40
VII ЧАКЫРЫЛЫШТЫН I СЕССИЯСЫ
2022-ЖЫЛ
2022-жылдын 23-июну саат 10.00
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы
Төрагалык кылган: Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин
Төрагасынын орун басары
Н.О. Сыдыгалиев
Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Өкүлчүлүгүнүн эксперти
А.А. Гайыпов.
Жыйналышка катышпаган депутаттар: Н.Я. Алимжанова,
Дж.К. Исаева, Г.А. Кожокулова, Л.Х. Лурова, Н.А. Нарматова,
В.К. Раимбачаева.
2022-жылдын 23-июнундагы жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселелер:
1. Ар кандай;
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаттары тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, экинчи окууда;
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 18-февралындагы № 85 токтом), “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, үчүнчү окууда;
4. Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2021-жылдын 28-майындагы кир. № 6-7277/21), “2020-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, экинчи окууда;
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 19-апрелиндеги кир. № 6-7189/22), “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде ссуда алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, биринчи окууда;
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 19-майындагы № 6-9627/22), “Кооптуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, биринчи окууда;
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 17-майындагы кир. № 6-9306/22), “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу, биринчи окууда;
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 25-майындагы кир. № 6-10262/22), “Жамааттык келишимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, биринчи окууда;
9. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири жөнүндө;
10. “Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири жөнүндө;
11. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына балдар маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу;
12. “Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу;
13. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары
С.А. Омурзаков, Ч.А. Султанбекова, Э.Т. Токтошев, У.Б. Бакасов, М.Самыйкожо, А.А. Исираилов, Н.К. Кадырбеков, А.Б. Кенжебаев,
А.А. Турсунбаев, Ж.К. Акаев, Э.Э. Жамгырчиев, У.Б. Примов тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын аймактарында жашаган кызматкерлерге социалдык төлөмдөрдү инвентаризациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору жөнүндө;
14. “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун жана “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун жаңы акцияларын чыгарууга макулдук берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору тууралуу”;
15. 2021-жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралуу.
55 депутат катталды.
1. 2022-жылдын 23-июнундагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 39, каршы – жок, бардыгы
39 депутат добуш берди, 55 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: депутаттар З.Д. Мамасадыков, Д.Э. Толонов,
С.А. Омурзаков, Б.К. Чойбеков, М.А. Маматалиев, А.К. Мадумаров,
Э.Э. Жамгырчиев, Э.Р. Сатыбалдиев, төрагалык кылуучу, депутаттар
И.А. Масалиев, Ж.Коргонбай уулу, М.М. Мураталиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
Чечим кабыл алынды: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары С.А. Омурзаков, Ч.А. Султанбекова, Э.Т. Токтошев, У.Б. Бакасов, М.Самыйкожо, А.А. Исираилов, Н.К. Кадырбеков,
А.Б. Кенжебаев, А.А. Турсунбаев, Ж.К. Акаев, Э.Э. Жамгырчиев,
У.Б. Примов тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын аймактарында жашаган кызматкерлерге социалдык төлөмдөрдү инвентаризациялоо жөнүндө” жана “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун жана “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун жаңы акцияларын чыгарууга макулдук берүү жөнүндө”, ошондой эле 2021-жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорлору жыйналыштын күн тартибинин долбооруна киргизилсин.
Депутаттар Д.Э. Толонов, С.А. Омурзаковдун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү
А.А. Абытовдун сунуштарын эске алуу менен 2022-жылдын
23-июнундагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 41, каршы – 1, бардыгы
42 депутат добуш берди, 63 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
Депутат З.Д. Мамасадыковдун сунушу боюнча ага 10 мүнөт убакытка чейин чыгып сүйлөө мүмкүндүгүн берүү жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 36, каршы – 2, бардыгы
38 депутат добуш берди, 64 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
З.Д. Мамасадыковдун сөзү.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
3. Ар кандай.
Сөз сүйлөдү: депутаттар Б.К. Чойбеков, А.Б. Кенжебаев,
А.Д. Таштанбеков, М.К. Сарбагышев, Э.Э. Жамгырчиев, А.К. Малиев,
Б.У. Сыдыков, Ж.Коргонбай уулу, Ы.Ы. Атажанов, К.А. Талиева,
К.К. Сулайманов, А.Т. Эрбаев, А.Исатбек кызы, Ж.П. Нурбаев, Ш.К. Атазов, Г.О. Култаева, М.М. Муралиев, Э.Т. Токтошев, А.Т. Түмөнбаев,
Э.Н. Сулайманов, К.Л. Ханджеза, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов.
Депутат Ы.Ы. Атажановдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча; Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча;
Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча жана Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
IV чакырылышынын депутаттары тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кароо, экинчи окууда.
Сөз сүйлөдү: депутаттар М.А. Маматалиев, К.А. Талиева.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
14.00 саатка чейин тыныгуу жарыялоо жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 28, каршы – 3, бардыгы
31 депутат добуш берди, 68 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 18-февралындагы
№ 85 токтом), “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кароо, үчүнчү окууда;
Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д.Э. Толоновдун сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2021-жылдын 28-майындагы кир.
№ 6-7277/21), “2020-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кароо, экинчи окууда;
Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д.Э. Толоновдун сөзү.
Сөз сүйлөдү: депутат А.Т. Эрбаев, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору А.Т. Байгазаков, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары У.О. Даникеев, депутаттар М.М. Мураталиев,
С.А. Айжигитов, А.К. Малиев, Кыргыз Республикасынын финансы министри А.К. Бакетаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Өкүлчүлүгүнүн эксперти А.А. Гайыпов, депутаттар
Г.О. Култаева, К.К. Сулайманов, А.Б. Кенжебаев, М.Самыйкожо,
А.Д. Таштанбеков, Э.Т. Токтошев, К.А. Талиева, А.А. Козуев, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары У.А. Кимсанов, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Т.К. Ишеналиев, депутат М.К. Сарбагышев.
Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д.Э. Толоновдун сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 19-апрелиндеги
кир. № 6-7189/22), “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде ссуда алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары
У.И. Календеровдун сөзү.
Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д.Э. Толоновдун сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 19-майындагы № 6-9627/22), “Кооптуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Д.А. Кутманованын сөзү.
Сөз сүйлөдү: депутат А.А. Козуев, төрагалык кылуучу.
1 сааттык тыныгуу жарыяланды.
14 саат
Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О. Сыдыгалиев төрагалык кылды.
48 депутат катталды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 19-майындагы № 6-9627/22), “Кооптуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо улантылды.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Д.А. Кутманованын сөзү.
Сөз сүйлөдү: депутат И.А. Масалиев, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри
Д.А. Кутманова, депутаттар А.А. Козуев, А.К. Малиев, М.М. Мураталиев, Б.У. Сыдыков, К.К. Сулайманов, Ы.Ы. Атажанов, М.Самыйкожо, төрагалык кылуучу.
Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат М.Самыйкожонун сунушу боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 31, каршы – жок, бардыгы
31 депутат добуш берди, 61 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: депутат А.Т. Эрбаев, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри
Д.А. Кутманова, депутаттар Ж.К. Акаев, А.Д. Таштанбеков, К.Л. Ханджеза, Д.Д. Бекешев, Ж.Коргонбай уулу, Г.О. Култаева.
Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин төрагасынын орун басары М.Самыйкожонун сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат И.А. Масалиев.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаттары тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда жыйналыштын күн тартибинен чыгаруу жана аны кароону Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кийинки жыйналышына жылдыруу жөнүндө депутат И.А. Масалиевдин сунушу боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 39, каршы – жок, бардыгы
39 депутат добуш берди, 64 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 17-майындагы
кир. № 6-9306/22), “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары
З.А. Аскарованын сөзү.
Сөз сүйлөдү: депутат К.А. Талиева, Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары З.А. Аскарова, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары С.А. Аманова, депутаттар М.Самыйкожо,
Д.А. Джумабеков.
Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ж.Коргонбай уулунун сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 25-майындагы кир. № 6-10262/22), “Жамааттык келишимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министри К.Б. Базарбаевдин сөзү.
Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А. Исатбек кызынын сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
11. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине жана “Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына балдар маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына; “Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин кароо.
Сунуш кылынган каршы пикирлер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Исатбек кызынын сөзү.
Сөз сүйлөдү: депутат Д.А. Джумабеков, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министри К.Б. Базарбаев, депутат Ө.М. Бакиров.
Сөз сүйлөдү: депутат Д.А. Джумабеков, төрагалык кылуучу.
Сөз сүйлөдү: депутат Д.А. Джумабеков, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министри К.Б. Базарбаев.
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексин, “Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына балдар маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын четке кагуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Исатбек кызынын сөзү.
Көрсөтүлгөн Кодексти жана мыйзамдарды добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
12. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары С.А. Омурзаков, Ч.А. Султанбекова, Э.Т. Токтошев, У.Б. Бакасов, М.Самыйкожо, А.А. Исираилов, Н.К. Кадырбеков, А.Б. Кенжебаев,
А.А. Турсунбаев, Ж.К. Акаев, Э.Э. Жамгырчиев, У.Б. Примов тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын аймактарында жашаган кызматкерлерге социалдык төлөмдөрдү инвентаризациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.
Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө демилгечилердин бири – депутат С.А. Омурзаковдун сөзү.
Сөз сүйлөдү: депутат Д.А. Джумабеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Өкүлчүлүгүнүн эксперти
А.А. Гайыпов, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министринин орун басары Ж.А. Полотова.
Ушул токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Исатбек кызынын сөзү.
Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
13. “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун жана “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун жаңы акцияларын чыгарууга макулдук берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.
Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары
Т.А. Айталиевдин сөзү.
Сөз сүйлөдү: депутат Д.А. Джумабеков, Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары Т.А. Айталиев, депутаттар
Ж.П. Нурбаев, К.Л. Ханджеза, Д.Д. Бекешев, Ө.М. Бакиров, А.Б. Кенжебаев, Г.О. Култаева.
Ушул токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасынын орун басары М.Самыйкожонун сөзү.
Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.
Төраганын орун басары Н. Сыдыгалиев