Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин
2023-жылдын 22-майындагы
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Тышкы миграциясы жөнүндө, «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк граждандардын укуктук абалы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. У. Жапаров тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 17-июнундагы кир. № 6-12772/22) 2023-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан экинчи окууда кабыл алынган (2023-жылдын 19-апрелиндеги №1099-VII токтому) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Тышкы миграциясы жөнүндө, “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк граждандардын укуктук абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, аталган мыйзам долбоорунун максаты, 2021-жылдын 11-апрелиндеги жалпы элдик добуш берүү менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясына шайкеш келтирүү жана миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдардагы боштуктарды жана карама-каршылыктарды жоюу болуп саналат.
Мыйзам долбоорун кароонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышында мыйзам долбоорду экинчи окууда “Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк граждандардын укуктук абалы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын мамлекеттик тилдеги текстине төмөнкүдөй сунуштар келип түштү:
Аталышында жана текстинде ар кандай жөндөмө формаларындагы “граждандар” жана “гражданин”, “граждандыгы” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “жарандар” жана “жаран”, “жарандыгы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
Мыйзам долбоорун үчүнчү окууга даярдоонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү менен биргеликте техникалык жана редакциялык өзгөртүүлөр киргизилди.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келди:
1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Тышкы миграциясы жөнүндө, “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк граждандардын укуктук абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине аны үчүнчү окууда кабыл алуу сунушталсын (тиркелет).
2. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Тышкы миграциясы жөнүндө, “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк граждандардын укуктук абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө баяндоочу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В. К. Раимбачаевага тапшырылсын.
3. Ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министри, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара кызматынын директору чакырылсын.
Комитеттин төрагасы В. К. Раимбачаева