Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин
2023-жылдын 10-апрелиндеги
«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М. А. Маматалиев, Т. Т. Мамытов, Ш. Мажитова, Б. З. Түлөбаев, Л. Х. Лурова, М. Ж. Сыдыков, Э. К. Кокулов, Б. Э. Тентишев, Исатбек кызы А., М. А. Абдалиев, Ш. К. Атазов, Дж. К. Исаева, Ф. Д. Исмаилов, А. А. Козуев, Т. А. Масабиров, А. Т. Маткеримов, Н. А. Нарматова, К. А. Талиева, Р. Ш. Жакышов, Э. Р. Джусупов, Ф. А. Алимжанов, Э. Э. Жамгырчиев, Д. А. Ашимова, А. Алтынбеков, Д. Э. Толонов, К. Л. Ханджеза, Ч. И. Ажибаев, Ж. П. Нурбаев жана М. К. Сарбагышев тарабынан демилегенген «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (кир. №6-24400/22, 2022-жылдын 7-декабры) карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
1. Мыйзам долбоорунун концепциясы Кыргыз Республикасынын жашы жеткен жарандарына ар жылдык жөлөкпул дайындоо жана төлөө жолу менен финансылык жана социалдык колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле турак жай алууга жана окуу жайларында окууга акы төлөөгө колдоо көрсөтүүгө багытталган.
2. Билдирилген концепцияга мыйзам долбоордун мазмунунун ылайык келиши:
-ылайык келет.
Жаштар учурда мамлекеттин өнүгүүсүнүн стратегиялык ресурсу болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын жашы жеткен жарандарынын саны (18 жаш):
-2020-жылы – 94350;
-2021-жылы – 98394;
-2022-жылы – 102851.
Жаштардын жалпы билим алуу көрсөткүчү 62,2%ды гана түзөт, башкача айтканда, жаштардын дээрлик 37,8%ы эч жерде окубайт. 18 жаштан жогорку жаштар ишканаларда жалданма жумушчу жана кызматчы болуп иштешет. Алар үй-бүлөнүн кирешесинин аздыгынан окуу жайларын таштап кетүүгө аргасыз.
Жашы жеткенге чейин балдарга «балага көмөк» ар жылдык жөлөкпулу мамлекеттик банктарда атайын эсеп ачууну жана топтолгон сумманы «Мамлекеттик ипотекалык компания» программасы боюнча турак жай сатып алууга жана/же билим берүү уюмдарында окуу акысын төлөөгө жумшоону болжолдойт.
Бала төрөлгөндө, анын ичинде ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга жана ата-энесинен ажыраган же алардын камкордугусуз калган билим берүү мекемелеринде турган балдарга жашы жеткенге чейин жөлөкпулду жыл сайын төлөө төлөп берүү үчүн кайрылган учурда арыз берилген учурда дайындалат.
Ата-энелер топтолмо эсебине ыктыярдуу негизде белгилүү бир сумманы сала алышат.
Жашы жеткенге чейин ар жылдык жөлөкпулдун өлчөмү жылына 3000 сомду, муктаж болгон жарандарга жылына 10000 сомду түзөт.
Жаран жашы жеткенге чейин жылдык жөлөкпулдун жалпы топтолгон суммасын алууга укугу жок.
Буга байланыштуу алардын өзүнүн жашоо турмушун өз алдынча тандоосу, жеке потенциалын ишке ашыруу, билим деңгээлин жогорулатуу жана социалдык муктаждыктарын канааттандыруу, анын ичинде турак-жай сатып алуу үчүн жашы жеткен жарандарга мамлекет тарабынан жыл сайын жөлөкпул дайындоо жана төлөө жөнүндө «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилет.
3. Мыйзам долбоорунда каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндө жөнгө салуунун ченемдик базасынын абалы:
-«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
4. Ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбооруна жөнгө салуучу таасирди талдоонун натыйжалары боюнча сунуштар:
-сунушталган долбоор жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт, себеби ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган эмес.
5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжалары боюнча сунуштар:
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн корутундусу (кириш № 6-25608/22, 2022-жылдын 22-декабры) тиркелет;
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн корутундусу (кириш № 6-24772/22, 2022-жылдын 13-декабры) тиркелет.
6. Эгерде андайлар болгон учурда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын натыйжалары боюнча сунуштар:
-Мыйзамдын долбоорун ишке ашырууга алдын ала эсептөөлөр боюнча жылдык кошумча керектөө 10,2 млрд. сомду түзөт.
Ушуга байланыштуу Министрлер Кабинети республикалык бюджеттин каражаттарынын чектелүү шартында мамлекеттик жөлөкпулдун жаңы түрүн берүүгө каражат издеп табуу мүмкүн эмес деп эсептейт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 86-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети сунушталган Мыйзам долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт (2022-жылдын 30-декабрындагы №830 тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу тиркелет).
7. Алар өткөрүлгөн учурда коомдук талкуунун натыйжасы боюнча сунуштар:
-жок.
8. Мыйзам долбооруна карата фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары.
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2023-жылдын 5-апрелиндеги №6-4834/23 корутундусу тиркелет.
9. Комитеттин мүчөсүнүн өзгөчө пикири:
-жок.
10. Комитеттин сунушу:
-Комитеттин мыйзам долбоорунун концепциясы боюнча сын-пикирлери жок.
Баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:
1) «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылсын жана аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине биринчи окууда кабыл алуусу сунушталсын;
2) «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» маселе боюнча баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М. А. Маматалиевге тапшырылсын;
3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышында ушул маселени кароодо Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К. Б. Базарбаев, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Б. Дж. Алиев жана Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Ж. К. Дуйшеева чакырылсын.
Комитеттин төрагасы В. К. Раимбачаева
Мыйзам долбоорунун материалдары.