Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2022-жылдын 14-сентябрындагы № 473-VII «2022-жылдын 19-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу» (кредит № 7081-KG, грант № E009-KG) долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

14-09-2022
12:03

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши т о к т о м к ы л а т:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
демилгелеген (2022-жылдын 20-июнундагы чыг. № 18-2540)
«2022-жылдын 19-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз
Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы
«Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу»
(кредит № 7081-KG, грант № E009-KG) долбоору боюнча каржылоо
жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Эл аралык иштер,
коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кабыл алынган жазуу
жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда
көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кеӊешине киргизсин.

 

 

Төраганын орун басары                                         У.Б. Примов