2016-жылдын 2 ноябры № 1032-VI
“2016-жылдын 12-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Инвестициялык климатты жакшыртуунун экинчи программасы - 2-чакан программа) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 13-октябрындагы № 548-токтому) “2016-жылдын 12-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Инвестициялык климатты жакшыртуунун экинчи программасы - 2-чакан программа) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төрага Ч.А. Турсунбеков