Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2022-жылдын 16-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибинин долбоору

25-08-2022
16:21

Долбоор

 

2022-жылдын 16-февралындагы Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартиби

 

1. “2017-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Кирешелерге жана капиталдын өсүшүнө кош салык салууну болтурбоо жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 17.11.21деги № 268 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет караган)

 

2. “2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 03.12.21деги № 290 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет караган)

 

3. “2021-жылдын 17-февралында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 12-ноябрындагы Атаандашуунун бирдиктүү эрежелеринин сакталышын контролдоо боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын ыйгарым укуктары ишке ашырылган учурда купуялуу маалыматты коргоо тартиби жана аны ачыкка чыгаруу үчүн жоопкерчилик жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 11.01.22деги № 2 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет караган)

 

4. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир.№ 12992/21, 21.09.21) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет караган)

 

5. Кыргыз Республикасында 2022-жылы жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы

(Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет караган)

 

6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевичти дайындоого макулдук берүү жөнүндө (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет, Социалдык саясат боюнча комитет караган)

 

7. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын түзүмү жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 9-февралындагы № 43-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору