Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитет Кыргызстандын Беларустагы элчисин дайындоого макулдук берди

29-05-2019
15:56

Бүгүн, 28-майда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы жана ишти айкалыштыруу боюнча Беларусь Республикасынын Минск шаарындагы резиденциясы менен Латвия Республикасындагы жана Эстон Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчисин дайындоо маселеси каралды.

КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев аталган кызматка Ибраимов Эрмек Султановичтин талапкерлигин сунуш кылды.

Жогорку Кеӊештин тармактык комитети Ибраимов Эрмек Султановичти Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы жана ишти айкалыштыруу боюнча Беларусь Республикасынын Минск шаарындагы резиденциясы менен Латвия Республикасындагы жана Эстон Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчисин кылып дайындоого көпчүлүк добуш менен макул болду.