Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2022-жылдын 15-сентябрындагы № 479-VII Баткен областынын Кадамжай районундагы Кочкорова Айдайды өлтүрүүгө байланыштуу кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Ички иштер министрлигинин жана башка мамлекеттик органдардын маалыматы тууралуу

15-09-2022
12:04

Баткен областынын Кадамжай районундагы Кочкорова Айдайды өлтүрүүгө байланыштуу кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Ички иштер министрлигинин жана башка мамлекеттик органдардын маалыматтарын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши   т о к т о м   к ы л а т:

 

1. Баткен областынын Кадамжай районундагы Кочкорова Айдайды өлтүрүүгө байланыштуу кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Ички иштер министрлигинин жана башка мамлекеттик органдардын маалыматы эске алынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

 

-Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелеринде психологдун штатын киргизсин;

-социалдык кызматкерлердин штатын көбөйтсүн жана зомбулукту аныктоо жана алар менен күрөшүү үчүн балдарды коргоо боюнча социалдык кызматтардын жана балдар менен байланышта болгон адистердин ыйгарым укуктарын күчөтсүн, аларды зомбулук боюнча шектенүүлөр жана учурлар тууралуу тиешелүү органдарга билдирүү милдеттендирсин;

-балдарга жана зомбулуктун башка курмандыктарына коопсуз жана ишенимдүү шартта зомбулук учурлары тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымат берүүгө мүмкүндүк берүүчү мобилдик тиркемени иштеп чыксын.

 

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:

 

-аялдарга жана жашы жете электерге карата кылмыштардын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрсүн;

-А. Кочкорованы өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин ар тараптуу жана объективдүү иликтөөнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин ченемдерине ылайык так жүргүзүүнү камсыз кылсын.

 

4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:

 

-А. Кочкорованы өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин тергөөгө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык процессуалдык мөөнөттөрдү сактоо менен талаптагыдай көзөмөл жүргүзүүнү камсыз кылсын;

-аялдарга жана жашы жете электерге карата кылмыштар боюнча соттук-медициналык экспертизаларды дайындоо жана жүргүзүү мөөнөттөрүнүн сакталышын көзөмөлдөөнү күчөтсүн.

 

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине, Социалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага                                                                                    Т.Т. Мамытов