Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2023-жылдын 10-апрелиндеги «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый-акылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (1-окуу)

11-04-2023
17:49

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин

2023-жылдын 10-апрелиндеги  

 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый-акылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый-акылары жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып (2023-жылдын 16-мартындагы кир. № 6-4062/23) төмөнкүлөрдү белгилейт.

1. Мыйзам долбоордун концепциясы укук колдонуу практикасын эске алуу менен, «Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик сыйлыктары жана  ардак  наамдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын айрым беренелерин өркүндөтүү, мамлекеттик  сыйлыктарга жана аларды берүүгө тийиштүү жаңы мыйзам чыгаруу ченемдери  менен толуктоо, мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды берүүнү демилгелеген мамлекеттик  түзүмдөрдүн санын чектөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын, ардак наамдарынын жана мамлекеттик премиялардын баркын жана беделин жогорулатуу, сыйлануучу адамдардын жоопкерчилигин  жогорулатууга  багытталган.

2. Билдирилген концепцияга мыйзам долбоордун мазмунунун ылайык келиши:

-ылайык келет.

3. Мыйзам долбоорунда каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндө жөнгө салуунун ченемдик базасынын абалы:

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы.

4. Ишкердикти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбооруна жөнгө салуучу таасирди талдоонун натыйжалары боюнча сунуштар:

-талап кылынбайт.

5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжалары боюнча сунуштар:

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Укуктук камсыз кылуу жана ченемдик укуктук актыларды тутумдаштыруу бөлүмүнүн 2023-жылдын 22-мартындагы  кир. № 6-4256/23 корутундусу;

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн 2023-жылдын 30-мартындагы кир.  № 6-4611/23  корутундусу;

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн 2023-жылдын 4-апрелиндеги  кир.  № 6-4799/23  корутундусу.

6. Эгерде андайлар болгон учурда, көзкарандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын натыйжалары боюнча сунуштар:

-жок.

7. Алар өткөрүлгөн учурда коомдук талкуунун натыйжасы боюнча сунуштар:

-жок.

8. Мыйзам долбооруна карата фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары.

-жок.

9. Комитеттин мүчөсүнүн өзгөчө пикири:

-жок.

10. Комитеттин сунушу:

-жок.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

1) «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый-акылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине биринчи окууда кабыл алуусу сунушталсын;

2) Ушул Комитеттин корутундусунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жөнөтүлсүн.

Комитеттин төрагасы                                                                                                                                                      В. К. Раимбачаева

Мыйзам долбоорунун материалдары.