Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Кыргызстандын 55 чет өлкө менен 60 күнгө чейин визасыз катташуу келишиминин мөөнөтүн андан ары узартуу демилгесин көтөрүүдө

13-02-2019
12:51

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын бир катар чет өлкөлөр менен визасыз катташуу келишиминин мөөнөтүн узартууга багытталган «Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда жактырды. Демилгечи – депутат Дастан Бекешев.

Демилгечинин айтымында, бир катар чет өлкөлөр менен 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтү 2020-жылдын 31-декабрында аяктайт, ошондон улам келишимдерди азыртан узартуу зарыл. «Атайын кызматтар терроризм жана экстремизм коркунучтары сындуу коркунучтарды мисал тартып, коопсуздук маселесин байма-бай эске салып келет. Бирок, биз мыйзамдарды либералдаштыруудан коркпошубуз керек. Мындай келишимдер өлкөнүн экономикасын, анын ичинде туризм тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт», - деди ал.

Депутат Каныбек Иманалиев буга чейин бир катар чет өлкөлүк террористтер Кыргызстан паспорту менен кармалганын эске салып, ал кылмыштар боюнча бир дагы аткаминер жоопкерчиликке тартылбаганын баса белгиледи. «Мындай кылмыштар мамлекеттин көзжаздымында калбашы керек, алар Кыргызстанды эл аралык деӊгээлде уят кылып, ишенимден чыгарып жатышат», - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору биринчи окууда каралганда, Өкмөт мурда келишим түзүлгөн 45 өлкөнүн тизмесине дагы 10 мамлекетти кошуу, 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтүн 2030-жылга чейин узартуу сунушун берген. Алар: Болгария, Кипр, Румыния, Черногория, Андорра, Бразилия, Сан-Марино, Чили, Аргентина, Оман. Бул жолу тармактык комитет ал тизмеден 3 өлкөнү – Болгария, Румыния, Кипрди алып салды.