Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2022-жылдын 7-сентябрындагы № 455-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.З. Түлөбаевди Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө

07-09-2022
10:08

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Түлөбаев Балбак Зарлыкович Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлансын.

 

2. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:

«Түлөбаев Балбак Зарлыкович – «Ынтымак» парламенттик фракциясынан;».

 

3. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы
№ 17-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

«Түлөбаев Балбак Зарлыкович – «Ынтымак» парламенттик фракциясынан;».

 

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

Төраганын орун басары                                                     Дж.К. Исаева