Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2023-жылдын 17-апрелиндеги «Жаштар жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (2-окуу)

18-04-2023
12:20

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин

2023-жылдын 17-апрелиндеги 

«Жаштар жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2- июнундагы кир. № 6-11047/22 каты) тарабынан демилгеленген «Жаштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Мыйзам долбоору жаштардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруунун таасирдүү механизмдерин белгилөө, ошондой эле “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө” Кыргыз  Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы ченемдерин актуалдаштыруу максатында даярдалган. Мыйзам долбоору колдонуудагы мыйзамдарды инвентаризациялоонун алкагында иштелип чыккан.

Бул Мыйзам анын айрым жоболорун күчтөндүрө турган мыйзам алдындагы актыларды кабыл алуу жолу менен аны натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүн караштырат, аларды практикада ишке ашыруунун тартибин аныктайт.

2022-жылдын 17-октябрында Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети жана 2022-жылдын 19-декабрында Социалдык саясат боюнча Комитети тарабынан каралып жактырылган. Мыйзам долбоору 2022–жылдын 28-декабрындагы  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №800-VII токтому менен биринчи окууда кабыл алынган.

Мыйзам долбоору боюнча жогоруда   көрсөтүлгөн   комитеттердин жана  Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын жүрүшүндө  депутаттар тарабынан бир катар сын-пикирлер  жана  сунуштар айтылып,  ошондой эле  Комитетке  парламенттик угуу өткөрүү сунушталган.

2023-жылдын 30-январында «Жаштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун талкуулоо  боюнча парламенттик угуу өткөрүү тууралуу»  Комитеттин чечими  кабыл  алынган.

2023-жылдын 14-февралында Комитет тарабынан Парламенттик угуулар өткөрүлгөн. Парламенттик угуулардын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан мыйзам долбоору боюнча сын-пикирлер жана сунуштар берилген. Ошону менен бирге, катышуучулар долбоордо декларативдик ченемдер басымдуулук кылгандыгын белгилешип, долбоордо мамлекеттик жаштар саясатын каржылык камсыз кылуу боюнча, жаштардын демилгелерине дем берүү боюнча; Кыргыз Республикасында мамлекеттик жаштар саясаты жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ыйгарым укуктары боюнча; жаш үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча, жаштардын саламаттыгын сактоо жаатындагы чаралар боюнча жана алардын сергек жашоо образына көмөк көрсөтүү боюнча; жаштарды руханий-адеп-ахлактык, жарандык жана мекенчилдик тарбиялоо боюнча, жаштарга билим берүү жана маданий өнүктүрүү боюнча конкреттештирүүчү ченемдер жок экендигин айтышткан.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө»   Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Комитетке Жогорку Кеңештин депутаттары  Б. К. Чойбеков,  Д. А. Джумабеков, Исатбек кызы А., Н. Я.Алимжанова, Э. Н. Сулаймановдон жазуу жүзүндө сунуштары келип түшкөн (сунуштар тиркелет).

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаттарынын  жана  парламенттик угуулардын катышуучуларынын бардык сунуштары Комитет тарабынан Мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоодо эске алынган (түзөтүүлөр таблицасы тиркелет).

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкү корутундуга келди:

I. “Жаштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын жана аны экинчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Комитеттин төмөнкү сунуштарын эске алуу менен сунушталсын (мыйзам долбоорунун тексти тиркелет):

Мыйзам долбоорунун мамлекеттик тилдеги жалпы текстинде «система» деген сөз «тутум» деген сөз менен алмаштырылсын. 

1. 1-беренеде “, жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын илгерилетүү менен байланышкан коомдук мамилелерди” деген сөздөр “менен байланышкан коомдук мамилелерди жана жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону” деген сөздөргө алмаштырылсын.

2.  2-беренеде

1-пунктта:

-расмий тилдеги текстте “максаты” деген сөздөн кийин “жаштар” деген сөз менен толукталсын;

-“жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруу жана илгерилетүү,” деген сөздөр алып салынсын.

2-пунктун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“2. Ушул Мыйзамдын максатын ишке ашыруу төмөнкү милдеттерди аткаруу  менен  камсыз кылынат:

1) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жаштарды жана аялуу топторду (турмуштук оор кырдаалга кабылган жаштарды, жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды) мамлекеттин ишинин бардык чөйрөсүнө жаштарды тартуу үчүн бирдей шарттарды түзүү;:

2-пункттун 2-пунктчасында “ушул Мыйзамда каралган” деген сөздөр алып салынсын.

2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 6, 7, 8, 9-подпункттар менен толукталсын:

“6) жаштар чөйрөсүндө улуттар аралык (этностор аралык) жана конфессиялар аралык ынтымактын чыңдоо;

7) экстремизмдин, улутчулдуктун идеологиясына, коррупциянын көрүнүштөрүнө, социалдык, диний, расалык, улуттук таандыктыгынын белгилери жана башка терс социалдык көрүнүштөр боюнча басмырлоого каршы турууга мүмкүндүк берүүчү адеп-ахлактык принциптердин тутумун калыптандыруу;

8) үй-бүлөлүк мамилелердин маданиятын калыптандыруу жана жаш үй-бүлөлөрдү колдоо;

9) сергек жашоо образын пропагандалоо.».

3. 3-беренеде:

аталышында “илгерилетүүнүн” деген сөз “коргоонун” деген сөзгө алмаштырылсын.

биринчи абзацта “илгерилетүү” деген сөз “коргоо” деген сөзгө алмаштырылсын.

5-пунктта:

«эки жыныстагы жаштарды,» деген сөздөр алынып салынсын.

6-пунктта:

«эки жыныстагы» деген сөздөр алынып салынсын.

төмөнкүдөй мазмундагы 8, 9-пункттар менен толукталсын:

“8) жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсү;

9) жаштар саясатын калыптандырууга жана ишке ашырууга жаштардын, жаш үй-бүлөлөрдүн, жаштардын коомдук бирикмелеринин милдеттүү катышуусу.».

4. 4-беренеде:

2, 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын

“2) “жаш үй-бүлө - жубайлардын ар биринин курагы 35 жаштан ашпаган үй-бүлө, же болбосо бир жана көп баласы бар, жашы 35 жаштан ашпаган бир жаш атадан же энеден турган толук эмес үй-бүлө;”

6) “жаштар ишкердиги - жаштардын ишкердик ой жүгүртүүсүн, ишкердик ишке жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, жаштардын потенциалын ишке ашырууга, жаш ишкерлердин рыноктук мамилелерге кирүүсүнүн баштапкы шарттарын жеңилдетүүгө багытталган комплекстүү чаралардын тутуму;”

7-пунктта «30» деген цифралар «35» деген цифраларга алмаштырылсын;

8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«8) жаш ишкер – ишкердик иш менен алектенген 35 жашка чейинки курактагы адам;»;

9-пунктта «көндүмдөрдү» деген сөздөн кийин «алуу мүмкүнчүлүктөрү» деген сөздөр менен толукталсын.

5. Мыйзам долбоору төмөнкүдөй мазмундагы 5, 6, 7-беренелер менен толукталсын:

“5-берене. Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишинин негизги багыттары негизги багыттары

1. Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишинин негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) жарандуулукка, атуулдукка, салттарын улантуучулукка, тарыхый, улуттук жана башка салттарды урматтоого тарбиялоо;

2) жаштар чөйрөсүндө улуттар аралык (этностор аралык) жана конфессиялар аралык ынтымакты камсыз кылуу, жаштар бирикмелеринин ишинде экстремизмдин көрүнүштөрүнүн алдын алуу жана болотурбоо;

3) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жаштарды жана жаштардын аярлуу топторун (турмуштук оор кырдаалга кабылган жаштарды, жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды) колдоо;

4) жаштардын демилгелерин колдоо жана жаштарды колдоого багытталган коомдук иштерге көмөктөшүү;

5) жаштардын бош убактысын, эс алуусун, ден соолуктарын чыңдоосун уюштуруу, дене тарбия, спорт менен машыгуу үчүн шарттарды түзүү, жаштардын сергек жашоо образына көмөктөшүү;

6) жаштардын, жаш үй-бүлөлөрдүн турак жай көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүү;

7) жаштардын волонтердук ишин өнүктүрүү;

8) жаштардын ишкердик ишин колдоо жана көмөктөшүү

9) жаштар саясаты чөйрөсүндө эл аралык кызматташууга көмөктөшүү

10) жаштардын руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарын чыңдоого багытталган билим берүү ишиндеги, спорттогу, маданияттагы жетишкендиктерди түзүү жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жайылтуу боюнча иштерди колдоо.

6-берене. Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары

Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

1) жаштар саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

2) жаштар саясаты чөйрөсүндөгү негизги багыттар боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

3) жаштар саясатын ишке ашырууну уюштуруу жана мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу;

4) Кыргыз Республикасындагы жаштардын абалы жөнүндө ар жылдык баяндаманы даярдоо;

5) Ушул Мыйзамга ылайык анын карамагына кирген жаштар саясаты чөйрөсүндөгү башка ыйгарым укуктар.

7-берене. Жаштар саясатын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү

1. Жаштар саясатын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү Кыргыз Республикасындагы жаштардын, жаш үй-бүлөлөрдүн жана жаштардын коомдук бирикмелеринин абалы жөнүндө, жаштар арасында улуттар аралык ынтымакты камсыз кылуу жөнүндө, жаштардын экстремисттик бирикмелеринин түзүлүшүн жана экстремизм идеологиясынын башка көрүнүштөрүн алдын алуу жөнүндө маалыматты чогултуу, жалпылоо, талдоо жана баа берүү боюнча тутумдуу, комплекстүү жана пландуу ишти билдирет.

2. Жаштар саясатын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырылат:

1) жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органы тарабынан.

3. Жаштар саясатын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн  жыйынтыктары  ар жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жиберилет (мындан ары - Министрлер Кабинети).

5, 6, 7-беренелер 8, 9, 10 деп, жана андан аркылары номерлөө боюнча эсептелсин.

6. 5-беренеде:

-5 берененин аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:

“8-берене. Жаштар саясатын калыптандыруу, ишке ашыруу жана жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсү”.

-5-берененин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1. Жаштар саясатын калыптандыруу, ишке ашыруу жана жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз кызматташтыкта мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат, алардын өз ара аракеттенүүсүнүн типтүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.”.

7. 6-беренеде:

2-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“2) «ишкердикти колдоонун мамлекеттик кепилдиктерин ишке ашырууга жаш адистерди жана жаш ишкерлерди паритеттик негизде тартуу;”;

2-пунктунун 7-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:

“7) социалдык тапшырыктын алкагында жаштардын стартап-долбоорлорун жана демилгелерин  мамлекеттик колдоо;”;

5-пунктунун 1-пунктчасында «ичинен калктын» деген сөздөр алынып салынсын.

8. 7-беренеде: биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Жаштардын көндүмдөрүн жана потенциалын өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоону мамлекеттик органдар, кызмат адамдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алардын компетенцияларынын алкагында жүзөгө ашырылат:”;

2-пунктта «эки жыныстагы» деген сөздөр алып салынсын;

6-пунктта “жаштардын” деген сөздөрдөн кийин “(ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана аялуу топтордун)” деген сөздөр менен толукталсын.

7-пункт  төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“7) жаш окумуштууларга, маданият, искусство жана билим берүү, иштөө шарттарын түзүү, алардын иштеп чыгууларын практикалык ишке киргизүүгө, ошондой эле жаштардын ичинен интеллектуалдык кадрдык ресурстарын сактоого жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү;”;

9-пунктта «аялуу жаштарды” деген сөздөр “аялуу жаштардын тобун” деген сөздөргө алмаштырылсын;

11-пунктта “жумуш ордунда” деген сөздөр алып салынсын.

9. 8-берененин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“2. Мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген жаштар саясаты маселелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдер жана ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамдарынын ченемдерине ылайык улуттук мыйзамдарга имплементацияланууга тийиш.”.

10. 9-берененин 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“4. Жаштар саясаты чөйрөсүндө мамлекеттик жана муниципалдык программаларды иштеп чыгууга жаштар уюмдары, жаштар, ошондой эле жаштар саясатын ишке ашыруу менен байланышкан жеке жана юридикалык жактар тартылат.”;

11. 10-беренеде:

1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

“6) жаштар жана эл аралык жаштар форумдарын, ошондой эле жаштар саясаты жаатындагы башка иш-чараларды уюштуруу, өткөрүү жана аларга катышуу.”.

3-бөлүктө “жаштар уюмдарынын” деген сөздөрдөн кийин “жана саясий партиялардын жаштар канатынын” деген сөздөр менен толукталсын;

4-бөлүктө « тиешелүү түрдө » деген сөз алып салынсын.

6-бөлүктө “жаштардын” деген сөздөрдөн кийин “(ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана аярлуу топтордун)” деген сөздөр менен толукталсын.

12. 12-берененин 1-пунктунун 3-подпунктчасында “эки жыныстагы адамдар үчүн” деген сөздөр алып салынсын.

13. 13-беренеде “типтүү” деген сөз алып салынсын.

14. Мыйзам долбоору төмөнкүдөй мазмундагы 17-берене менен толукталсын:

17-берене. Жаштарды сыйлоо

1. Ч. Т. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы - жаштарды атуулдукка жана жаратмандыкка, салттуу руханий, адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарды, өнүктүрүүгө жана сактоого, гуманизмге жана жаш муундардын рухий-дене тарбия принциптерин чыңдоого тарбиялоочу чыгармаларды жараткандыгы үчүн жаштарга ыйгарылат.

Ч. Т. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга чыгармаларды, иштерди жана материалдарды көрсөтүү, кабыл алуу жана кароо тартиби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

2. «Жаштар саясатынын отличниги» төш белгиси менен жаштар саясатын ишке ашырууга, жаштардын кызыкчылыктарын колдоого жана коргоого кошкон олуттуу салымы үчүн Кыргыз Республикасынын жаш жарандары жана чет өлкөлүк жарандары сыйланышат.

 «Жаштар саясатынын Отличниги» төш белгиси менен сыйлоонун тартиби жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

3. Жылдын жыйынтыгы боюнча жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ведомстволук сыйлыктар менен тиешелүү жылга мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашырууга олуттуу салым кошкон жарандар жана уюмдар сыйланат».

15. Мыйзам долбоору төмөнкүдөй мазмундагы 18, 19, 20, 21, 22-беренелер менен толукталсын:

18-берене.  Жаштардын дүйнө таанымын калыптандыруу

Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жаштарга тарбия, билим берүү, инсандыкка маданияттын таасири, ой жүгүртүүсүн кеңейтүү үчүн иш чараларды уюштуруу, алардын маданий тажрыйбасын жана дүйнө таанымынын калыптандырууга оң таасир көрсөтүү маселелерин жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык түйүндөрүндө чагылдыруу жолу аркылуу жаштардын  дүйнө таанымын калыптандыруу боюнча иш жүргүзөт.

19-берене. Жаш үй-бүлөлөрдү колдоо

1. Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, башка аткаруу органдары жана  коммерциялык эмес уюмдар төмөнкүдөй иш алып барат:

-жаш ата-энелер үчүн семинарларды жана конференцияларды өткөрүү боюнча;

- ата-энелердин жана үй-бүлөлүк турмуштун ар кандай аспекттерин чагылдыруучу жаш ата-энелер үчүн маалыматтык материалдарды жана брошюраларды иштеп чыгуу  боюнча.

2. Ата-энелердин жана үй-бүлөлүк турмуштун ар кандай аспектилерин чагылдыруучу жаш ата-энелер үчүн окуу программаларын жана курстарды иштеп чыгуу жана өткөрүү жөнүндө жобо Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

20-берене. Таланттуу жаштарды колдоо

1. Коомдун интеллектуалдык жана чыгармачылык потенциалын сактоо жана өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын илимий жана маданий салттарынын улантууну камсыз кылуу максатында таланттуу жаштарды колдоо боюнча чаралардын тутуму жүзөгө ашырылат.

2. Таланттуу жаштарды мамлекеттик колдоо төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:

1) мамлекеттик, муниципалдык, энчилүү стипендияларды, сыйлыктарды белгилөө, билим берүү гранттарын берүү;

2) илимдин, маданияттын, искусствонун жана спорттун көрүнүктүү ишмерлеринин билимин, тажрыйбасын улантууну камсыз кылуучу шарттарды түзүүгө көмөктөшүү; чыгармачылык устаканаларды, мектептерди жана башка мекемелерди уюштуруу;

3) борборлорду, билим берүү уюмдарын, спорттук мектептерди жана клубдарды түзүү жана өнүктүрүү;

4) олимпиадаларды, конкурстарды, көргөзмөлөрдү, фестивалдарды, кароолорду, симпозиумдарды, конференцияларды жана башка коомдук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;

5) окутуунун, кайра даярдоонун жана такшалманын улуттук жана эл аралык программаларына конкурстук негизде жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.

21-берене. Мамлекеттик жаштар саясатын каржылык камсыз кылуу

1. Мамлекеттик жаштар саясаты төмөнкүлөрдүн эсебинен каржыланат:

1) Республикалык бюджеттин каражаттарынан, ошондой эле мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашырууга катышуу үчүн каралган жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан;

2) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан.

2. Мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруунун алкагында жаштар демилгелерин каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мамлекеттик социалдык тапшырык аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

22-берене Кыргыз Республикасынын жаштар кыймылы

1. Коомдун өнүгүшүнө жана бакубаттуулугуна өз салымын кошо ала турган жигердүү жана жоопкерчиликтүү жаштарды бириктирүү максатында Кыргыз Республикасынын жаштар кыймылы иштейт.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жаштар кыймылынын ишинин укуктук абалын, максаттарын, уюштуруу негиздерин аныктайт.

3. Кыймыл-бул төмөнкү максаттарды көздөгөн ыктыярдуу кыймыл болуп саналат:

1) жаштардын кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө көмөктөшүү;

2) жаштарды тарбиялоого, аларга кесиптик багыт берүүгө, жаштардын эс алуусун уюштурууга көмөктөшүү;

3) жаштардын ар тараптуу өнүгүүсү жана өзүн-өзү ишке ашыруусу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;

4) салттуу руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктардын негизинде алардын дүйнө таанымын калыптандырууну кошкондо, жаштарды коомдо толук кандуу жашоого даярдоо.».

16. 14-беренеде:

Берененин аталышында “14” деген цифралар “23” деген цифраларга алмаштырылсын;

14-берененин 2-пунктунда ““Эркин-Тоо” гезити, 2009-жылдын 14-августу № 72” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7 766-ст.” деген сөздөргө алмаштырылсын.”.

II. Бул Мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В. К. Раимбачаева баяндамачы болуп аныкталсын.

III. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отурумуна бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А. А. Максутов жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары  М. Т. Тагаев чакырылсын.

Комитеттин төрагасы                                                                                                                                                                                                 В. К. Раимбачаева

Мыйзам долбоорунун материалдары.