Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажилисинин ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө

29-01-2018 14:26

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому

Бишкек шаары, 2017-жылдын 28-декабры № 2161-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажилисинин ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө

(КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 2534-VI, 2019-жылдын 28-февралындагы № 2932-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажилисинин ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкүдөй депутаттарынын курамында түзүлсүн:

Акматов Алмасбек Жумабекович;

Мадеминов Марадыл Ганыевич;

Жамалдинов Зиядин Исламович;

Нышанов Сайдулла Канболотович;

Матраимов Искендер Исмаилович;

Райымкулов Бактыбек Кемелбекович;

Бакиров Мирлан Исакбекович.

(КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 2534-VI, 2019-жылдын 28-февралындагы № 2932-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Бакиров Мирлан Исакбекович Парламенттер аралык комиссиянын теңтөрагасы болуп шайлансын.

(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 28-февралындагы № 2932-VI токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Акматов Алмасбек Жумабекович Парламенттер аралык комиссиянын тең төрагасынын орун басары болуп шайлансын.

4. Парламенттер аралык комиссия бүткөрүлгөн иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жыл сайын маалымдап турсун.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков

Көрүүлөрдүн саны : 1258