Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы бир катар макулдашуулардын долбоорлору каралды

19-09-2022
17:40

Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйынында үч макулдашуунун долбоору  каралып жактырылды.

Тагыраагы, тармактык комитет Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳгү,  кылмыш иштери боюнча ѳз ара укуктук жардам жѳнүндѳгү, соттолгон адамдарды ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳгү макулдашуулардын долбоору талкууланды.

Жыйында баяндама жасаган Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев белгилегендей, макулдашуулардын долбоорлорунун максаты Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосунда кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү маселелерин жөнгө салууга багытталган укуктук базаны түзүү болуп саналат.

Жыйынтыгында депутаттар макулдашуулардын долбоорлорун  жактырышты.