Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө юридикалык коомчулуктан жазуу жүзүндө сунуштарды кабыл алуу тууралуу жарыялайт

14-04-2022
18:27

“Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 7-беренесине ылайык аталган Кеңештин курамына сунушталуучу адамдар:

- 40 жаштан жаш эмес курактагы Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш;

- кынтыксыз абройго, коомдо сый-урматка ээ болууга тийиш;

- чет мамлекеттин жараны болбоого тийиш;

- кайсыдыр бир саясий партияда турбоого тийиш;

- соттолгондугу, анын ичинде соттолгондугу алып салынгандыгы же жоюлгандыгы жок болууга тийиш.

Кылмыш жасоого шектелген же айыпталган, же болбосо реабилитацияланбоочу негиздер боюнча кылмыштык куугунтуктоосу кыскартылган адам Кеңештин мүчөсү боло албайт.

Юридикалык коомчулуктан 40 жашка чыккан, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча 15 жылдан кем эмес иш стажы бар жана мамлекеттик же муниципалдык кызматта турбаган адам Кеңештин мүчөсү боло алат.

Кеңештин мүчөлөрү сотто тараптардын өкүлү жана адвокат катары катышууга укуксуз.

Төмөнкү адамдар Кеңештин мүчөлөрү боло албайт:

- кынтыксыз эмес жүрүм-турумуна байланыштуу мурда Кыргыз Республикасынын судьясы кызматынан бошотулган;

- укук коргоо органынын же прокуратура органынын кызматкеринин наамын жаманатты кылганына байланыштуу укук коргоо органдарынан же прокуратура органдарынан бошотулган же адвокаттык же нотариалдык иш жүргүзүү укугун берүүчү лицензиясынан ажыратылган;

- аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында же мамлекеттин үлүшү 50 жана андан ашык пайызды түзгөн ишканалардын, уюмдардын башкаруу органдарында иштегендер;

- укук коргоо органдарында же прокуратура органдарында кызматта тургандар, ошондой эле бул органдардын кадрларынын тескөөсүндө болгондор;

- Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинде тургандар.

“Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 8-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык юридикалык коомчулуктун өкүлдөрүнүн ичинен талапкерлер Кеңештин курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жарыяланган күнгө карата бирикме катары иш жүзүндө 5 жылдан кем эмес иш алып барган юристтердин коомдук бирикмелеринин уставдык органдары тарабынан шайланат.

Юристтердин коомдук бирикмеси Кеңештин курамына 4 талапкерге чейин көрсөтүүгө укуктуу. Коомдук бирикменин уюштуруу документтерине ылайык жол-жоболоштурулган тиешелүү чечими коомдук бирикменин каттоо алгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү менен бирге Жогорку Кеңешке жиберилет.

Юридикалык коомчулуктан келип түшкөн сунуштар жана талапкерлердин жогоруда аталган конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугу жөнүндө күбөлөндүрүлгөн документтери төмөндөгү көрсөтүлгөн дарек боюнча 2022-жылдын 28-апрелинин саат 18:00 чейин кабыл алынат:

Бишкек шаары, Чүй проспекти – 205.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

Тел.: 63-92-71