Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин
2023-жылдын 17-апрелиндеги
«Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. У. Жапаров тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып (2023-жылдын 5-апрелиндеги кир. № 6-4870/23), төмөнкүлөрдү белгилейт.
1. Мыйзам долбоорунун концепциясы мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.
2. Билдирилген концепцияга Мыйзам долбоорунун мазмунунун шайкештиги:
-Мыйзам долбоорунун мазмуну билдирилген концепцияга шайкеш келет.
3. Мыйзам долбоорунда каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндөгү жөнгө салуунун ченемдик базасынын абалы:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-“Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-“Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-“Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
4. Ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган Мыйзам долбооруна жөнгө салуу таасирди талдоонун натыйжалары боюнча сунуштар:
-жок.
5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжалары боюнча сунуштар:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн корутундусу (2023-жылдын 14-апрелиндеги кир. № 6-5389/23) тиркелет.
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн корутундусу (кир. № 6-5396/23 2023-жылдын 17-апрелиндеги) тиркелет.
6. Көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын натыйжалары боюнча сунуштар, эгерде алар бар болсо:
-жок.
7. Өткөрүлгөн коомдук талкуулардын жыйынтыгы боюнча сунуштар, алар өткөрүлгөн учурда:
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарына ылайык Мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жайгаштырылган.
8. Мыйзам долбооруна фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары:
-жок.
9. Комитеттин мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири:
-жок.
10. Комитеттин сунуштары:
-Мыйзам долбоорунун концепциясы боюнча Комитеттин сын-пикирлери жана сунуштары жок.
Комитет мыйзам долбоорун талкуулоонун жүрүшүндө Комитеттин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж. Э. Садырбаева тарабынан 15-берененин 11-пунктунун “а” пунктчасындагы “100 000” деген цифралар “200 000” деген цифраларга алмаштырылсын деген сунушу берилди.
Ошондой эле Комитеттин мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж. Э. Садырбаева жана М. К. Алиев тарабынан Мыйзам долбоорунун расмий тилдеги салыштырма таблицасындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин 4-бөлүгүндөгү “Конституционного суда” деген сөздөрдөн кийин “Верховного суда” деген сөздөр алып салынсын деген сунушу берилген.
Ушундай эле Комитет Мыйзам долбоорундагы жана расмий тилдеги салыштырма таблицада 15-беренесинин 17-пунктунда «художника» деген сөздөн кийин «ми» деген сөз «и» деген союзга алмаштырылуусун сунуштайт.
Ошону менен бирге Комитет “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 5-бөлүгүнө көңүл бурууну сунуш кылган.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:
1. “Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын жана аны биринчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.
2. Ушул корутундунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жиберилсин.
Комитеттин төрагасы В. К. Раимбачаева