Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 6 21.09.2022-ж.

06-10-2022
09:46

6

 

 

 

VII ЧАКЫРЫЛЫШТЫН II СЕССИЯСЫ

 

2022-2023-жж.

 

 

2022-жылдын 21-сентябры                                                                  саат 10.00

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган:                              Кыргыз Республикасынын

                                                                  Жогорку Кеңешинин

                                                                  Төрагасы

Т.Т. Мамытов

 

 

Жыйналышка катышып олтурган: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов.

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: Н.К. Кадырбеков, А.Б. Кенжебаев, З.Д. Мамасадыков, И.И. Матраимов, Ж.П. Нурбаев, Ж.Э. Садырбаева, М.О. Темирбаева, Б.К. Чойбеков.

 

 

2022-жылдын 21-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселелер:

 

 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 24-майындагы кириш
№ 6-10066/22) “2021-жылдын 19-октябрында Москва шаарында кол коюлган 2010-жылдын 18-июнундагы Бажы бирлигинин бажы аймагындагы эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык зоналар жана эркин бажы зонасынын бажы жол-жоболору маселелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (экинчи окуу);

 

 

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 19-апрелиндеги кириш
№ 6-7189/22) “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде ссуда алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (экинчи окуу);

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 11-майындагы кириш № 6-8706/22) “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (биринчи окуу);

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 3-июнундагы кириш № 6-11218/22) “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (биринчи окуу);

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары
Н.О. Сыдыгалиев, У.Б. Бакасов, Ж. Таалайбек кызы, М.О. Темирбаева, Р.Ш. Жакышов, А.Т. Маткеримов, Ч.А. Султанбекова тарабынан демилгеленген
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (биринчи окуу); 

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 22-июнундагы кириш
№ 6-13366/22) “2022-жылдын 19-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” (кредит № 7081-KG, грант № E009-KG) долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (үчүнчү окуу);

 

 

7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 26-майындагы кириш
№ 6-10377/22) “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (биринчи окуу);

 

 

8. “Кесиптик бирликтер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 341-VII токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;

 

 

72 депутат катталды.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Депутаттар 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен областынын кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын жүрүшүндө курман болгон кыргызстандыктардын элесин бир мүнөт унчукпай эскеришти.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

1. 2022-жылдын 21-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 69, каршы – жок, бардыгы
68 депутат добуш берди, 75 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар Н.Т. Шакиев, Д.А. Джумабеков, 
Ж.К. Акаев, У.Б. Бакасов, Т.И. Икрамов, Д.Д. Бекешев, Ш.К. Атазов,
М.К. Алиев, А.А. Козуев, Р.Ш. Жакышов, Э.Э. Жамгырчиев,
Ж. Коргонбай уулу, Т.Н. Сарыбашов, А.Ж. Осмонов, Э.Н. Сулайманов,
Н.А. Нарматова, Ч.А. Айдарбеков, С.А. Омурзаков, төрагалык кылуучу, депутаттар А.К. Малиев, К.К. Сулайманов, У.З. Ормонов, Т.А. Масабиров,
Б.З. Түлөбаев, Ө.М. Бакиров, Э.Т. Токтошев.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Депутат У.З. Ормоновдун сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Укуктук камсыз кылуу жана ченемдик укуктук актыларды тутумдаштыруу бөлүмүнө протоколдук тапшырма берилди.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Депутат А.Т. Маткеримовго 10 мүнөткө чейин чыгып сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө депутат Н.Т. Шакиевдин сунушу боюнча жана ага жабык режимде чыгып сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө депутат
М.К. Алиевдин сунушу боюнча добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 64, каршы – жок, бардыгы
64 депутат добуш берди, 77 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку К еңешинин депутаты
А.Т. Маткеримовдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Жыйналыш мындан ары жабык режимде улантылды.

 

 

Саат 12.00

 

 

Жыйналыш мындан ары ачык режимде улантылды.

 

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т. Мамытов төрагалык кылат.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 24-майындагы кириш
№ 6-10066/22) “2021-жылдын 19-октябрында Москва шаарында кол коюлган 2010-жылдын 18-июнундагы Бажы бирлигинин бажы аймагындагы эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык зоналар жана эркин бажы зонасынын бажы жол-жоболору маселелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Ж. Осмоновдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 22-июнундагы кириш
№ 6-13366/22) “2022-жылдын 19-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” (кредит № 7081-KG, грант
№ E009-KG) долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Ж. Осмоновдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 19-апрелиндеги кириш
№ 6-7189/22) “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде ссуда алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары
А.Н. Абдибаеванын сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат С.А. Омурзаков, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары У.И. Календеров.

 

 

Мындан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Дж.К. Исаева төрагалык кылат.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Э.Э. Жамгырчиев, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары У.И. Календеров, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары
А.Н. Абдибаева.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун экинчи окуу режиминде кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине кайтаруу жөнүндө депутат
Э.Э. Жамгырчиевдин сунушу боюнча добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 16, каршы – 8, бардыгы
24 депутат добуш берди, 79 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынган жок.

 

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары У.И. Календеров, депутаттар
Э.Э. Жамгырчиев, И.А. Масалиев, Э.Э. Токтошев, Д.А. Джумабеков,
Ж.С  Кыдыкбаев, Р.Ш. Жакышов, Т.А. Масабиров, Э.Ж. Сурабалдиева,
Н.А. Нарматова, Д.Д. Бекешев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Н. Абдибаева.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

1 саатка тыныгуу жарыяланат.

 

 

 

Саат 14.00

 

 

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т. Мамытов төрагалык кылат.

 

 

47 депутат катталды.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 19-апрелиндеги кириш
№ 6-7189/22) “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде ссуда алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароону улантуу.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Н.А. Нарматова, төрагалык кылуучу, депутат И.А. Масалиев.

 

 

Мындан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылат.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Э.Э. Жамгырчиев, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары У.И. Календеров.

 

Мындан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т. Мамытов төрагалык кылат.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Т.А. Масабиров, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары У.И. Календеров, төрагалык кылуучу, депутат Н.А. Нарматова.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Н. Абдибаеванын сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 11-майындагы кириш
№ 6-8706/22) “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары
У.И. Календеровдун сөзү.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Н. Абдибаеванын сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.О. Сыдыгалиев, У.Б. Бакасов, Ж. Таалайбек кызы, М.О. Темирбаева, Р.Ш. Жакышов, А.Т. Маткеримов, Ч.А. Султанбекова тарабынан демилгеленген “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири – Н.О. Сыдыгалиевдин сөзү.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы
М.К. Алиевдин сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 3-июнундагы кириш
№ 6-11218/22) “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары Н.Б. Кайынбаевдин сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар М.А. Маматалиев, Р.Ш. Жакышов, С.А. Омурзаков.

 

 

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри келбегендигине байланыштуу каралып жаткан мыйзам долбоорун жыйналыштын күн тартибинен алып салуу жөнүндө депутат С.А. Омурзаковдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 40, каршы – 1, бардыгы
41 депутат добуш берди, 59 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 26-майындагы кириш
№ 6-10377/22) “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары
О.К. Сыдыковдун сөзү.

 

Сөз сүйлөштү: депутат Н.А. Нарматова, Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары О.К. Сыдыков, депутат Д.Д. Бекешев.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы
М.К. Алиевдин сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

10. “Кесиптик бирликтер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 341-VII токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

 

Сунушталган токтом долбоору жөнүндө убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы – Ш.К. Атазовдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат Ш.К. Атазов.

 

 

“Кесиптик бирликтер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 341-VII токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 50, каршы – жок, бардыгы
50 депутат добуш берди, 62 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

11. 2022-жылдын 15 жана 21-сентябрында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

 

61 депутат катталды.

 

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 58, каршы – жок, бардыгы
58 депутат добуш берди, 61 депутат катталды.

 

 

Добуш берүү жараксыз деп таанылды.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда кайталап добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – 1, бардыгы
64 депутат добуш берди, 65 депутат катталды.

 

 

Добуш берүү жараксыз деп таанылды.

 

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда кайталап добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы – жок, бардыгы
64 депутат добуш берди, 65 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

“Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 64, каршы – жок, бардыгы
64 депутат добуш берди, 67 депутат катталды.

 

 

Добуш берүү жараксыз деп таанылды.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

“Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда кайталап добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 69, каршы – жок, бардыгы
69 депутат добуш берди, 69 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

“Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 69, каршы – жок, бардыгы
69 депутат добуш берди, 69 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

“Кылмыш-жаза-аткаруу иши чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы – жок, бардыгы
72 депутат добуш берди, 72 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

“2021-жылдын 19-октябрында Москва шаарында кол коюлган
2010-жылдын 18-июнундагы Бажы бирлигинин бажы аймагындагы эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык зоналар жана эркин бажы зонасынын бажы жол-жоболору маселелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы – жок, бардыгы
72 депутат добуш берди, 72 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

“2022-жылдын 19-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” (кредит № 7081-KG, грант № E009-KG) долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы – жок, бардыгы
72 депутат добуш берди, 72 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

“Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде ссуда алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы – 5, бардыгы
72 депутат добуш берди, 72 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

“Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы – жок, бардыгы
72 депутат добуш берди, 72 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы – жок, бардыгы
72 депутат добуш берди, 72 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

“Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы – 1, бардыгы
72 депутат добуш берди, 72 депутат катталды.

 

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктайт.

 

 

 

Төрага                                                                                           Т. Мамытов