Бүгүн, 28-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин жыйынында «Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзамдын долбоору талкууланды.
Жыйын БУУӨП жана ЕБ-БУУнун «Теңдик нуру» демилгесинин, USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун алкагында уюштурулуп, «Жарандык союз» бейөкмөт уюмунун колдоосу менен өткөрүлдү.
Алсак, депутат Динара Ашимова тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору жабырлануучулардын, өзгөчө үй-бүлөлүк, гендердик жана сексуалдык зомбулуктун курмандыктарын коргоо, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү максатын көздөйт.
Демилгечи депутат: «Тилекке каршы, үй-бүлөлүк жана аялдарга болгон сексуалдык зомбулук токтобой, адам укуктары бузулуп жатат. Мыйзам долбоорун карап жатып, биз зомбулуктан жабыркагандар юридикалык жардамга эле эмес кризистик борборлордун да көмөгүнө муктаж экенин аныктадык. Биз сунуштап жаткан мыйзамдагы өзгөртүүлөр жабыркаган аялдарга комплекстүү жардам берүүгө шарт түзөт», - деди.
Тегерек столдо бул демилгени Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык сектордун өкүлдөрү, министрликтердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү колдошту.
Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова демилгени кубаттап: «Акыркы мезгилдерде коомчулуктун көңүлүн буруп, тынчсыздандырган, кызуу талкуу жараткан, нааразылык туудурган чоң маселелердин бири – аялдар менен жаш балдарга карата зордук-зомбулуктун күчөшү, өзгөчө үй-бүлөлүк зордук- зомбулуктун үч эсе өсүшү болуп жатат. Бул маселени мобилдүү, даректүү жана чоң жоопкерчилик менен көзөмөлдөө максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдында «Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңеш» түзүлүп, учурда аялдардын, балдардын укуктарын коргоого жана гендердик теңчиликти камсыздоого багытталган системалуу иштерди алып барып жатат», – деп кошумчалады.
Ал эми БУУнун Өнүктүрүү программасынын Туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал: «БУУнун Өнүктүрүү программасы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча улуттук мыйзамдык базаны эксперттик кароону колдойт, анын жоболору аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту ооздуктоо үчүн принципиалдуу мааниге ээ. 2030-жылга чейин бардык өлкөлөрдө Башкы катчынын "Аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу үчүн биригиңиз" кампаниясы дүйнөлүк деңгээлде талап кылынган мыйзамдардын бири», - деди.
USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун жетекчиси Наталья Пипиа депутаттар тарабынан сунушталган түзөтүүлөрдүн маанилүүлүгүнө токтолуп: “Биз үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө мыйзам долбооруна тобокелчиликтерди эске алган механизмдин киргизилишин кубаттайбыз. Мындай өзгөрүүлөр зомбулук учурларына туура жооп берүүгө, үй-бүлөдөгү зомбулуктун ачыкталышына, кооптуу кырдаалдарды алдын алууга, өз убагында таанууга жана жабырлануучулардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө мүмкүндүк берет”,– деди.
Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин катчылыгы