Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында бир катар жарандарга КМШ ПААнын Ардак белгиси тапшырылды

13-02-2019
12:52

12-февралда Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин ортосундагы эл аралык мамилелерди жана парламенттер аралык кызматташууну өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кошкон салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын маданиятын, искусствосун, дене тарбия, спорт тармагын жана туризмди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар жарандар КМШ ПААнын сыйлыктары менен сыйланышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө КМШ ПААнын 25 жылдык медалы менен КР Президентин караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын башкы адиси Нурзат Асанбекова сыйланды.

Ал эми КМШ ПААнын Ардак белгисине Кыргыз Республикасынын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүдөгү салымы үчүн Дөөлөт Сыдыков, Майрамбек Осмонов татыды. Ушул эле Ардак белги Кыргыз Республикасынын дене тарбия, спорт жана туризм тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Владимир Чесноков менен Рамис Жунусалиевге ыйгарылды. Мындан сырткары, аталган Ардак белги Кыргыз Республикасынын басма сөзүн жана маданиятын өнүктүрүүдөгү салымы үчүн Каныкей Жунусовага тапшырылды.

Иш-чара Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында болуп өттү.