Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2022-жылдын 7-сентябрындагы № 452-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

07-09-2022
10:00

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши   т о к т о м   к ы л а т:

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2022-жылдын
7-сентябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

 

2022-жылдын сентябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин календардык иш планын бекитүү жөнүндө;

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна Г.М. Баатырованы дайындоого макулдук берүү жөнүндө;   

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору;

         “Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору;  

“Ички иштер чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; 

“Кылмыш-жаза-аткаруу иши чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

         “Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; 

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын
3-декабрындагы № 83-VI токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын, фракциясынын жана комитетинин фонддору жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;

“Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.

 

 

 

 

Төрага                                                                                   Т.Т. Мамытов