Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2022-жылдын 14-сентябрындагы № 472-VII «2021-жылдын 4-мартында кол коюлган 1994-жылдын 9-декабрындагы 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 50 жылдыгына байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, согуш жылдарындагы ооруктун эмгекчилери жана каза болгон аскерлердин жесирлери үчүн кошумча жеңилдиктерди жана материалдык жардамды белгилөө жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

14-09-2022
12:01

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши т о к т о м к ы л а т:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
демилгелеген (2022-жылдын 31-майындагы чыг. № 18-16945)
«2021-жылдын 4-мартында кол коюлган 1994-жылдын 9-декабрындагы
1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин
50 жылдыгына байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштун
катышуучулары, согуш жылдарындагы ооруктун эмгекчилери жана каза
болгон аскерлердин жесирлери үчүн кошумча жеңилдиктерди жана
материалдык жардамды белгилөө жөнүндө макулдашуунун колдонулушун
токтотуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер,
коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кабыл алынган жазуу
жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда
көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кеӊешине киргизсин.

 

 

Төраганын орун басары                                У.Б. Примов