Бүгүн, 24-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары жана Аппарат кызматкерлери үчүн Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсеси жана Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңеш тарабынан уюштурулган гендердик-сезимталдык стандарттары боюнча семинар өтүүдө.
Иш-чарага Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев, Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин төрайымы Шарапаткан Мажитова баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары, ошондой эле ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов, Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун Демократиялык башкаруу жана гендердик маселелер бөлүмүнүн башчысы Юлия Нетесова катышты.
Иш-чараны ачып жатып, Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Жогорку Кеңеш мамлекеттик башкаруу системасында гана эмес, аялдардын кызыкчылыктары эске алынбаган башка тармактарда да тең укуктуулук жана окшош мүмкүнчүлүктөр принциптерин жигердүү илгерилетүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.
“Бул процесстеги алгачкы натыйжалуу кадам катары Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдында Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин түзүлгөндүгүн айтсак болот. Анткени аталган кеңеш мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары гендердик мамилелерди жакшыртуу максатын көздөйт жана бул жаатта тийиштүү иштерди алып барууга укуктуу”, – деген Нурланбек Азыгалиев Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюро тарабынан жүргүзүлө турган гендердик аудитке Жогорку Кеңеш ар тараптуу жардам көрсөтөрүн кошумчалады.
Муну менен катар уюштурулган семинар парламенттеги гендердик саясатты жана мыйзамдарды илгерилетүүдөгү жетишкендиктерди баалоочу аянтча болуп каларына ишенерин билдирди.
Өз кезегинде ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов Кыргызстандагы гендердик теңчиликти өнүктүрүү маселелерине токтолуп, өлкө аялдардын да, эркектердин да бирдей укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу, алардын шайлоо процессине активдүү катышуусуна өбөлгө түзүү, аялдардын укуктарын коргоого жана гендердик теңчиликти илгерилетүүгө багытталган мыйзамдык жана саясий базаны калыптандыруу боюнча олуттуу ийгиликтерге жетишкенин эске салды.
Мындан тышкары аялдардын саясий иштерге катышуусуна байланышкан маселелер тууралуу сөз кылган Алексей Рогов: “Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге аялдардын шайлануу деңгээли орто эсеп менен 37%га жогорулады. Улуттук парламенттеги өкүлчүлүк бир аз артта калып, 17%ды түзөт. Мында Кыргызстандын негизги эл аралык конвенцияларды жана ЕККУнун милдеттенмелерин аткарууга берилгендигин белгилей кетүү керек”, - деди.
Өз кезегинде Юлия Нетесова Жогорку Кеңеш гендердик теңчилик толук сакталган мамлекеттик орган катары үлгү болушу керектигин айтып, Кыргызстан Борбор Азиядагы парламенттеги гендердик изилдөөлөрдү жүргүзүп, баа берген биринчи өлкө болуп саналарына да токтолду.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү