Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2023-жылдын 22-майындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбооруна карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (3-окуу)

23-05-2023
14:37

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин

2023-жылдын 22-майындагы

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбооруна карата

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 28-сентябрындагы кир. № 6-19218/22) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 1097-VII токтомун карап чыгып, Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин колдонуунун укуктук негиздерин түзүүгө жана мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууга иштелип чыккандыгын белгилейт.

Мыйзам долбоорун үчүнчү окууга даярдоонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д. Д. Бекешевден, Г. А. Кожокуловадан жана Н.А. Нарматовадан жазуу жүзүндө сунуштар келип түшкөн.

Аталган депутаттарын сунуштарын Комитет кароосуз калтырды, анткени “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык жооптуу комитет мыйзам долбоорун үчүнчү окууга даярдоонун жүрүшүндө Аппараттын тиешелүү бөлүмдөрү менен бирдикте экинчи окууда кабыл алынган түзөтүүлөрдү эске алуу менен, грамматикалык каталарды табуу жана жоюу, стилистикалык мүнөздөгү кемчиликтерди оңдоп мыйзам долбоорунун мамлекеттик жана расмий тилдердеги акыркы тексттерин даярдайт.

Мыйзам долбоорун үчүнчү окууга даярдоонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү менен биргеликте техникалык жана редакциялык өзгөртүүлөр киргизилди.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

1. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жактырылсын жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.

2. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору боюнча баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В. К. Раимбачаевага тапшырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Орозобекова Ж. К., Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Ж. К. Дүйшеева, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри К. К. Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А. А. Максутов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Р. Т. Керимбаева ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйналышына чакырылсын.

Комитеттин төрагасы                                                                                                                                                В. К. Раимбачаева

Мыйзам долбоорунун материалдары.