Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 5 15.09.2022-ж.

06-10-2022
09:45

 5

 

 

 

VII ЧАКЫРЫЛЫШТЫН II СЕССИЯСЫ

 

2022-2023-жж.

 

 

2022-жылдын 15-сентябры                                                                 саат 10.00

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган:                              Кыргыз Республикасынын

                                                                  Жогорку Кеңешинин

                                                                  Төрагасы

Т.Т. Мамытов

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнүн эксперти
А.А. Гайыпов.

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: Д.А. Ашимова,
Д.А. Джумабеков, Т.И. Икрамов, Э.Н. Сулайманов, М.О. Темирбаева,
Б.Э. Тентишев, Ж.Ш. Токторбаев.

 

2022-жылдын 15-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселелер:

 

 

  1. Ар кандай;

 

 

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 7-февралындагы № 51 токтом) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (үчүнчү окуу);

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 19-майындагы кир. № 6-9627/22) “Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (экинчи окуу);

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары
А.Б. Кенжебаев, М.Самыйкожо тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (экинчи окуу);

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 24-майындагы кир. № 6-10057/22) “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (биринчи окуу);

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 19-майындагы кир. № 6-9626/22) “Кылмыш-жаза-аткаруу иши чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (биринчи окуу);

 

 

7. “Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтѳрүндѳгү аскердик тартиптин жана укук тартибинин абалы жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын

 

 

Коргоо министрлигинин маалыматы тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;

 

 

8. “Баткен областынын Кадамжай районундагы Кочкорова Айдайдын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Ички иштер министрлигинин жана башка мамлекеттик органдардын маалыматы тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.

 

 

71 депутат катталды.

 

 

1. 2022-жылдын 15-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 60, каршы – 1, бардыгы
61 депутат добуш берди, 73 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөштү:депутаттар Г.О. Култаева, А.Т. Түмөнбаев,
Н.А. Азыгалиев М.А. Маматалиев, К.К. Сулайманов, Ж.П. Нурбаев,
А.Ж. Осмонов, Н.А. Нарматова, Н.А. Ражабалиев, Ш.К. Атазов,
Э.Э. Жамгырчиев, М.А. Абдалиев, төрагалык кылуучу, депутат
С.А. Айжигитов.

 

 

Депутат С.А. Айжигитовдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Депутат Г.О. Култаеванын сунушу боюнча ага 10 мүнөткө чейин сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө жана депутат А.Т. Түмөнбаевдин сунушу менен депутат Ж.П. Нурбаевге 10 мүнөткө чейин сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берүү боюнча добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы – жок, бардыгы
72 депутат добуш берди, 85 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Депутат М.А. Маматалиевдин “Ар кандай” маселеге чейин жыйналыштын ишин жабык режимде улантуу жөнүндө сунушу боюнча добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 74, каршы – жок, бардыгы
74 депутат добуш берди, 85 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

2022-жылдын 15-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун толугу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы – жок, бардыгы
71 депутат добуш берди, 85 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
Г.О. Култаеванын сөзү.

 

 

Депутат Г.О. Култаеванын сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
Ж.П. Нурбаевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат М.А. Абдалиев.

 

 

Депутат М.А. Абдалиевдин сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Жыйналыш мындан ары жабык режимде улантылды.

 

 

 

11 саат 40 мүнөт

 

 

 

Жыйналыш мындан ары ачык режимде улантылды.

 

 

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылат.

 

 

 

4. Ар кандай.

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар Б.К. Чойбеков, С.А. Атамбаев,
Ы.Ы. Атажанов, төрагалык кылуучу, депутат М.А. Абдалиев.

 

 

Депутат Б.К. Чойбековдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

 

Мындан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О. Сыдыгалиев төрагалык кылат.

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар Ч.И. Ажибаев, С.А. Омурзаков,
Э.Э. Жамгырчиев, Э.Ж. Сурабалдиева.

 

Мындан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылат.

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар Б.З. Түлөбаев, Н.А. Ражабалиев, 
Н.К. Кадырбеков, А.К. Малиев, Т.А. Масабиров, Ө.М. Бакиров, Ж.Э. Садырбаев, М.К. Сарбагышев, К.К. Сулайманов, Ф.А. Алимжанов,
А.Исатбек кызы, Т.Н. Сарыбашов, Ж.П. Нурбаев, А.Д. Таштанбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов.

 

 

Сөз сүйлөдү: Төрагалык кылуучу.

 

 

 

1 саатка тыныгуу жарыяланат.

 

 

 

Саат 14.00

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылат.

 

 

54 депутат катталды.

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 7-февралындагы № 51 токтом) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кароо (үчүнчү окуу).

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д.Э. Толоновдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.Т. Түмөнбаев.

 

Мындан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т. Мамытов төрагалык кылат.

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 19-майындагы
кир. № 6-9627/22) “Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароо (экинчи окуу).

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасынын орун басары М.Самыйкожонун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 19-майындагы
кир. № 6-9626/22) “Кылмыш-жаза-аткаруу иши чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароо (биринчи окуу).

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары
К.А. Садыковдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат К.А. Талиева, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары К.А. Садыков.

 

Мындан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылат.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат С.А. Атамбаев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Н.Т. Абдиев, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары К.А. Садыков, депутаттар
Н.К. Кадырбеков, Д.Д. Бекешев.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы С.А. Омурзаковдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү:депутат Э.Ж. Сурабалдиева, төрагалык кылуучу.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Б. Кенжебаев, М.Самыйкожо тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароо (экинчи окуу).

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы
С.А. Омурзаковдун сөзү.

 

 

Мындан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т. Мамытов төрагалык кылат.

 

Сөз сүйлөштү:депутаттар Д.Д. Бекешев, К.К. Сулайманов Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Н.Т. Абдиев.

 

 

Мындан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылат.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар Э.Ж. Сурабалдиева, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири – М.Самыйкожо, Ч.А. Султанбекова,
К.К. Сулайманов, К.А. Талиева, Д.Д. Бекешев, Э.Э. Жамгырчиев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Н.Т. Абдиев, депутаттар Э.Р. Сатыбалдиев, М.А. Абдалиев, А.А. Козуев,
Т.А. Масабиров, Ы.Ы. Атажанов.

 

 

Сөз сүйлөдү: депутат К.К. Сулайманов.

 

 

 

Мындан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т. Мамытов төрагалык кылат.

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири – депутат М.Самыйкожо.

 

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун экинчи окуу режиминде кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине кайтарып берүү жөнүндө депутат К.К. Сулаймановдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 34, каршы – 13, бардыгы
47 депутат добуш берди, 80 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынган жок.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат В.К. Раимбачаева, төрагалык кылуучу, депутат Э.Э. Жамгырчиев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Н.Т. Абдиев, депутаттар  Ч.А. Султанбекова, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири – М.Самыйкожо, депутат Б.З. Түлөбаев.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жол-жоболорун жана талкууларды токтотуу жөнүндө депутат Б.З. Түлөбаевдин сунушу боюнча добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 44, каршы – 2, бардыгы
46 депутат добуш берди, 81 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат К.А. Талиева, төрагалык кылуучу, депутаттар мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири – М.Самыйкожо, И.А. Масалиев, Д.Д. Бекешев, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири – А.Б. Кенжебаев, К.К. Сулайманов.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун экинчи окуу режиминде кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине кайтарып берүү жөнүндө депутат К.К. Сулаймановдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 47, каршы – 9, бардыгы
56 депутат добуш берди, 82 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун экинчи окуу режиминде кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине кайтарып берүү жөнүндө добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 57, каршы – 11, бардыгы
68 депутат добуш берди, 82 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды (Каралып жаткан мыйзам долбоору экинчи окуу режиминде кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине кайтарып берилди).

 

 

Сөз сүйлөдү: депутат М.Самыйкожо.

 

 

9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 24-майындагы
кир. № 6-10057/22) “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароо (биринчи окуу).

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары
Н.Т. Абдиевдин сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Ж.П. Нурбаев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Н.Т. Абдиев, төрагалык кылуучу, депутат
Г.О. Култаева, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш-жаза издөө башкы башкармалыгынын биринчи башкармалыгынын начальниги М.Дж. Джумабаев, депутаттар К.А. Талиева, Л.Х. Лурова.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы С.А. Омурзаковдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

10. “Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтѳрүндѳгү аскердик тартиптин жана укук тартибинин абалы жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маалыматы тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

 

Сунушталган маселе жөнүндө Кыргыз Республикасынын коргоо министри Б.А. Бекболотовдун сөзү.

 

 

Мындан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылат.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар А.Д. Таштанбеков, Ч.И. Ажибаев, Кыргыз Республикасынын коргоо министри Б.А. Бекболотов.

 

 

Мындан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т. Мамытов төрагалык кылат.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Э.Ж. Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын коргоо министри Б.А. Бекболотов.

 

 

Мындан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылат.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.Н. Абдибаева, Кыргыз Республикасынын коргоо министри Б.А. Бекболотов, депутаттар Т.А. Масабиров, Г.О. Култаева, төрагалык кылуучу.

 

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жол-жоболорун жана талкууларды токтотуу жөнүндө депутат Г.О. Култаеванын сунушу боюнча добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 44, каршы – жок, бардыгы
44 депутат добуш берди, 82 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Э.Т. Токтошев, Кыргыз Республикасынын коргоо министри Б.А. Бекболотов, депутат Ы.Ы. Атажанов.

 

 

Мындан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т. Мамытов төрагалык кылат.

 

Сөз сүйлөштү: депутат К.А. Талиева, Кыргыз Республикасынын коргоо министри Б.А.Бекболотов, депутат А.К. Малиев, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары – Кыргыз Республикасынын аскер прокурору С.Б. Мукашов, депутаттар
В.К. Раимбачаева, Э.Ж. Сурабалдиева, Н.Я Алимжанова,
Ж.П. Нурбаев, А.Д. Таштанбеков, Н.А. Нарматова, Н.К. Кадырбеков,
Т.А. Масабиров.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Депутат Э.Ж. Сурабалдиеванын жыйналыштын күн тартиби боюнча бардык маселелерди кароо аяктаганга чейин жыйналыштын ишин узартуу жөнүндө сунушу боюнча добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 47, каршы – жок, бардыгы
47 депутат добуш берди, 82 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутаттар Б.З. Түлөбаев,
Э.Т. Токтошев, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов, депутат А.К. Малиев, Кыргыз республикасынын Башкы прокурорунун орун басары – Кыргыз Республикасынын аскер прокурору
С.Б. Мукашов.

 

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутаттар Э.Т. Токтошев,
Ы.Ы. Атажанов, Н.А. Нарматова, Э.Р. Сатыбалдиев, Э.Э. Жамгырчиев.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Депутаттар Э.Т. Токтошевдин жана А.Т. Эрбаевдин жазуу жүзүндөгү сунуштары боюнча “Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтѳрүндѳгү аскердик тартиптин жана укук тартибинин абалы жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маалыматы тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбооруна добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 27, каршы – 24, бардыгы
51 депутат добуш берди, 82 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынган жок.

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен “Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтѳрүндѳгү аскердик тартиптин жана укук тартибинин абалы жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маалыматы тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 47, каршы – 9, бардыгы
56 депутат добуш берди, 82 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын коргоо министри Б.А. Бекболотов.

 

 

 

11. “Баткен областынын Кадамжай районундагы Кочкорова Айдайдын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Ички иштер министрлигинин жана башка мамлекеттик органдардын маалыматы тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

 

Сунушталган маселе жөнүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Н.Т. Абдиевдин сөзү.

 

Мындан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылат.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Д.Д. Бекешев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Н.Т. Абдиев, депутат У.Б. Бакасов, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары – Кыргыз Республикасынын аскер прокурору С.Б. Мукашов, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Тергөө жана ыкчам-издөө ишин көзөмөлдөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары А.К. Бостонов, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) А.Б. Абдрахматова, депутаттар Н.А. Нарматова, Э.Ж. Сурабалдиева, Ч.А. Султанбекова, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнүн эксперти
А.А. Гайыпов, төрагалык кылуучу, депутаттар Ж.П. Нурбаев,
Н.К. Кадырбеков, С.А. Өмүрзаков, Б.З. Түлөбаев.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жол-жоболорун жана талкууларды токтотуу жөнүндө депутат С.А. Омурзаковдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 41, каршы – жок, бардыгы
41 депутат добуш берди, 82 депутат катталды.

 

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жол-жоболорун жана талкууларды токтотуу жөнүндө депутат С.А. Омурзаковдун сунушу боюнча кайталап добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 45, каршы – жок, бардыгы
45 депутат добуш берди, 82 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Н.А. Ражабалиев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Н.Т. Абдиев, депутат М.А. Абдалиев, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) А.Б. Абдрахматова, депутат Ы.Ы. Атажанов, Кыргыз Республикасынын билим берүү жанан илим министринин орун басары У.Э. Мамбетакунов, депутаттар Г.О. Култаева,
А.Б. Кенжебаев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Тергөө жана ыкчам-издөө ишин көзөмөлдөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары А.К. Бостонов., депутаттар В.К. Раимбачаева, А.К. Малиев, төрагалык кылуучу, депутаттар Н.А. Нарматова, Э.Ж. Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнүн эксперти
А.А. Гайыпов, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам көрсөтүү жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын начальниги Н.Э. Жусупбекова.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

“Баткен областынын Кадамжай районундагы Кочкорова Айдайдын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Ички иштер министрлигинин жана башка мамлекеттик органдардын маалыматы тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 51, каршы – жок, бардыгы
51 депутат добуш берди, 82 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат Б.З. Түлөбаев.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төрага                                                                                           Т. Мамытов