Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралуу

17-11-2017 09:37

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2015-жылдын 19-ноябры № 36-VI

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралуу

(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 14-январындагы № 195-VI, 2016-жылдын 17-февралындагы № 266-VI, 2016-жылдын 29-июнундагы № 827-VI, 2016-жылдын 16-ноябрындагы № 1092-VI, 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 1964-VI, 2017-жылдын 28-декабрындагы № 2160-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Активдүү парламенттер аралык кызматташууга умтулуп жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна катышкан мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу парламенттик кызматташууну андан ары тереңдетүүнүн зарылдыгын таанып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы төмөнкү депутаттардын курамында түзүлсүн:

- Джумабеков Дастанбек Артисбекович  - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегация башчысы;

- Акматов Алмасбек Жумабекович;

- Шыкмаматов Алмамбет Насырканович;

- Икрамов Тазабек Икрамович;

- Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович;

- Мадеминов Мурадыл Ганыевич;

- Карамушкина Ирина Юрьевна;

- Рысалиев Зарылбек Кылычбекович;

- Гайпкулов Искандер Төрөбаевич.

(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 14-январындагы № 195-VI, 2016-жылдын 17-февралындагы № 266-VI, 2016-жылдын 29-июнундагы № 827-VI, 2016-жылдын 16-ноябрындагы № 1092-VI, 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 1964-VI, 2017-жылдын 28-декабрындагы № 2160-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын туруктуу комиссияларына төмөнкүлөр жиберилсин:

коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча туруктуу комиссияга - Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович, Рысалиев Зарылбек Кылычбекович, Карамушкина Ирина Юрьевна;

саясий маселелер жана эл аралык кызматташуу боюнча туруктуу комиссияга - Акматов Алмасбек Жумабекович, Шыкмаматов Алмамбет Насырканович;

социалдык-экономикалык жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссияга - Икрамов Тазабек Икрамович, Мадеминов Мурадыл Ганыевич, Гайпкулов Искандер Төрөбаевич.

(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 14-январындагы № 195-VI, 2016-жылдын 16-ноябрындагы № 1092-VI, 2017-жылдын 28-декабрындагы № 2160-VI токтомунун редакциясына ылайык)

3. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

А.Жээнбеков

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 1353