Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2022-жылдын 8-сентябрындагы № 463-VII Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайра кайтарылган «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу

08-09-2022
10:02

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. 2022-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайра кайтарылган «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

  1. Маматалиев М.А. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
  2. Сыдыгалиев Н.О. – мыйзам долбоорунун демилгечиси, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин мүчөсү;
  3. Абдалиев М.А. – мыйзам долбоорунун демилгечиси, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин мүчөсү;
  4. Мамасадыков З.Д. – Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басары;
  5. Кожокулова Г.А. – Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин мүчөсү;
  6. Айылчиев А.А. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Министрлер Кабинетинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы – Президенттин Администрациясынын Президентти жана Министрлер Кабинетинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
  7. Бообеков Н.Ж. – Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары;
  8. Баетов А.Б. – Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
  9. Искаков Э.Б. – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппарат жетекчисинин орун басары.

 

2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын
30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

 

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

Төрага                                                                                    Т.Т. Мамытов