Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2022-жылдын 14-сентябрындагы № 469-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

14-09-2022
11:39

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши   т о к т о м   к ы л а т:

 

1. «Ишеним» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Темирбаева Миргул Омурзаковна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин курамынан чыгарылсын.

 

2. «Ишеним» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Темирбаева Миргул Омурзаковна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин курамына киргизилсин.

 

3. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

-2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:

«Темирбаева Миргул Омурзаковна – «Ишеним» парламенттик фракциясынан;»;

-3-пунктчанын онунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

 

4. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы
№ 17-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун 3-пунктчасынын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

 

5. Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Төраганын орун басары                                                        У.Б. Примов