9
VII ЧАКЫРЫЛЫШТЫН II СЕССИЯСЫ
2022-2023-жж.
2022-жылдын 5-октябры саат 10.00
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы
Төрагалык кылган: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Төрагасынын орун басары
У.Б. Примов
Жыйналышка катышып олтурган: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов.
Жыйналышка катышпаган депутаттар: К.Жусупбек уулу,
А.К. Малиев, Э.Т. Токтошев.
Жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселелер:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан (2022-жылдын 24-майы кир. № 6-10066/22) демилгеленген, “Москва шаарында 2021-жылдын 19-октябрында кол коюлган, 2010-жылдын 18-июнундагы Бажы бирлигинин бажы аймагындагы эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык зоналар маселелери боюнча макулдашууга жана Эркин бажы аймагынын бажы жол-жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (үчүнчү окуу);
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан (2022-жылдын 27-майы кир. № 6-10474/22) демилгеленген, 2006-жылдын 24-ноябрында Минск шаарында кол коюлган, КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган, 2006-жылдын 24-ноябрындагы КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу (үчүнчү окуу);
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан (2022-жылдын 25-марты № 158 токтом) демилгеленген, “Өрт коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу (экинчи окуу);
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары
Н.О. Сыдыгалиев, Ч.А. Айдарбеков, Д.Э. Толонов, Ф.А. Алимжанов,
Ы.Ы. Атажанов, А.Т. Түмөнбаев, Ж.К. Акаев, У.Б. Примов,
Ч.А. Султанбекова, Р.Ш. Жакышов, Ш.К. Атазов, Ш.К. Ташиев,
Ж.Таалайбек кызы, Г.О. Култаева, Н.Т. Шакиев, А.Т. Маткеримов,
Б.З. Түлөбаев, А.Ж. Осмонов, Ж.Э. Садырбаева, Э.Н. Сулайманов,
Ч.И. Ажибаев, У.Б. Бакасов, А.Т. Эрбаев тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (биринчи окуу);
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан (2022-жылдын 12-августу кир.№ 6-16542/22) демилгеленген, “Москва шаарында 2022-жылдын 19-апрелинде кол коюлган, “Евразия экономикалык биримдигинде ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (биринчи окуу);
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан (2022-жылдын 23-августу кир.№ 6-16811/22) демилгеленген, “Москва шаарында 2022-жылдын 19-апрелинде кол коюлган, Бажы транзитинин бажылык жол-жобосуна ылайык товарларды ташууда (транспортировкалоо) бажы алымдарын, салыктарын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенменин аткарылышын камсыз кылууну колдонуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (биринчи окуу);
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан (2022-жылдын 21-июну кир.№ 6-13227/22) демилгеленген, “Москва шаарында 2022-жылдын 31-мартында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (биринчи окуу);
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан (2022-жылдын 5-сентябры кир.№ 6-17251/22) демилгеленген, “Баку шаарында 2022-жылдын 20-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аба катнашы жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө (биринчи окуу);
9. “Мамлекеттик мүлктү башкаруунун жана менчиктештирүүнүн натыйжалуулугу маселесин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-апрелиндеги №220-VII токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору жөнүндө;
10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо жөнүндө.
68 депутат катталган.
1. 2022-жылдын 5-октябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 46, каршы – жок, бардыгы 46 депутат добуш берди, 68 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: депутаттар Э.Н. Сулайманов, Ш.К. Атазов,
К.А. Талиева, Н.А. Ражабалиев, Р.Ш. Жакышов, А.Ж. Осмонов,
Н.А. Нарматова, М.О. Темирбаева, М.М. Мураталиев, М.К. Алиев, төрагалык кылуучу.
Депутат А.Ж. Осмоновдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча жана Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.
Депутаттар Э.Н. Сулайманов жана М.К. Алиевдин сунуштарын эске алуу менен 2022-жылдын 5-октябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – жок, бардыгы 63 депутат добуш берди, 80 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Чечим кабыл алынды: “Мамлекеттик мүлктү башкаруунун жана менчиктештирүүнүн натыйжалуулугу маселесин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-апрелиндеги №220-VII токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору жыйналыштын күн тартибинин долбооруна киргизилсин.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан (2022-жылдын 24-майы кир.№ 6-10066/22) демилгеленген, “Москва шаарында 2021-жылдын 19-октябрында кол коюлган, 2010-жылдын 18-июнундагы Бажы бирлигинин бажы аймагындагы эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык зоналар маселелери боюнча макулдашууга жана Эркин бажы аймагынын бажы жол-жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.
Сунушталган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ч.А. Султанбекованын сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан (2022-жылдын 27-майы кир.№ 6-10474/22) демилгеленген, 2006-жылдын 24-ноябрында Минск шаарында кол коюлган, КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган, 2006-жылдын 24-ноябрындагы КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.
Сунушталган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ч.А. Султанбекованын сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан (2022-жылдын 25-марты № 158 токтом) демилгеленген, “Өрт коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.
Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы
Ч.А. Айдарбековдун сөзү.
Сөз сүйлөдү: депутат Э.Ж. Сурабалдиева, Ченемдик-техникалык иштер жана өрттү иликтөө башкармалыгынын начальниги – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрт өчүрүү жана өрттүн алдын алуу башкармалыгынын начальнигинин орун басары
А.К. Расулов, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары А.М. Мамбетов, депутат Р.Ш. Жакышов, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматынын директору Б.А. Акматалиев, депутаттар Н.А. Азыгалиев, К.А. Талиева, М.А. Абдалиев, төрагалык кылуучу.
Каралып жаткан маселе боюнча сөз сүйлөөгө жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат М.А. Абдалиевдин сунушу боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 52, каршы – жок, бардыгы
52 депутат добуш берди, 84 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: депутат Ж.П. Нурбаев, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары А.М. Мамбетов, депутаттар А.Ж. Осмонов, Э.Ж. Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматынын директору Б.А. Акматалиев, Ченемдик-техникалык иштер жана өрттү иликтөө башкармалыгынын начальниги – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрт өчүрүү жана өрттүн алдын алуу башкармалыгынын начальнигинин орун басары
А.К. Расулов, депутаттар Т.А. Масабиров, М.А. Абдалиев.
Мындан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т. Мамытов төрагалык кылды.
Сөз сүйлөдү: депутат Н.А. Ражабалиев, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары А.М. Мамбетов, депутаттар Н.А. Нарматова, Ж.С. Кыдыкбаев, Ченемдик-техникалык иштер жана өрттү иликтөө башкармалыгынын начальниги – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрт өчүрүү жана өрттүн алдын алуу башкармалыгынын начальнигинин орун басары
А.К. Расулов.
Мындан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылды.
Сөз сүйлөдү: депутат А.А. Турсунбаев, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматынын директору Б.А. Акматалиев.
Мындан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т. Мамытов төрагалык кылды.
Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Ч.А. Айдарбековдун сөзү.
Сөз сүйлөдү: депутат М.К. Алиев, төрагалык кылуучу.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т. Мамытовдун өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотуусу жөнүндө арызы.
Мындан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылды.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутаттар М.А. Маматалиев, Ж.К. Акаев, Б.З. Түлөбаев, Д.А. Джумабеков, Ш. Мажитова,
А.Ж. Осмонов, А.Т. Түмөнбаев, Р.Ш. Жакышов, Н.К. Кадырбеков,
К.А. Талиева.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо жөнүндө” маселени кароо тууралуу депутат Ж.К. Акаевдин сунушу боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы – 2, бардыгы
69 депутат добуш берди, 87 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат И.А. Масалиев.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Т.Т. Мамытовдун өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотуусу жөнүндө арызын эске алуу жөнүндө депутат И.А. Масалиевдин сунушу боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – 1, бардыгы 64 депутат добуш берди, 87 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат Ж.Коргонбай уулу,
У.З. Ормонов.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
Саат 14.00гө чейин тыныгуу жарыяланды.
14.00 саат
Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылды.
67 депутат катталган.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
6. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо жөнүндө” маселени кароо.
Төрагалык кылуучу “Элдик” депутаттык тобунан жана “Ата-Журт Кыргызстан”, “Альянс” парламенттик фракцияларынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы кызматына
Н.Т. Шакиевдин талапкерлиги көрсөтүлгөндүгүн белгилеп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы кызматына депутат Н.Т. Шакиевдин талапкерлигин колдоо жөнүндө “Ишеним” парламенттик фракциясынын чыгарылган чечими менен тааныштырды.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы М.К. Алиев, депутат И.А. Масалиев.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
Мындан ары жыйналыш Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бардык комитеттеринин жыйналышы режиминде улантылды.
14 саат 33 мүнөт
Мындан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышы улантылды.
Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылды.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо жөнүндө” маселени кароо улантылды.
Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү жүргүзүү үчүн эсептөө комиссиясынын курамына депутаттардын талапкерлиги жөнүндө төрагалык кылуучу.
Сөз сүйлөдү: депутаттар Э.Р. Сатыбалдиев, У.З. Ормонов,
Г.С. Молдобекова, М.А. Маматалиев, М.Самыйкожо, А.К. Мадумаров, Н.К. Кадырбеков.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү жүргүзүү үчүн эсептөө комиссиясынын курамына талапкерлер: депутаттар А.А. Турсунбаев – “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан, Н.А. Азыгалиев – “Элдик” депутаттык тобунан, М.О. Темирбаева – “Ишеним” парламенттик фракциясынан, Б.З. Түлөбаев – “Ынтымак” парламенттик фракциясынан, Ж.К. Акаев – “Альянс” парламенттик фракциясынан, Г.А. Кожокулова – “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынан, Д.А. Ашимова – “Ыйман Нуру” парламенттик фракциясынан.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү жүргүзүү үчүн эсептөө комиссиясынын курамына жогоруда көрсөтүлгөн депутаттарды шайлоо жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы – жок, бардыгы 82 депутат добуш берди, 86 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутаттар А.К. Малиев,
У.З. Ормонов, Д.Д. Бекешев.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү жүргүзүү үчүн эсептөө комиссиясынын курамына депутат Ш.К. Атазовду киргизүү жөнүндө депутат Д.Д. Бекешевдин сунушу боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – жок, бардыгы
78 депутат добуш берди, 87 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү жүргүзүү үчүн эсептөө комиссиясынын курамына талапкерлер: депутаттар А.А. Турсунбаев – “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан, Н.А. Азыгалиев – “Элдик” депутаттык тобунан, М.О. Темирбаева – “Ишеним” парламенттик фракциясынан, Б.З. Түлөбаев – “Ынтымак” парламенттик фракциясынан, Ж.К. Акаев – “Альянс” парламенттик фракциясынан, Г.А. Кожокулова – “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынан, Д.А. Ашимова – “Ыйман Нуру” парламенттик фракциясынан, Ш.К. Атазов – №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы кызматына талапкер Н.Т. Шакиевдин сөзү.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутаттар Д.Д. Бекешев,
Н.Т. Шакиев – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы кызматына талапкер, депутаттар К.А. Талиева, М.К. Алиев.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
Ушул маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосуна ар бир парламенттик фракциядан жана депутаттык топтон бирден депутаттын чыгып сүйлөөсүнө мүмкүндүк берүү жөнүндө депутат К.А. Талиеванын сунушу боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 58, каршы – 11, бардыгы 69 депутат добуш берди, 87 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: депутаттар У.З. Ормонов, Н.Т. Шакиев – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы кызматына талапкер, депутаттар Э.Р. Сатыбалдиев, М.А. Маматалиев, А.К. Малиев,
В.К. Раимбачаева, Ч.А. Айдарбеков, Э.Ж. Сурабалдиева, И.А. Масалиев, Д.А. Джумабеков, Ш.Мажитова.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү (№ 1 протокол) жана бюллетендин формасы
(№ 2 протокол) тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын төрагасы – депутат Ж.К. Акаевдин (“Альянс”) сөзү.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын жыйналышынын № 1, № 2 протоколдорун бекитүү жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 55, каршы – жок, бардыгы
55 депутат добуш берди, 87 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
С.15:14 – 15:27 бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү жүргүзүлүүдө.
С.15:28 – 15:33 добуштарды эсептөө жүргүзүлүүдө.
Ушул маселе боюнча (№ 3 протокол) жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын төрагасы – депутат Ж.К. Акаевдин (“Альянс”) сөзү.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы кызматына депутат НТ. Шакиевди шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул – 80добуш, каршы – 6 добуш.
Жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Т. Шакиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо үчүн убактылуу эсептөө комиссиясынын жыйналышынын № 3 протоколун бекитүү жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 76, каршы – 1, бардыгы
77 депутат добуш берди, 85 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нурланбек Тургунбекович Шакиевди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы кызматына шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – жок, бардыгы
78 депутат добуш берди, 85 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланган Н.Т. Шакиевди депутаттар куттукташты.
Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланган Н.Т. Шакиев.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат У.З. Ормонов.
Мындан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н.Т. Шакиев төрагалык кылды.
“Ишеним” парламенттик фракциясынын лидери У.З. Ормоновдун сунушу боюнча 15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.
Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.
Төраганын орун басары У. Примов