8
VII ЧАКЫРЫЛЫШТЫН II СЕССИЯСЫ
2022-2023-жж.
2022-жылдын 29-сентябры 10.00 саат
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы
Төрагалык кылган: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Төрагасы
Т.Т. Мамытов
Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары Н.Ж. Бообеков.
Жыйналышка катышпаган депутаттар: Н.Я. Алимжанова,
Н.К. Кадырбеков, Ш.Мажитова, З.Д. Мамасадыков, В.К. Раимбачаева, Ж.Э. Садырбаева, Б.Э. Тентишев, К.Л. Ханджеза, А.Т. Эрбаев.
Жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселелер:
1. Ар кандай;
2. Кыргыз Республикасына карата Тажикстан Республикасынын куралдуу агрессиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кайрылуусу;
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
(2021-жылдын 29-октябры, кир. №6-15382/21) демилгелеген, “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу (үчүнчү окуу);
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
(2022-жылдын 12-майы, кир. №6-15382/21) демилгелеген, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө (экинчи окуу);
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
(2022-жылдын 14-июну, кир. №6-12343/22) демилгелеген, “Виртуалдык активдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө (биринчи окуу);
6. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыр-чатактын пайда болуу себептерин комплекстүү изилдөө жана чек ара көйгөйлөрүн чечүү боюнча стратегияны иштеп чыгуу максатында убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө;
7. “VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-2023-жылдарга сессиялык иш планын бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору жөнүндө;
8. “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын алтынды сатуу, жалпы өндүрүш көлөмүн изилдөө жана Кыргыз Республикасынын менчигине өткөн учурдан берки анын ишин текшерүү максатында убактылуу депутаттык комиссиянын курамына толуктоолорду киргизүү тууралуу”.
59 депутат катталган.
1. 2022-жылдын 29-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 54, каршы – жок, бардыгы 54 депутат добуш берди, 59 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: депутаттар Б.У. Сыдыков, Э.Т. Токтошев,
Д.Д. Бекешев, Ж.К. Акаев, С.А. Айжигитов, Ш.К. Атазов, К.А. Талиева, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов.
Депутат Э.Т. Токтошевдин сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.
Чечим кабыл алынды: - “Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыр-чатактын пайда болуу себептерин комплекстүү изилдөө жана чек ара көйгөйлөрүн чечүү боюнча стратегияны иштеп чыгуу максатында убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” маселе жыйналыштын күн тартибинин долбооруна киргизилсин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 3-июну, кир. №6-11218/22) демилгелеген, “Автомобиль жолдору жөнүндө” (биринчи окуу) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 23-августу, кир. №6-167753/22) демилгелеген “Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (биринчи окуу) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлору жыйналыштын күн тартибинин долбоорунан чыгарылсын.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
Депутат Б.У. Сыдыковдун, С.А. Айжигитовдун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытовдун сунуштарын эске алуу менен 2022-жылдын
29-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 66, каршы – жок, бардыгы
66 депутат добуш берди, 69 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
“Ар кандай” маселеси боюнча депутаттардын сөз сүйлөөсү үчүн бөлүнгөн убакытты саат 13.00гө чейин узартуу жөнүндө төрагалык кылуучунун сунушу боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 57, каршы – 1, бардыгы
58 депутат добуш берди, 69 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
2. Ар кандай.
Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д. Бекешев.
Мындан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Дж.К. Исаева төрагалык кылды.
Сөз сүйлөдү: депутаттар У.Б. Бакасов, Э.Т. Токтошев,
Д.А. Джумабеков, Ч.И. Ажибаев, Б.З. Түлөбаев, Э.Ж. Сурабалдиева,
М.К. Сарбагышев, А.Т. Маткеримов, Т.И. Икрамов, А.Т. Түмөнбаев,
А.Д. Таштанбеков, Ж.П. Нурбаев, Ж.Б. Абиров, Ч.А. Айдарбеков,
А.Ж. Осмонов, К.А. Талиева, Ы.Ы. Атажанов, Н.А. Нарматова,
А.А. Козуев, С.А. Атамбаев, Т.А. Масабиров, М.К. Алиев, Р.Ш. Жакышов, Н.А. Азыгалиев, Ө.М. Бакиров, У.З. Ормонов, Ж.Коргонбай уулу,
Ш.К. Атазов, С.А. Омурзаков, Н.А. Ражабалиев, М.М. Мураталиев,
К.К. Сулайманов, А.К. Малиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов.
Депутат А.К. Малиевдин сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
14.00 саатка чейин тыныгуу жарыяланды.
14.00 саат
Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О. Сыдыгалиев төрагалык кылды.
49 депутат катталды.
3. “Кыргыз Республикасына карата Тажикстан Республикасынын куралдуу агрессиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кайрылуусу” тууралуу маселени кароо.
Сунушталган маселе жана Кыргыз Республикасына карата Тажикстан Республикасынын куралдуу агрессиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кайрылуусунун долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Ч.А. Айдарбековдун сөзү.
Сөз сүйлөдү: депутат А.Ж. Осмонов, төрагалык кылуучу.
“Кыргыз Республикасына карата Тажикстан Республикасынын куралдуу агрессиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кайрылуусунун” долбоорун жактыруу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 44, каршы – жок, бардыгы
44 депутат добуш берди, 50 депутат катталган.
“Кыргыз Республикасына карата Тажикстан Республикасынын куралдуу агрессиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кайрылуусунун” долбоорун жактыруу жөнүндө кайталап добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 48, каршы – жок, бардыгы
48 депутат добуш берди, 51 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2021-жылдын 29-октябры, кир. №6-15382/21) демилгелеген, “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.
Сөз сүйлөдү: депутат Э.Т. Токтошев, төрагалык кылуучу.
Сунушталган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д.Э. Толоновдун сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
Мындан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Дж.К. Исаева төрагалык кылды.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 12-майы, кир. №6-8865/22) демилгелеген, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.
Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д.Э. Толоновдун сөзү.
Сөз сүйлөдү: депутат А.К. Мадумаров.
Мындан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О. Сыдыгалиев төрагалык кылды.
Сөз сүйлөдү: депутат А.К. Мадумаров, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Б.Ж. Алиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары Н.Ж. Бообеков, депутаттар Б.З. Түлөбаев, Д.Э. Толонов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы, Д.Д. Бекешев,
К.К. Сулайманов.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат А.К. Мадумаров.
Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д.Э. Толоновдун сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: депутат М.К. Алиев, төрагалык кылуучу.
“VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-2023-жылдарга сессиялык иш планын бекитүү тууралуу” жана “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын алтынды сатуу, жалпы өндүрүш көлөмүн изилдөө жана Кыргыз Республикасынын менчигине өткөн учурдан берки анын ишин текшерүү максатында убактылуу депутаттык комиссиянын курамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун жыйналыштын күн тартибине киргизүү жөнүндө Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы М.А.Алиевдин сунушу боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 52, каршы – жок, бардыгы
52 депутат добуш берди, 67 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 14-июну, кир. №6-12343/22) демилгелеген, “Виртуалдык активдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.
Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары
Т.А. Айталиевдин сөзү.
Сөз сүйлөдү: депутат Э.Т. Токтошев, Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары Т.А. Айталиев, депутаттар
Н.Т. Шакиев, Т.А. Масабиров, Ж.С. Кыдыкбаев, С.А. Айжигитов,
У.З. Ормонов, Ш.К. Атазов, Д.Д. Бекешев.
Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасынын орун басары
К.К. Сулаймановдун сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
7. “Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыр-чатактын пайда болуу себептерин комплекстүү изилдөө жана чек ара көйгөйлөрүн чечүү боюнча стратегияны иштеп чыгуу максатында убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” маселени кароо.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутаттар Э.Н. Сулайманов,
С.А. Айжигитов.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
Каралып жаткан маселени жыйналыштын күн тартибинен чыгарып салуу жөнүндө депутат Э.Н. Сулаймановдун сунушу боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 49 , каршы – 10, бардыгы
59 депутат добуш берди, 72 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: депутат Д.Э. Толонов, төрагалык кылуучу, депутат К.К. Сулайманов.
8. “VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-2023-жылдарга сессиялык иш планын бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.
Сунушталган токтом долбоору жана ана кабыл алуу жөнүндө Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасы М.А.Алиевдин сөзү.
“VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-2023-жылдарга сессиялык иш планын бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 52 , каршы – жок, бардыгы 52 депутат добуш берди, 72 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).
9. “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын алтынды сатуу, жалпы өндүрүш көлөмүн изилдөө жана Кыргыз Республикасынын менчигине өткөн учурдан берки анын ишин текшерүү максатында убактылуу депутаттык комиссиянын курамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” маселени кароо.
Сунушталган маселе боюнча депутат М.К. Алиевдин сөзү.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын алтынды сатуу, жалпы өндүрүш көлөмүн изилдөө жана Кыргыз Республикасынын менчигине өткөн учурдан берки анын ишин текшерүү максатында убактылуу депутаттык комиссиянын курамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 494-VII токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 56 , каршы – жок, бардыгы 56 депутат добуш берди, 72 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун жыйналышттын күн тартибине киргизүү жана аны жабык режимде кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы
Д.Э. Толоновдун сөзү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 53 , каршы – жок, бардыгы 53 депутат добуш берди, 72 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
Мындан ары жыйналыш жабык реимде улантылды.
15 саат 30 мүнөт
Мындан ары жыйналыш ачык реимде улантылды.
Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О. Сыдыгалиев төрагалык кылды.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
10. 2022-жылдын 28 жана 29-сентябрында каралган мыйзам долбоорлору жана токтом долбоорлору боюнча добуш берүү.
66 депутат катталды.
“2021-жылдын 4-мартында кол коюлган, 1994-жылдын
9-декабрындагы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 50 жылдыгына байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, согуш жылдарындагы ооруктун эмгекчилери жана каза болгон аскерлердин жесирлери үчүн кошумча жеңилдиктерди жана материалдык жардамды белгилөө жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62 , каршы – 1, бардыгы
63 депутат добуш берди, 66 депутат катталган.
Добуш берүү жараксыз деп таанылды.
“2021-жылдын 4-мартында кол коюлган, 1994-жылдын
9-декабрындагы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 50 жылдыгына байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, согуш жылдарындагы ооруктун эмгекчилери жана каза болгон аскерлердин жесирлери үчүн кошумча жеңилдиктерди жана материалдык жардамды белгилөө жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда кайталап добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65 , каршы – жок, бардыгы 65 депутат добуш берди, 66 депутат катталган.
Добуш берүү жараксыз деп таанылды.
“2021-жылдын 4-мартында кол коюлган, 1994-жылдын
9-декабрындагы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 50 жылдыгына байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, согуш жылдарындагы ооруктун эмгекчилери жана каза болгон аскерлердин жесирлери үчүн кошумча жеңилдиктерди жана материалдык жардамды белгилөө жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда кайталап добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65 , каршы – жок, бардыгы 65 депутат добуш берди, 65 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).
“Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65 , каршы – жок, бардыгы 65 депутат добуш берди, 65 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды.
“Эл аралык чукул жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65 , каршы – жок, бардыгы 65 депутат добуш берди, 65 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды.)
“2017-жылдын 28-февралындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү” долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга 2022-жылдын 15-апрелинде кол коюлган № 2 кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65 , каршы – жок, бардыгы 65 депутат добуш берди, 65 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.)
“Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65 , каршы – жок, бардыгы 65 депутат добуш берди, 65 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.)
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65 , каршы – 1, бардыгы 66 депутат добуш берди, 66 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.)
“Соттук-эксперттик иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 66 , каршы – жок, бардыгы 66 депутат добуш берди, 66 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.)
“Кесиптик бирликтер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 66 , каршы – жок, бардыгы 66 депутат добуш берди, 66 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды.)
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 66 , каршы – жок, бардыгы 66 депутат добуш берди, 66 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды.)
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 66 , каршы – жок, бардыгы 66 депутат добуш берди, 66 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.)
“Виртуалдык активдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 64 , каршы – жок, бардыгы 64 депутат добуш берди, 66 депутат катталган.
Добуш берүү жараксыз деп таанылды.
“Виртуалдык активдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65 , каршы – жок, бардыгы 64 депутат добуш берди, 66 депутат катталган.
Добуш берүү жараксыз деп таанылды.
“Виртуалдык активдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 66 , каршы – жок, бардыгы 66 депутат добуш берди, 66 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.
Төрага Т. Мамытов