Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2022-жылдын 15-сентябрындагы № 477-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

15-09-2022
11:17

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши   т о к т о м   к ы л а т:

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

 

Ар кандай;

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

«Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

«Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

«Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

«Кылмыш-жаза-аткаруу иши чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

«Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтѳрүндѳгү аскердик тартиптин жана укук тартибинин абалы жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маалыматы тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;

«Баткен областынын Кадамжай районундагы Кочкорова Айдайдын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Ички иштер министрлигинин жана башка мамлекеттик органдардын маалыматы тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.

 

 

 

Төрага                                                                                   Т.Т. Мамытов