Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин
2023-жылдын 22-майындагы
“Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору карата
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 19-апрелинде (2023-жылдын 19-апрелиндеги № 1098-VII токтом) экинчи окууда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаров тарабынан (2022-жылдын 22-июнундагы кир. № 6-13368/22) демилгеленген, “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүлөрдү белгилейт, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык, ошондой эле бланкеттик жана коррупциялык ченемдерин четтетүү үчүн “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына дал келтирүү максатында иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышында мыйзам долбоорун экинчи окууда кароонун жүрүшүндө редакциялык мүнөздөгү сын пикирлер жана сунуштар түшкөн жок.
Жогорку Кеңештин Аппаратынын тиешелүү бөлүмү менен биргеликте мыйзам долбоорун үчүнчү окууга даярдоонун жүрүшүндө техникалык жана редакциялык мүнөздөгү өзгөртүүлөр киргизилди.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келди:
1. “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын (тиркелет).
2. Ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В. К. Раимбачаева баяндамачы деп аныкталсын.
3. Ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары, Бишкек шаарынын вице-мэри чакырылсын.
Комитеттин төрагасы В. К. Раимбачаева
Мыйзам долбоорунун материалдары.