Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2022-жылдын 15-сентябрындагы № 478-VII Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү аскердик тартиптин жана укук тартибинин абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маалыматы тууралуу

15-09-2022
12:01

Кыргыз Республикасынын Коргоо министри Б.А. Бекболотовдун, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары – Кыргыз Республикасынын аскер прокурору С.Б. Мукашовдун Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү аскердик тартиптин жана укук тартибинин абалы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши   т о к т о м   к ы л а т:

 

1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү аскердик тартиптин жана укук тартибинин абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маалыматы эске алынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:

 

-Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик бөлүктөрүндө жана бөлүмдөрүндө укук тартибинин, аскердик тартиптин талаптагыдай деңгээлин жана аскер кызматкерлеринин укуктук маданиятын калыптандырууну камсыз кылсын;

-Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик бөлүктөрүндө жана бөлүмдөрүндө уставдык эмес мамилелердин жана башка терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча чараларды көрсүн.

 

3. Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы:

 

-Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик бөлүктөрүндө жана мекемелеринде мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө боюнча, анын ичинде аскердик кылмыштардын алдын алуу боюнча ишти күчөтсүн;

-Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин жабыр тартуусу же каза болуусу боюнча ар бир фактынын талаптагыдай көзөмөлдөнүүсүн жана дыкат иликтенүүсүн камсыз кылсын.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага                                                                                    Т.Т. Мамытов