Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Гидрометеорологиялык тейлөөнү өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды

02-04-2019
16:37

Бүгүн, 2-апрелде Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында «2018-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо» долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну  ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын комитеттин талкуусуна КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Азамат Мамбетов алып чыкты. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу 2012-жылы ратификацияланган. Бул макулдашуу менен жетишилген ийгиликтерге карабастан бүгүнкү күндө гидрометеорологиялык байкоо тармагында бир катар жетишпестиктер, кемчиликтер бар, учурда колдонулган технологиялар дүйнөлүк стандарттарга дал келбейт. Мындай жагдайларды эске алган Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы долбоордун 2-фазасынын максаттарына 5 млн АКШ долларын кошумча каржылоого бөлүп берүүгө даяр экендигин билдирген. Каржылоо Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын стандарттык шарттарында бөлүнүп берилет – 50% кредит түрүндө, 50% грант түрүндө. Ишке ашыруу мөөнөтү 2019-2021 жылдарга каралган.

Долбоор ишке ашса, анын пайдасын республиканын бардык региондору көрөт: аба-ырайынын болжолдоолору жана гидрометеорологиялык кубулуштар тууралуу шашылыш эскертүүлөр тагыраак болот. Муну менен табигый кырсыктардан боло турган зыяндарын, социалдык жана экономикалык зыяндарын жана курмандыктардын санын азайтууга көмөкчү болот. Долбоор менен 28 метеостанция жабдууларын сатып алуу, 10- гидропостту оӊдоо, тиешелүү веб-порталды өркүндөтүү жана башка маселелер мерчемделген.

Талкууда депутат Каныбек Иманалиев ратификациялоо менен каралган каражат чоӊ каражат экенин белгилеп, аны туура багыттарга сарптоо зарылдыгын, анткени бул маселе мамлекеттин коопсуздугуна түздөн-түз байланыштуу маселе экенин билдирди. Депутат Чыныбай Турсунбеков гидрометеоралогия тармагындагы кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга дагы басым жасоо керектигин айтты. Комитет төрагасы Исхак Пирматов мыйзам долбоору боюнча насыяны кайтаруу, техникалык-экономикалык негиздемеге байланыштуу бир катар сын-пикирлерди ортого салды.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү талкууда айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу чечимин кабыл алышты.