Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2022-жылдын 14-сентябрындагы № 468-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2022-жылдын 14-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

14-09-2022
11:27

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши т о к т о м к ы л а т:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2022-жылдын
14-сентябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
«2021-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган
Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы
Гранттык макулдашууну («Шаардык транспортту электрлештирүү»
долбоору) (Атайын операциялар); Кыргыз Республикасы менен Азия
өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну («Шаардык
транспортту электрлештирүү» долбоору) (Жогорку технологиялар фонду);
Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы
Кредиттик макулдашууну («Шаардык транспортту электрлештирүү»
долбоору) ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоору тууралуу;
«2006-жылдын 24-ноябрында Минск шаарында кол коюлган КМШга
катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын
кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата
талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын
3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган 2006-жылдын
24-ноябрындагы КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык
автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик
компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө
макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду
ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоору тууралуу;
«2021-жылдын 4-мартында кол коюлган 1994-жылдын

9-декабрындагы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы
Жеңиштин 50 жылдыгына байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштун
катышуучулары, согуш жылдарындагы ооруктун эмгекчилери жана каза
болгон аскерлердин жесирлери үчүн кошумча жеңилдиктерди жана
материалдык жардамды белгилөө жөнүндө макулдашуунун колдонулушун
токтотуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
«2022-жылдын 19-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын
ортосундагы «Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын
жакшыртуу» (кредит № 7081-KG, грант № E009-KG) долбоору боюнча
каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү
тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү
тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин
курамдарын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогору
Кеӊешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна
өзгөртүүлөрдүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеӊешинин токтомунун долбоору жөнүндө.

 

 

Төрага                                                    Т.Т. Мамытов