Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимге өзгөртүлөр киргизилүүдө

19-03-2019
16:10

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 2011-жылдын 19-декабрындагы Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана/же акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимге өзгөртүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколдун долбооруна макулдугун берди.

Депутат Чыныбай Турсунбеков Мамлекеттик чалгындоо кызматн мындан ары дагы банк кутуларын текшерер-текшербесине кызыкты. «Мамчалгындын банк ячейкаларын текшерүү аракети Кыргызстандан ири көлөмдөгү каражаттын чыгарылып кетишине алып келди. Эмне, банкта акча силер текшерсин үчүн сакталабы? Силер мындай ойлонулбаган кадамыӊар менен инвесторлорду чочуп койдуӊар, эми алардын келер-келбеси арсар. Минтип отурсаӊар өлкөнүн өнөгүшү кыйын. Дүйнөдө коррупцияга каршы башкача жолдор аркылуу күрөшөт», - деди ал.