2016-жылдын 9 ноябры № 1055-VI Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө

14-11-2016 11:36

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м   к ы л а т:

1. Төмөнкүлөр аныкталсын:

Жээнбеков Сооронбай Шарипович - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна;

Абулгазиев Мухамметкалый Дүйшекеевич - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кызмат ордуна;

Панкратов Олег Михайлович - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна;

Султанбекова Чолпон Аалыевна - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна;

Разаков Жеңиш Парпиевич - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна;

Осмоналиев Акылбек Шарипович - Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчисинин - Кыргыз Республикасынын министринин кызмат ордуна;

Кожошев Арзыбек Орозбекович - Кыргыз Республикасынын экономика министринин кызмат ордуна;

Касымалиев Адылбек Алешович - Кыргыз Республикасынын финансы министринин кызмат ордуна;

Мурашев Нурбек Мурпазылжанович - Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызмат ордуна;

Калилов Жамшитбек - Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин кызмат ордуна;

Ахметов Уран Түлөндиевич - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызмат ордуна;

Абдылдаев Эрлан Бекешович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кызмат ордуна;

Исраилов Улан Жумабекович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызмат ордуна;

Боронов Кубатбек Айылчиевич - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин кызмат ордуна;

Батыралиев Талантбек Абдуллаевич - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна;

Казаков Түгөлбай Токтогулович - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызмат ордуна;

Кудайбердиева Гүлмира Каримовна - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна;

Исакунова Таалайкул Базаркуловна - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна;

Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна;

Шаршембиев Бакыт Нуржанович - Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна;

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат орду - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы;

Кыргыз Республикасынын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат орду - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн талапкерлер дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине көрсөтүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:

2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө”;

2016-жылдын 1-июнундагы № 612-VI “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу”;

2016-жылдын 29-июнундагы № 799-VI “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”;

2016-жылдын 15-сентябрындагы № 888-VI “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу”.

 

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага                                                                                      Ч.А. Турсунбеков

 



Көрүүлөрдүн саны : 1375