Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө

17-11-2017 09:36

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2015-жылдын 19-ноябры № 37-VI

Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө

(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 17-февралындагы № 266-VI, 2016-жылдын 29-июнундагы № 827-VI, 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 1857-VI, 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 1964-VI, 2017-жылдын 28-декабрындагы № 2160-VI, 2018-жылдын 28-июнундагы № 2534-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмга катышкан өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташууну андан ары тереңдетүүнүн зарылдыгын таанып, ЕККУнун алкагында парламенттер аралык байланыштарды активдештирүүгө умтулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы төмөнкү депутаттардын курамында түзүлсүн:

- Өмүркулов Иса Шейшенкулович;

- Төрөбаев Бакыт Эргешевич;

- Иманалиев Каныбек Капашович;

- Абдылдаев Мыктыбек Юсупович;

- Туманбаева Рада Мураталыевна;

- Төлөнов Данияр Эрмекович.

(КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 28-декабрындагы № 2160-VI, 2018-жылдын 28-июнундагы № 2534-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1.1. Өмүркулов Иса Шейшенкулович парламенттик делегациянын башчысы болуп шайлансын.

(КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 1964-VI токтомунун редакциясына ылайык)

1.2. Иманалиев Каныбек Капашевич парламенттик делегациянын башчысынын орун басары болуп шайлансын.

(КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 1964-VI токтомунун редакциясына ылайык)

2. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

А.Жээнбеков

Көрүүлөрдүн саны : 1135