Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2022-жылдын 7-сентябрындагы № 454-VII Г.М. Баатырованы Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү жөнүндө

07-09-2022
10:06

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин
1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 80-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктун жана
90-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацын, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-августундагы
ПЖ № 291 Жарлыгын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Баатырова Гүлнара Маришовнаны Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берилсин.

 

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

Төрага                                                                                    Т.Т. Мамытов