амангельдиев, депутат А.К. Мадумаров.

 

 

Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т. Мамытов төрагалык кылды.

Сөз сүйлөштү: депутаттар И.А. Масалиев, А.К. Мадумаров, төрагалык кылуучу, депутаттар Ж.К. Акаев, Д.А. Джумабеков.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытовдун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 21-апрелиндеги кир.
№ 6-7515/22)
демилгелеген экинчи окуудагы “Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 21-апрелиндеги кир. № 6-7453/22) демилгелеген экинчи окуудагы “Оюн-зоок маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын
31-майындагы кир.№ 10829/22) демилгелеген биринчи окуудагы “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 31-майындагы кир.№ 10829/22) демилгелеген биринчи окуудагы “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу декларациялоо жана мунапыс берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 16-июнундагы № 324 токтому) демилгелеген “2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын
25-июнундагы № 3966-VI токтомуна жана “Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун жыйналыштын күн тартибине киргизүү боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 43, каршы – 11, бардыгы 54 депутат добуш берди, 76 депутат катталды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытовдун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 21-апрелиндеги кир.
№ 6-7515/22)
демилгелеген экинчи окуудагы “Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 21-апрелиндеги кир. № 6-7453/22) демилгелеген экинчи окуудагы “Оюн-зоок маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын
31-майындагы кир.№ 10829/22) демилгелеген биринчи окуудагы “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 31-майындагы кир.№ 10829/22) демилгелеген биринчи окуудагы “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу декларациялоо жана мунапыс берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 16-июнундагы № 324 токтому) демилгелеген “2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын
25-июнундагы № 3966-VI токтомуна жана “Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун жыйналыштын күн тартибине киргизүү боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 54, каршы – 13, бардыгы 67 депутат добуш берди, 80 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.К. Масалиев, Б.З. Түлөбаев, Д.Д. Бекешев, М.Самыйкожо, Н.Т. Шакиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов, депутаттар Б.К. Чойбеков,
А.К. Мадумаров, төрагалык кылуучу.

 

 

 

8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 21-апрелиндеги кир. № 6-7515/22) демилгелеген “Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

Сөз сүйлөштү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д.Э. Толонов, төрагалык кылуучу.

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы
Д.Э. Толоновдун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 21-апрелиндеги кир. № 6-7515/22) демилгелеген “Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 21-апрелиндеги кир. № 6-7453/22) демилгелеген “Оюн-зоок маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун экинчи окууда кароо боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 57, каршы – 8, бардыгы 65 депутат добуш берди, 78 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 21-апрелиндеги кир. № 6-7515/22) демилгелеген “Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 21-апрелиндеги кир. № 6-7453/22) демилгелеген “Оюн-зоок маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун экинчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоорлор жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д.Э. Толоновдун сөзү.

 

Сөз сүйлөштү: депутат Д.Д. Бекешев, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетиинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси
А.У. Жапаров, депутат А.Д. Таштанбеков.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Депутат А.Д. Таштанбековдун сунушу боюнча жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жол-жобосу менен талкуулоону токтотуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы – 7, бардыгы 66 депутат добуш берди, 79 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар И.А. Масалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары
Д.Дж. Амангельдиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетиинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У. Жапаров, депутаттар
С.А. Омурзаков, Ж.Коргонбай уулу, А.К. Малиев, А.К. Мадумаров,
Н.К. Кадырбеков, Б.К. Чойбеков, Э.Э. Жамгырчиев, Ж.К. Акаев,
Б.У. Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары К.К. Ташиев, депутаттар
Ы.Ы. Атажанов, Э.Р. Сатыбалдиев, Н.Т. Шакиев, К.К. Сулайманов,
Ж.П. Нурбаев, А.Т. Түмөнбаев, А.Т. Эрбаев, С.А. Айжигитов, Б.З. Түлөбаев.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Ш.К. Атазов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетиинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У. Жапаров.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т. Мамытов төрагалык кылды.

Сөз сүйлөштү: депутат Ш.К. Атазов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетиинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У. Жапаров, төрагалык кылуучу.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар Э.Э. Жамгырчиев, К.К. Сулайманов, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары К.К. Ташиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетиинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У. Жапаров, депутаттар Д.Д. Бекешев, А.К. Малиев, төрагалык кылуучу, И.А. Масалиев.

 

 

“Оюн-зоок маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлор экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д.Э. Толоновдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д.Э. Толонов.

 

 

“Оюн-зоок маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д.Э. Толоновдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 16-июнундагы № 324 токтому) демилгелеген “2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы
№ 3966-VI токтомуна жана “Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

 

Сунушталган токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы М.И. Бакировдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат И.А. Масалиев, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы М.И. Бакиров, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетиинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси
А.У. Жапаров.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

11. 2022-жылдын 22-июнунда каралган мыйзам долбоорлор боюнча добуш берүү.

 

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат И.А. Масалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов.

72 депутат катталды.

 

 

“2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кредиттик таржымалдын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы – жок, бардыгы 71 депутат добуш берди, 72 депутат катталды.

 

Добуш берүү жараксыз деп таанылды.

 

 

“2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кредиттик таржымалдын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы – жок, бардыгы 72 депутат добуш берди, 72 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

“Бишкек шаарында 2021-жылдын 11-октябрында кол коюлган Коомдук өнүктүрүүгө багытталган тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатында Индия Республикасынын гранттык жардамы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 69, каршы – 6, бардыгы 75 депутат добуш берди, 75 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Ч.А. Султанбекова.

 

 

“Бишкек шаарында 2021-жылдын 11-октябрында кол коюлган Коомдук өнүктүрүүгө багытталган тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатында Индия Республикасынын гранттык жардамы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы – 3, бардыгы 75 депутат добуш берди, 75 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

“Бишкек шаарында 2021-жылдын 11-октябрында кол коюлган Коомдук өнүктүрүүгө багытталган тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатында Индия Республикасынын гранттык жардамы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы – 3, бардыгы 74 депутат добуш берди, 75 депутат катталды.

 

Добуш берүү жараксыз деп таанылды.

 

 

“Бишкек шаарында 2021-жылдын 11-октябрында кол коюлган Коомдук өнүктүрүүгө багытталган тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатында Индия Республикасынын гранттык жардамы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы – 4, бардыгы 75 депутат добуш берди, 75 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 74, каршы – 1, бардыгы 75 депутат добуш берди, 75 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

“2022-жылдын 20-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Баткен облусунда “Региондук экономикалык өнүктүрүү” экинчи долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 74, каршы – жок, бардыгы 74 депутат добуш берди, 74 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д.Э. Толонов.

 

 

“2022-жылдын 20-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Баткен облусунда “Региондук экономикалык өнүктүрүү” экинчи долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 74, каршы – жок, бардыгы 74 депутат добуш берди, 74 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

“2022-жылдын 20-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Баткен облусунда “Региондук экономикалык өнүктүрүү” экинчи долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 73, каршы – 1, бардыгы 74 депутат добуш берди, 74 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

“Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы – 9, бардыгы 68 депутат добуш берди, 74 депутат катталды.

 

 

“Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы – 9, бардыгы 68 депутат добуш берди, 74 депутат катталды.

 

 

“Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 58, каршы – 9, бардыгы 67 депутат добуш берди, 74 депутат катталды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.К. Мадумаров, төрагалык кылуучу.

 

 

“Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы – 9, бардыгы 68 депутат добуш берди, 74 депутат катталды.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Тыныгуу жарыяланды.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Жыйналыштын күн тартиби боюнча бардык маселелерди кароону бүткөнгө чейин жыйналыштын ишин узартуу жөнүндө добуш берүү.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т. Мамытов төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Жыйналыштын күн тартиби боюнча бардык маселелерди кароону бүткөнгө чейин жыйналыштын ишин узартуу жөнүндө добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 55, каршы – 1, бардыгы 56 депутат добуш берди, 72 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

2022-жылдын 22-июнунда каралган мыйзам долбоорлор боюнча добуш берүүнү улантуу.

 

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутаттар И.А. Масалиев,
Д.А. Джумабеков, А.Д. Таштанбеков, А.К. Мадумаров.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Дептутат А.К. Мадумаровдун сунушу боюнча ага сөз сүйлөөгө 10 мүнөткө чейин убакыт берүү боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 48, каршы – 5, бардыгы 53 депутат добуш берди, 72 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар Б.З. Түлөбаев, Д.Д. Бекешев,
А.Д. Таштанбеков, төрагалык кылуучу депутат И.А. Масалиев.

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
А.К. Мадумаровдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутаттары А.К. Мадумаров, А.Т. Түмөнбаев.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Дептутат А.Т. Түмөнбаевдин сунушу боюнча ага сөз сүйлөөгө 10 мүнөткө чейин убакыт берүү боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы – жок, бардыгы 62 депутат добуш берди, 73 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
А.Т. Түмөнбаевдин сөзү.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетиинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У. Жапаровдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар А.Д. Таштанбеков, Ж.К. Акаев,
Ж.С. Кыдыкбаев, А.К. Малиев, А.Б. Кенжебаев, төрагалык кылуучу.

 

 

“Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы – 9, бардыгы 68 депутат добуш берди, 73 депутат катталды.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Укуктук камсыз кылуу жана ченемдик укуктук актыларды тутумдаштыруу бөлүмүнүн башчысы Б.М. Мамытовго сөз берүү жөнүндө.

 

 

Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Укуктук камсыз кылуу жана ченемдик укуктук актыларды тутумдаштыруу бөлүмүнүн башчысы Б.М. Мамытов “Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” жана “Оюн-зоок маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун экинчи жана үчүнчү окууларда добуш берүүдө конституциялык норманы колдонуу тууралуу.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Кабыл алынган чечим (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 86-беренесинин 4-пунктунун негизинде “Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун экинчи окууда добуш берүүнүн натыйжасы боюнча төмөнкүдөй эсептелди: макул – 59, каршы – 9, бардыгы 68 депутат добуш берди, 74 депутат катталды).

 

 

“Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 58, каршы – 9, бардыгы 67 депутат добуш берди, 72 депутат катталды.

 

Кабыл алынган чечим (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 86-беренесинин 4-пунктунун негизинде “Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору толугу менен кабыл алынды деп эсептелди).

 

 

“Оюн-зоок маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы – 7, бардыгы 66 депутат добуш берди, 72 депутат катталды.

 

 

Кабыл алынган чечим (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 86-беренесинин 4-пунктунун негизинде “Оюн-зоок маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынды деп эсептелди).

 

 

“Оюн-зоок маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы – 7, бардыгы 66 депутат добуш берди, 72 депутат катталды.

 

Кабыл алынган чечим (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 86-беренесинин 4-пунктунун негизинде “Оюн-зоок маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору толугу менен кабыл алынды деп эсептелди).

 

 

“2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы
№ 3966-VI токтомуна жана “Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын
8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – 2, бардыгы 65 депутат добуш берди, 72 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат И.А. Масалиев.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 31-майындагы кир.№ 10829/22) демилгелеген “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 31-майындагы кир.№ 10829/22) демилгелеген “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу декларациялоо жана мунапыс берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун биринчи окууда кароо.

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Д.Дж.Амангельдиевдин сөзү.

 

 

Сөз сүйлөдү: Б.З. Түлөбаев.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Н.Т. Шакиев, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Д.Дж.Амангельдиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетиинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси
А.У. Жапаров, депутаттар А.К. Мадумаров, И.А. Масалиев, Ж.Коргонбай уулу, А.К. Малиев, К.К. Сулайманов, Н.А. Ражабалиев, Ш.К. Атазов,
Б.З. Түлөбаев.

 

 

Бул мыйзам долбоорлорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д.Э. Толоновдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

 

Ушуну менен жыйналыш ɵз ишин аяктады.

 

 

 

 

Төрага                                                                                  Т.Мамытов