Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2022-жылдын 7-сентябрындагы № 459-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө

07-09-2022
10:16

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин
2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелер бекитилсин (тиркелет).

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкүдөй токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:

- «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө» 2015-жылдын
12-ноябрындагы № 24-VI;

- «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» 2016-жылдын 15-сентябрындагы № 891-VI;

- «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» 2017-жылдын 16-ноябрындагы
№ 1996-VI.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жүктөлсүн.

 

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

Төрага                                                                                    Т.Т. Мамытов