Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 3 08.09.2022-ж.

06-10-2022
09:43

3

 

 

 

VII ЧАКЫРЫЛЫШТЫН СЕССИЯСЫ

 

2022-2023-жж.

 

 

2022-жылдын 8-сентябры                                                 саат 10. 00

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган:                              Кыргыз Республикасынын

                                                                  Жогорку Кеңешинин

                                                                  Төрагасы

Т.Т. Мамытов

 

Жыйналышка катышып олтурган: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов.

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутат: Б.З. Түлөбаев.

 

2022-жылдын 8-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселелер:

 

 

  1. Ар кандай;

 

 

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтомунун долбоору жөнүндө;

 

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2021-жылдын 28-майындагы кириш № 6-7277/21) “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө ( үчүнчү окуу);

 

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 11-мартындагы № 133 токтому) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Темир жол транспорту жөнүндө”, “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу (үчүнчү окуу);

 

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 12-майындагы кириш № 6-8867/22) “Кооперативдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (биринчи окуу);

 

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 18-майындагы кириш № 6-9498/22) “Айыл чарба чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу (биринчи окуу);

 

 

74 депутат катталды.

 

1. 2022-жылдын 8-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

 

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 58, каршы – 1, бардыгы
59 депутат добуш берди, 74 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

Сөз сүйлөдү: депутат М.А. Маматалиев.

 

Чечим кабыл алынды: Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтомунун долбоору жыйналыштын күн тартибине киргизилсин.

 

 

Депутат М.А. Маматалиевдин сунушун эске алуу менен
2022-жылдын 8-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы – 1, бардыгы
63 депутат добуш берди, 75 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат Ж. Коргонбай уулу.

 

 

2022-жылдын 8-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы – 1, бардыгы
60 депутат добуш берди, 75 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

2. Ар кандай.

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.Т. Түмөнбаев, төрагалык кылуучу, депутат Ө.М. Бакиров.

 

Мындан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Дж.К. Исаева төрагалык кылат.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар Р.Ш. Жакыпов, Э.Ж. Сурабалдиева,
А.Б. Кенжебаев, С.А. Атамбаев, А.Т. Маткеримов, Ш.К. Атазов,
М.А. Маматалиев, Т.И. Икрамов, Т.А. Масабиров, Н.Т. Шакиев,
Ы.Ы. Атажанов, Д.Д. Бекешев, А.К. Малиев, Н.К. Кадырбеков,
Ш. Мажитова, Э.Т. Токтошев, Г.О. Култаева, Э.Э. Жамгырчиев,
Ч.И. Ажибаев Ч.А. Султанбекова, А.А. Козуев, Э.Н. Сулайманов,
М.Ж. Сыдыков.

 

 

Мындан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылат.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар К.К. Сулайманов, А.А. Исираилов,
С.А. Омурзаков, Ж.П. Нурбаев, Н.А. Нарматова, Н.Я. Алимжанова,
Б.В. Шабазов, М. Самыйкожо, Ф.А. Алимжанов, Т.Н. Сарыбашов,
М.К. Сарбагышев, К.А. Талиева, А.Н. Абдибаева, А.Д. Таштанбеков,
Н.А. Ражабалиев.

 

 

Депутат Т.Н. Сарыбашовдун сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Мындан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Дж.К. Исаева төрагалык кылат.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар А. Алтынбеков, Г.С. Молдобекова,
В.К. Раимбачаева, М.М. Мураталиев, К.Л. Ханджеза, С.А. Айжигитов,
Б.Э. Тентишев, Д.А. Джумабеков, Э.Ж. Сурабалдиева, К.К. Сулайманов,
Н.А. Нарматова, Г.О. Култаева, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

 

 

 

Саат 14.00

 

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылат.

 

 

57 депутат катталды.

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтомунун долбоорун кароо;

 

 

Сунушталган токтом долбоору жөнүндө мыйзамдын демилгечилеринин бири – депутат М.А. Маматалиевдин сөзү.

 

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар А.К. Малиев, Мыйзамдын демилгечилеринин бири – М.А. Маматалиев.

 

Мындан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т. Мамытов төрагалык кылат.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар Г.А. Кожокулова, Мыйзамдын демилгечилеринин бири – М.А. Маматалиев, төрагалык кылуучу, депутат
Ж.К. Акаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы
М.К. Алиев.

 

 

Сунушталган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы
М.К. Алиевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү;

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 53, каршы – жок, бардыгы
53 депутат добуш берди, 67 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2021-жылдын 28-майындагы
кириш № 6-7277/21) “2020-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Н. Абдибаеванын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добушка киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 11-мартындагы
№ 133 токтом) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Темир жол транспорту жөнүндө”, “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары М.Ж. Сыдыковдун сөзү.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Д.Д. Бекешев, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары
А.А. Тургунбаев, депутат К.К. Сулайманов.

 

 

 

Мындан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылат.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары М.Ж. Сыдыковдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добушка киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 12-майындагы кириш
№ 6-8867/22) “Кооперативдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары
О.К. Сыдыковдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат К.Л. Ханджеза, Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары О.К. Сыдыков, депутат А.А. Турсунбаев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары
М.К. Байдылдаев, депутаттар А.Д. Таштанбеков, К.К. Сулайманов,
А.Б. Кенжебаев.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Н. Абдибаеванын сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добушка киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 18-майындагы
кириш № 6-9498/22) “Айыл чарба чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары
М.К. Байдылдаевдин сөзү.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы А.Б. Кенжебаевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добушка киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

8. 2022-жылдын 8-сентябрында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

 

 

Мындан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т. Мамытов төрагалык кылат.

 

 

82 депутат катталды.

 

 

“2020-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 79, каршы – 1, бардыгы
80 депутат добуш берди, 82 депутат катталды.

 

Добуш берүү жараксыз деп таанылды.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

“2020-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда кайталап добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – 3, бардыгы
81 депутат добуш берди, 81 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

        

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Темир жол транспорту жөнүндө”, “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – 2, бардыгы
80 депутат добуш берди, 81 депутат катталды.

 

Добуш берүү жараксыз деп таанылды.

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Темир жол транспорту жөнүндө”, “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда кайталап добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 77, каршы – 3, бардыгы
80 депутат добуш берди, 81 депутат катталды.

 

Добуш берүү жараксыз деп таанылды.

 

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Темир жол транспорту жөнүндө”, “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда кайталап добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 76, каршы – 4, бардыгы
80 депутат добуш берди, 81 депутат катталды.

 

 

Добуш берүү жараксыз деп таанылды.

 

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Темир жол транспорту жөнүндө”, “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда кайталап добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 77, каршы – 4, бардыгы
81 депутат добуш берди, 81 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Кооперативдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 79, каршы – 2, бардыгы
81 депутат добуш берди, 81 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

“Айыл чарба чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 80, каршы – 1, бардыгы
81 депутат добуш берди, 81 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктайт.

 

 

 

 

Төрага                                                                                      Т. Мамытов