Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2022-жылдын 26-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору

28-10-2022
09:21

2022-жылдын 26-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “Өрт коопсуздугу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 25.03.22деги № 158 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 12.04.2022деги кир.№ 6-6537/22) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

3. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Кенжебаев А.Б., Самыйкожо М., 14.04.22деги кир.№ 6-6814/22) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

4. “2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Бажылык транзиттин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды ташууда бажы алымдарын, салыктарды, атайын, антидемпингдик жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоону колдонуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 23.08.22деги кир. № 6-16811/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “2022-жылдын 20-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамдары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 05.09.22деги кир. № 6-17251/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

6. “2017-жылдын 28-февралындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү” долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга 2022-жылдын 15-апрелинде кол коюлган № 2 кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 12.08.2022деги кир.№ 6-16545/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

7. “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 06.06.22деги кир. № 6-11519/22) (Социалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

8. “Эмгек жана социалдык камсыздоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 10.06.22деги кир. № 6-12047/22) (Социалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

9. “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 30.06.22деги кир. № 6-14472/22) (Социалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

10. “Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 20.07.22деги кир. № 6-15750/22) (Социалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

11. “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлɵрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 10.06.22деги кир. № 6-12045/22) (Социалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

12. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Граждандык кодексине, “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир.№ 6-11426/22, 06.06.2022) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Социалдык саясат боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

13. “Бишкек шаарында катуу калдыктарды башкаруу тутумунун жакшыртуу” долбоорун каржылоого Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан бөлүнгөн гранттык жана кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 189-VII токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (токтом долбоору кабыл алынсын)