Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 2 07.09.2022-ж.

16-09-2022
11:39

    2

 

 

VII ЧАКЫРЫЛЫШТЫН I СЕССИЯСЫ

2022-2023-ЖЫЛДАР

 

 

 

2022-жылдын 7-сентябры                                                    саат 10.00

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган:                              Кыргыз Республикасынын                                                                  Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

Т.Т Мамытов

 

 

Жыйналышка катышып олтурган: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов.

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: Ч.И. Ажибаев,
Б.З. Түлөбаев.

 

 

2022-жылдын 7-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселелер:

 

1. 2022-жылдын сентябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин календарлык иш планын бекитүү жөнүндө;

 

2. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри кызматына
Г.М. Баатырованы дайындоого макулдук берүү жөнүндө;

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген
(2020-жылдын 8-майындагы № 242 токтом), “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө, үчүнчү окууда;

 

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 18-январындагы № 19 токтому), “Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө, үчүнчү окууда;

 

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 12-апрелиндеги
кир.№ 6-6536/22), “Ички иштер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, экинчи окууда;

 

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 26-майындагы кир.№ 6-9626/22), “Кылмыш-жазык-аткаруу иши чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, биринчи окууда;

 

7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 30-майындагы
кир.№ 6-10640/22), “Социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу, биринчи окууда;

 

8. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору жөнүндө”;

 

9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө.

 

 

         64 депутат катталган.

 

 

         1. 2022-жылдын 7-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы – жок, бардыгы 59 депутат добуш берди, 67 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Ы.Ы. Атажанов, А.А. Козуев,
А.Ж. Осмонов, Ч.А. Султанбекова, Т.И. Икрамов, М.А. Маматалиев,
Ш.К. Атазов, Э.Т. Токтошев, Р.Ш. Жакышов, М.А. Абдалиев,
Д.Д. Бекешев, К.К. Сулайманов, М.М. Мураталиев, И.А. Масалиев,
С.А. Омурзаков, Д.А. Ашимова, Ш.Мажитова, Н.Т. Шакиев,
Э.Ж. Сурабалдиева, А.Т. Маткеримов, А.К. Малиев, Н.К. Кадырбеков,
А.К. Мадумаров, Н.А. Нарматова, Э.Э. Жамгырчиев, төрагалык кылуучу, депутат У.З. Ормонов.

        

         Депутаттар А.А. Козуев, А.Т. Маткеримов, Н.А. Нарматова жана Э.Э. Жамгырчиевдин сөздөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

        

         Депутаттар Ч.А. Султанбекова, Ы.Ы. Атажанов, Т.И Икрамов,
М.А. Маматалиев, К.К. Сулайманов, Ш.Мажитова, Н.Т. Шакиев,
Э.Ж. Сурабалдиева жана Э.Т. Токтошевдун сөздөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү; эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция жана социалдык саясат боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.

        

         Депутат Р.Ш. Жакышовдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

        

         Ага чыгып сүйлөө мүмкүндүгүнө 10 мүнөткө чейин убакыт берүү жөнүндө депутат Н.К. Кадырбековдун сунушу боюнча добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – жок, бардыгы 63 депутат добуш берди, 87 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

         2022-жылдын 7-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун толугу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 69, каршы – жок, бардыгы 69 депутат добуш берди, 87 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

        

         2. “Ыйман нуру” парламенттик фракциясынын лидери
Н.К Кадырбековдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат А.К. Мадумаров.

        

         Ага чыгып сүйлөө мүмкүндүгүнө 10 мүнөткө чейин убакыт берүү жөнүндө депутат А.К. Мадумаровдун сунушу боюнча добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 75, каршы – жок, бардыгы 75 депутат добуш берди, 87 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

        

         3. “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери А.К. Мадумаровдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Ж.К. Акаев, төрагалык кылуучу.

        

         Депутат Ж.К. Акаевдин жана “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ынтымак” парламенттик фракцияларынын, ошондой эле “Элдик" депутаттык тобунун лидерлеринин сунуштары боюнча аларга чыгып сүйлөө мүмкүндүгүнө 10 мүнөткө чейин убакыт берүү жөнүндө добуш берүү.

        

         Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 76, каршы – жок, бардыгы
76 депутат добуш берди, 88 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д.Э. Толонов, төрагалык кылуучу.

        

        

         4. “Альянс” парламенттик фракциясынын лидери
Ж.К. Акаевдин сөзү.

        

        

         5. “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери Н.Т. Шакиевдин сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         “Ишеним” парламенттик фракциясынын лидерине чыгып сүйлөө мүмкүндүгүнө 10 мүнөткө чейин убакыт берүү жөнүндө добуш берүү.

        

         Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 76, каршы – жок, бардыгы
76 депутат добуш берди, 88 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

        

         6. “Ынтымак” парламенттик фракциясынын лидери
М.А. Маматалиевдин сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Ш.К. Атазов, М.А. Маматалиев,
К.К. Сулайманов, төрагалык кылуучу, депутат И.А. Масалиев.

        

        

         7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
М.К Алиевдин сөзү.

        

        

         8. “Элдик” депутаттык тобунун лидери А.Т. Түмөнбаевдин сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат К.К. Сулайманов.

        

         Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов, депутаттар И.А Масалиев, Ш.К. Атазов, А.К. Мадумаров, Ө.М. Бакиров, төрагалык кылуучу.

        

        

         9. 2022-жылдын сентябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин календарлык иш планынын долбоорун негиз катары кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

        

         Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы – жок, бардыгы
70 депутат добуш берди, 88 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутаттар Д.А. Джумабеков,
М.К. Алиев.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Депутат М.А. Маматалиевдин сунушун эске алуу менен
2022-жылдын сентябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин календарлык иш планынын долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

        

         Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы – 1, бардыгы
71 депутат добуш берди, 88 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

        

         10. “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри кызматына Г.М. Баатырованы дайындоого макулдук берүү жөнүндө” маселени кароо.

        

        

         Сунуш кылынган маселе жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү
А.А. Абытовдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат К.А. Талиева, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д. Бекешев, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри кызматына талапкер Г.М. Баатырова.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Дж.К. Исаева төрагалык кылды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Б.К. Чойбеков, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри кызматына талапкер Г.М. Баатырова, депутаттар И.И. Матраимов, М.А. Абдалиев, А.Т. Маткеримов,
Ш.К. Атазов, Ы.Ы. Атажанов, С.А. Атамбаев, Н.Т. Шакиев.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         1 сааттык тыныгуу жарыяланды.

        

        

                                               14 саат

        

         Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О. Сыдыгалиев төрагалык кылды.

        

         56 депутат катталды.

        

         “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри кызматына Г.М. Баатырованы дайындоого макулдук берүү жөнүндө” маселени кароо улантылды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Г.М. Сурабалдиева, Э.Э. Жамгырчиев, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри кызматына талапкер Г.М. Баатырова, депутаттар З.Д. Мамасадыков, К.К. Сулайманов, А.Т. Түмөнбаев, Р.Ш. Жакышов, К.А. Талиева, М.К. Сарбагышов,
Н.А. Нарматова.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т. Мамытов төрагалык кылды.

        

         Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри кызматына талапкер Г.М. Баатырова, депутат К.К. Сулайманов, төрагалык кылуучу, депутаттар Н.А. Нарматова, А.К. Малиев.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Ушул маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосунда ар бир парламенттик фракциядан жана депутаттык топтон экиден депутатка чыгып сүйлөөгө мүмкүндүк берүү жөнүндө депутат К.К. Сулаймановдун сунушу боюнча добуш берүү.

        

         Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 34, каршы – 7, бардыгы
41 депутат добуш берди, 81 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынган жок.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат
Н.А. Нарматованын сунушу боюнча добуш берүү.

        

         Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 47, каршы – 7, бардыгы
54 депутат добуш берди, 81 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат А.К. Мадумаров, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри кызматына талапкер Г.М. Баатырова.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О. Сыдыгалиев төрагалык кылды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат М.О. Темирбаев, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри кызматына талапкер Г.М. Баатырова, депутаттар Д.А. Ашимова, А.А. Козуев, Ж.П. Нурбаев, Т.А. Масабиров,
Ж.Таалайбек кызы, Ө.М. Бакиров, Э.Т. Токтошев, М.Самыйкожо,
Ж.Э. Садырбаева, Ж.С. Кыдыкбаев, С.А. Айжигитов, А.А. Исираилов.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Дж.К. Исаева төрагалык кылды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Н.А. Ражабалиев, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри кызматына талапкер Г.М. Баатырова, депутаттар А.К. Малиев, А.Б. Кенжебаев, А.Н. Абдибаева,
М.М. Мураталиев, Ч.А. Султанбекова, Ш.Мажитова, Э.К. Кокулов.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т. Мамытов төрагалык кылды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат С.А. Айжигитов, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри кызматына талапкер Г.М. Баатырова, төрагалык кылуучу, депутаттар Ө.М. Бакиров, А.Алтынбеков.

        

         Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри кызматына Г.М. Баатырованы дайындоого макулдук берүү жөнүндө Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы М.К. Алиевдин сөзү.

        

         “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри кызматына Г.М. Баатырованы дайындоого макулдук берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

        

         Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 69, каршы – 1, бардыгы
70 депутат добуш берди, 86 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды (Токтом долбооору кабыл алынды). .

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Г. М. Баатырова.

        

        

         11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген
(2020-жылдын 8-майындагы №242 токтом), “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбоорун кароо, үчүнчү окууда.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Д.Э. Толонов, төрагалык кылуучу.

        

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорлорун жыйналыштын күн тартибине киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д.Э. Толоновдун сунушу боюнча добуш берүү.

        

         Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы – жок, бардыгы
70 депутат добуш берди, 86 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген
(2020-жылдын 8-майындагы №242 токтом), “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбоорун кароону улантуу, үчүнчү окууда.

        

         Сунушталган конституциялык Мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы М.К. Алиевдин сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 18-январындагы № 19 токтому), “Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун кароо, үчүнчү окууда;

        

         Сунушталган конституциялык Мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы М.К. Алиевдин сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         13. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 12-апрелиндеги кир.№ 6-6536/22), “Ички иштер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кароо, экинчи окууда;

        

         Сунушталган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы С.А. Омурзаковдун сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

         14. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 30-майындагы
кир.№ 6-10640/22), “Социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кароо, биринчи окууда;

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министринин орун басары Н.С. Базарбаевдин сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д. Бекешев, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министринин орун басары Н.С. Базарбаев.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Дж.К. Исаева төрагалык кылды.

        

         Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министринин орун басары Н.С. Базарбаев, депутаттар Д.Д. Бекешев, Ш.К. Атазов, А.Т. Түмөнбаев, төрагалык кылуучу, депутаттар К.К. Сулайманов, М. Самыйкожо.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Каралып жаткан мыйзам долбоорун жыйналыштын күн тартибинен чыгарып салуу жөнүндө добуш берүү.

        

         Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 64, каршы – 1, бардыгы
65 депутат добуш берди, 88 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         15. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 26-майындагы кир.№ 6-9626/22), “Кылмыш-жазык-аткаруу иши чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кароо, биринчи окууда.

        

         Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазык аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары К.А. Садыков, депутат М.Самыйкожо, төрагалык кылуучу, депутат
Т.И. Икрамов.

        

         Каралып жаткан мыйзам долбоорун жыйналыштын күн тартибинен чыгарып салуу жөнүндө депутат М.Самыйкожонун сунушу боюнча добуш берүү.

        

         Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы – 3, бардыгы
73 депутат добуш берди, 89 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         16. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

        

         Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы
М.К. Алиевдин сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

         17. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө” маселени кароо.

        

         Сунуш кылынган маселе жөнүндө Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы М.К. Алиевдин сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын курамы жөнүндө төрагалык ылуучу.

        

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын курамына талапкерлер: депутаттар Э.Н. Сулайманов – “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан, Н.А. Ражабалиев – “Элдик” депутаттык тобунан, М.О. Темирбаева – “Ишеним” парламенттик фракциясынан, Л.Х. Лурова – “Ынтымак” парламенттик фракциясынан”, А.А. Исираилов – “Альянс” парламенттик фракциясынан, Э.Т. Токтошев – “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынан, С.А. Айжигитов – “Ыйман нуру” парламенттик фракциясынан, Ш.К. Атазов – №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат М.А. Абдалиев.

        

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча добуштарды эсептөөнүн электрондук тутумун пайдалануу менен жашыруун добуш берүү жүргүзүү жөнүндө депутат М.А. Абдалиевдин сунушу боюнча добуш берүү.

        

         Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 75, каршы – жок, бардыгы
75 депутат добуш берди, 89 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына шайлоо үчүн депутат Б.З. Түлөбаевдин талапкерлиги боюнча добуш берүү.

        

         Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы – 1, бардыгы
69 депутат добуш берди, 89 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча депутат
Б.З. Түлөбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды.

        

         Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы
М.К. Алиевдин сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорлорун карап чыгууда жыйналыштын ишин жабык режимде улантуу жөнүндө төрагалык кылуучунун сунушу боюнча добуш берүү.

        

         Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы – жок, бардыгы
72 депутат добуш берди, 89 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т. Мамытов төрагалык кылды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         18. 2022-жылдын 7-сентябрында каралган мыйзам долбоорлору жана токтом долбоорлору боюнча добуш берүү.

        

         84 депутат катталган.

        

         “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

        

         Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы – жок, бардыгы
82 депутат добуш берди, 85 депутат катталган.

         Добуш берүү жараксыз деп табылды.

        

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда кайталап добуш берүү.

        

         Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 85, каршы – жок, бардыгы
85 депутат добуш берди, 85 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды (Конституциялык мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды.)

        

“Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

        

         Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 85, каршы – жок, бардыгы
85 депутат добуш берди, 85 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Конституциялык Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды.)

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

           

         “Ички иштер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

        

         Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 86, каршы – жок, бардыгы
86 депутат добуш берди, 86 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.)

           

         “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

        

         Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 86, каршы – жок, бардыгы
86 депутат добуш берди, 86 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды.)

 

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Андан ары жыйналыш жабык режимде улантылды.

 

 

 

Төрага                                                                                 Т. Мамытов