Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө

17-11-2017 09:34

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому

Бишкек шаары, 2015-жылдын 19-ноябры № 39-VI

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө

(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 827-VI, 2017-жылдын 1-мартындагы № 1368-VI, 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 1964-VI 2017-жылдын 22-ноябрындагы N 1999-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Активдүү парламенттер аралык кызматташтыкка аракеттенип жана Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына катышкан мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу парламенттик кызматташтыкты андан ары тереңдетүүнүн зарылдыгын таанып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына төмөнкү депутаттар курамында болгон Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы түзүлсүн:

Джумабеков Дастанбек Артисбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегация башчысы;

Садык Шер-Нияз;

Узакбаев Абылкайыр Осмонбекович;

Зулпукаров Төрөбай Закирович;

Момбеков Рыскелди Чыныбекович;

Баймуратов Калдарбек Шакирович;

Райымкулов Бактыбек Кемелбекович;

Төрөкулов Дүйшөн Гуламкадырович;

Айдаров Салайдин Абдираевич.

(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 827-VI, 2017-жылдын 1-мартындагы № 1368-VI, 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 1964-VI, 2017-жылдын 22-ноябрындагы N 1999-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын төмөнкү туруктуу комиссияларына жиберилсин:

укук маселелери жана эл аралык маселелер боюнча комиссиясына - Зулпукаров Төрөбай Закирович, Баймуратов Калдарбек Шакирович;

социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясына - Момбеков Рыскелди Чыныбекович, Садык Шер-Нияз, Төрөкулов Дүйшөн Гуламкадырович;

экономикалык кызматташтык боюнча комиссияга - Райымкулов Бактыбек Кемелбекович, Айдаров Салайдин Абдираевич;

айлана-чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссиясына - Узакбаев Абылкайыр Осмонбекович.

(КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 1-мартындагы № 1368-VI, 2017-жылдын 22-ноябрындагы N 1999-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3. Парламенттик делегация бүткөрүлгөн иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалыматтап турсун.

 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

А.Жээнбеков

Көрүүлөрдүн саны : 1322