Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2022-жылдын 8-сентябрындагы № 462-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2022-жылдын 8-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

08-09-2022
10:00

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши   т о к т о м   к ы л а т:

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2022-жылдын
8-сентябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

 

Ар кандай;

Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтомунун долбоору;

“Кыргыз Республикасынын 2020-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Темир жол транспорту жөнүндө”, “Автомобиль транспорту жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Кооперативдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; 

 “Айыл чарба чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу.

 

 

Төрага                                                                                   Т.Т. Мамытов